МыйзамКүчүндө

КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция30.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 30-июлу № 168

 

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;".

2. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкка таасир этүүнүн күтүлгөн натыйжаларына баа берүүнү;".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев