КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 171
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) чогулуштарды өткөрүүдө жарандардын курал алып жүрүүсүнө, алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында курал алып жүрүүсүнө, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук продукцияны сатуучу коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүсүнө;".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 377-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 378-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн алты" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"Алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында адам ок атуучу курал алып жүрсө, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, ага тете кызмат адамы тарабынан жасалса, -
эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок ок атуучу курал сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга келет.
Эскертүү: Алкоголдук, баңги каражаттары, психотроптук же болбосо башка акылдан ажыратуучу заттарга мас болуу абалын белгилөө үчүн күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. 379-статьянын экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 380-статьянын экинчи абзацында "эки" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 381-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 382-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |