Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 174
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын "Коргоо жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статьянын 1-пунктунда "Коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы болуу менен:
1) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын максаттарын жана милдеттерин аныктайт;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коет;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына агрессия жасалганда эле түздөн-түз агрессия коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана токтоосуз бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым
укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
1) мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны мыйзамдык жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы эл аралык келишимдерди ратификациялайт же денонсациялайт;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизация, аскер абалын, согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.".
4. 6-статьяда:
1-пунктунда:
- 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) мобилизация жана аскер абалын киргизүү жарыялоо менен колдонулууга киргизилүүгө жаткан, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;";
- 8-пунктчада "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларында (келишимдеринде)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктчада "Кыргыз Республикасынын" жана "(макулдашууларын)" деген сөздөр алып салынсын; "келишимдерин" деген сөз "келишимдерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 16-пунктчада "белгилейт" деген сөз "белгилейт, чечим кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
"20) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашып иштешин жана өз ара аракетгенүүсүн камсыз кылат.".
5. 7-статьяда:
статьянын аталышында "борбордук" деген сөз алып салынсын;
1-пунктунда:
биринчи абзацында "1. Аткаруу бийлигинин борбордук органдары" деген сөздөр "Аткаруу бийлигинин органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;".
6. 8-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;".
7. 11-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, атайын түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана аймагын уюштуруу жана мобилизациялык даярдыгынын жана мобилизациялоонун тартиби ушул Мыйзамда жана мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.".
8. 13-статьянын 3-пунктунда "мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 17-статьяда "Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде" деген сөздөр "аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 20-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацында "же биринчи же экинчи топтогу майыптар болуп саналган" деген сөздөр "же I жана II топтогу майыптыгы белгиленген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 24-статьянын 1-пунктунда ", Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскердик милдеттүүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына" деген сөздөр "жана аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |