Загрузка документа…
Бишкек шаары 1998-жылдын 30-сентябры № 125
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча мамле- кеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары жана мил- деттери III бөлүм. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча Кыргыз Республикасынын ишканаларынын жана граждандарынын мил- деттери IV бөлүм. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мобилизациялык даярдыгы жана мобилизацияга тартылышы V бөлүм. Кыргыз Республикасынын граждандарын мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу VI бөлүм. Мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде Кыргыз Рес- публикасынын аскерге милдеттүү граждандарын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калты- руу (брондоо) VII бөлүм. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын укуктук негиздерин жана аны уюштурууну аныктайт, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, жетекчилердин жана жарандардын ушул жааттагы укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт. (Преамбула Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: 1) согуштук-транспорттук милдет - мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү транспорттук каражаттар жана мүлк менен өз учурунда, толук кандуу камсыз кылуу үчүн белгиленүүчү Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын курамдык бөлүгү; 2) мобилизациялоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилинин уюмуна жана курамына, ал эми Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын аймагын согуш мезгилинин шарттары боюнча иштөөгө которуу боюнча иш-чаралардын комплекси; 3) мобилизациялык даярдоо - мамлекетти куралдуу кол салуудан коргоону жана согуш мезгилинде мамлекеттин биринчи кезектеги керектөөлөрүн жана калктын муктаждыгын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо боюнча тынчтык мезгилинде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси; 4) экономиканы мобилизациялык даярдоо - согуш мезгилинин шартында Куралдуу Күчтөрдүн керектөөлөрүн, мамлекеттин жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында тынчтык мезгилинде экономиканы күн мурунтан даярдоо боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар комплекси; 5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү мобилизациялык даярдоо - тынчтык жана согуш мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана башкаруу органдарынын, аскерлердин, күчтөрдүн жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын, мобилизациялык ресурстардын жана запастагылардын дайыма күжүрмөн даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылууга багытталган иш-чаралар тутуму; 6) мобилизациялык ресурстар - Кыргыз Республикасынын аймагында мобилизациялоону жүргүзүүнү туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон адам, транспорт жана материалдык ресурстар; 7) мобилизациялык кубаттуулуктар - мобилизациялоо заказдарын аткарууга багытталган өндүрүштүк аянттар, технологиялык жабдуу, инженердик-техникалык жана башка документация; 8) мобилизациялык резерв - мамлекеттик материалдык резервдин курамдык бөлүгү болуп саналган, мобилизациялоодо, согуштук абалда жана согуш мезгилинде мобилизациялык заказдарды аткаруу үчүн зарыл болгон жана кезектеги өндүрүштүк иште мобилизациялоо заказы бар уюмдар тарабынан пайдаланылбаган адам, транспорт ресурстарынын жана материалдык баалуулуктардын чектелген номенклатура боюнча запасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрү үчүн материалдык-техникалык каражаттар; 9) мобилизациялык тапшырма - мобилизациялоо жана согуш мезгилинде мамлекеттин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча маселени чечүүгө багытталган иш-чараларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга тапшырма; 10) мобилизациялык заказ - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга мобилизациялоо учурунда жана согуш мезгилинде белгилүү бир номенклатуранын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) өндүрүүгө мамлекеттик заказ; 11) мобилизациялык план - өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды согуш мезгилинин шарттарындагы иш режимине өткөрүү боюнча, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилине уюштурууга жана курамга өткөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мазмунун, көлөмүн, тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу мамлекеттик документ; 12) мобилизациялык органдар - штаттык бөлүктөр же мобилизациялоо тапшырмалары бар мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы, уюмдардагы жана ишканалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) иштин көлөмүнө жараша атайын дайындалган кызматкерлер; 13) мобилизациялык даярдык - Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн, уюмдардын же мекемелердин согуш мезгилинин штаттарына жана керектөөлөрүнө чейин алардын мобилизациялык жайгаштырууну уюшкандык менен, белгиленген мөөнөттө, жашыруун жүзөгө ашыруу жөндөмүн мүнөздөөчү абалы; 14) мобилизациялык жайгаштыруу - Куралдуу Күчтөрдү согушка жөндөмдүү абалга келтирүүнүн жана күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди түзүүнүн тутумдук бөлүгү; 15) мобилизацияга тартуу - Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарын, кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн согуш мезгилине карата уюшулушуна жана курамына которуу боюнча иш-чаралардын комплекси; 16) камсыздандыруу запасы - мамлекеттик органдардын чечими боюнча түзүлүүчү мобилизациялык багыттагы объекттер, мобилизациялык кубаттуулуктар, учурдагы өндүрүштө консервацияланган жана пайдаланылбаган мобилизациялык запастардын (резервдердин) бардык түрү жана мобилизациялык багыттагы башка мүлк; 17) ыктыярдуу резервдик отряд - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия учурунда, куралдуу чыр-чатактар (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жарактарды жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялоону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан Кыргыз Республикасынын жаш курагы чектелбеген категориядагы жарандарынын ичинен түзүлүүчү согуштук убактылуу түзүлүш; 18) резервдик түзүлүштөр - түздөн-түз коркунуч, согуштук агрессия мезгилинде, куралдуу чыр-чатак (согуштук инцидент, согуштук акциялар жана курал-жаракты жана согуш техникаларын пайдалануу менен башка согуштук кагылышуулар) жаралганда мобилизациялооону, согуштук абалды жана согуштук кырдаалды жарыялабастан, аймакты коргоо, кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын айрым участокторун коргоо милдеттерин чечүү үчүн тынч жана согуш учурунда түзүлөт; 19) атайын түзүлүштөр - министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, түрдүү деңгээлдеги мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын көбөйтүү, ошондой эле мобилизациялоону жарыялаганда, өзгөчө, согуштук абал режими киргизилгенде каралган иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруу жана аткарылышын камсыз кылуу, кризистик (өзгөчө) кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жеңип өтүү, ошондой эле экономиканы согуш мезгилинин шарттарындагы жана мыйзамдарда аныкталуучу башка учурлардагы ишке өткөрүү үчүн түзүлүүчү түзүмдөр. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча иш-чаралардын мазмуну
1. Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация ушул Мыйзамга, коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт жана мамлекетти коргоону уюштуруунун курамдык бөлүгү болуп саналат. 2. Мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын негизги принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат: 1) пландаштырылган мобилизациялык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө борбордук жетекчилик; 2) мобилизациялык иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн алдын-ала, пландуу жасалышы, көзөмөлгө алынышы; 3) тармактык жана аймактык мобилизациялык иш-чаралардын комплекстүүлүгү жана өз ара макулдашылгандыгы. 3. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча иш-чаралардын мазмунуна төмөнкүлөр кирет: 1) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында ченемдик укуктук жөнгө салуу; 2) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шартын аныктоо жана аларды ишке даярдоо; 3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизацияга даярдоо; 4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде толуктоо үчүн аскердик-каттоодогу адистиктер боюнча жарандары даярдоо; 5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана атайын түзүлүштөрдүн запасында (резервде) турган жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди жана квалификациялуу жумушчулар менен кызматчыларды (мындан ары - аскерге милдеттүүлөр деп аталышат) мобилизация мезгилинде алардын ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтыруу (брондоо); 6) Кыргыз Республикасынын экономикасын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизация пландарын иштеп чыгуу; 7) Кыргыз Республикасынын экономикасын, аймагын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды мобилизация учурундагы жана согуш мезгилиндеги ишке даярдоо; 8) куралдарга жана аскер техникасына, эң маанилүү жарандык продукцияга документтерди камсыздандыруу фондун, ошондой эле өтө тобокел объекттерге, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу тутумунун объекттерине жана улуттук кенч болуп саналган объекттерге долбоордук документтерди түзүү жана сактоо; 9) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана атайын түзүлүштөргө мобилизацияга арналган өздүк курамды жана техниканы даярдоо; 10) Кыргыз Республикасынын экономикасын, Куралдуу Күчтөрүн жана атайын түзүлүштөрдү мобилизациялык жайгаштыруу жана мобилизациялык пландарды аткаруу боюнча аскердик-экономикалык жана командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү; 11) мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерде жана мамлекеттик бөксөрбөс запаста материалдык каражаттарды түзүү, топтоо жана сактоо; 12) Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгынын абалына баа берүү; 13) мобилизациялык органдардын кызматерлеринин квалификациясын жогорулатуу; 14) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны илимий жана методикалык жактан камсыз кылуу; 15) мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча милдеттерди чечүү таламындагы эл аралык кызматташтык; 16) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын согуштук абалга которуу; 17) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана атайын түзүлүштөрдө мобилизация өткөрүү; 18) Кыргыз Республикасынын экономикасын, аймагын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды аскер абалына которуу боюнча иштер; 19) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде калкты азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен ченемдүү жабдууну, аларды медициналык жактан тейлөөнү жана байланыш каражаттары жана транспорт каражаттары менен камсыздоону даярдоо жана уюштуруу; 20) мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдарды башкаруунун запастык пункттарын белгиленген тартипте түзүү жана көрсөтүлгөн пункттарды согуш мезгилиндеги шарттарда иштөөгө даярдоо; 21) массалык маалымат каражаттарын мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде иштөөгө даярдоо; 22) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда аскердик эсепке алууну уюштуруу. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын укуктук негиздери
Мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылары болуп саналат.
II бөлүм. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери
4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп туруп: 1) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; 2) Кыргыз Республикасына карата агрессия жасалганда же агрессиянын түздөн-түз коркунучу жаралган учурда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна токтоосуз киргизет; 3) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн мобилизациялык жайгаштырылыш схемасын, Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоо планын бекитет; 4) Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоого жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат; 5) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоонун жана мобилизациялоонун максаттарын жана милдеттерин аныктайт; 6) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт; 7) аткаруу бийлигинин органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы ыйгарым укуктарын аныктайт, алардын ишине жетекчилик кылат; 8) мамлекеттик бийлик органдарынын мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы макулдашып иштешин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат; 9) мобилизациялоо жарыяланганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн согуш мезгилине уюшулушуна жана курамына өткөрүү, ошондой эле атайын түзүлүштөрдү жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө контролду жүзөгө ашырат; 10) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын коргоо, жарандардын аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар, согуштук абал жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши: 1) мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны мыйзамдык жөнгө салууну жүзөгө ашырат; 2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы эл аралык келишимдерди ратификациялайт же денонсациялайт; 3) жалпы же жарым-жартылай мобилизация, аскер абалын, согуш абалын жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: 1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялык жайгаштыруу планын иштеп чыгууну координациялайт, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, материалдык-техникалык ресурстардын заказдарын (тапшырмаларды) камсыз кылуу тартибин белгилейт; 2) согуш мезгилине менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын заказдарды (тапшырмаларды) аткаруусуна келишимдерди (контракттарды) түзүү тартибин белгилейт; 3) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо менен байланышкан иш-чараларды каржылоо тартибин жана булактарын аныктайт; 4) республикалык бюджеттен мобилизациялык даярдоого каражат бөлүү жана менчигинин түрүнө карабастан, мобилизациялык даярдоо боюнча иш аткарган юридикалык жактарга экономикалык жана башка жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды түзөт; 5) мобилизациялоону жарыялоо жана согуш абалын киргизүү менен колдонулууга киргизилүүгө жаткан, ошондой эле мобилизациялык даярдык маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат; 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерде камтылган милдеттенмелердин аткарылышын уюштурат; 7) калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууну уюштурат, заказдарды (тапшырмаларды) материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу тартибин белгилейт; 8) мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алат; 9) Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоону илимий жана методикалык жактан камсыз кылууну уюштурат; 10) өз ыйгарым укуктарынын чегинде мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат; 11) мобилизациялык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурат; 12) мобилизациялык даярдыкка контроль жүргүзөт, тийиштүү статистикалык отчеттуулуктун тартибин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгынын деңгээлине баа берет жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине ар жыл сайын баяндайт; 13) мобилизациялоо жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын экономикасын согуш абалынын шарттарында иштөөгө которуу жөнүндөгү чечимдерди аткарууну уюштурат; 14) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда брондоо боюнча иштин тартибин белгилейт жана аны жүргүзүүнү уюштурат; 15) Кыргыз Республикасынын экономикасында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана аскердик (атайын) түзүлүштөрдө мобилизациялык жайгаштыруу жана мобилизациялык иш-чараларды аткаруу боюнча аскердик-экономикалык жана командалык-штабдык окууларды (машыгууларды) өткөрүүнү уюштурат; 16) мобилизациялык, мамлекеттик резервдерде жана мамлекеттик бөксөрбөс запаста материалдык каражаттарды топтоо, жаңыртуу жана пайдалануу тартибин аныктайт; 17) курал буюмдарынын жана аскер техникасынын, маанилүү граждандык продукциянын, ошондой эле опурталдуу делинген, калктын жашоо турмушун камсыз кылуу тутумунун объекттеринин жана улуттук кенч болуп саналган объекттердин долбоордук документтерине документтердин камсыздандыруу фондун түзүү, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттери (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Аткаруу бийлигинин органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде: 1) мобилизациялык даярдык жана мобилизация үчүн жоопкерчиликтүү болушат; 2) мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды каржылоонун зарыл болгон көлөмдөрүн аныктайт; 3) менчигинин түрүнө карабай юридикалык жактардын мобилизациялык даярдыгын уюштурат жана жетекчилик кылат; 4) экономиканын мобилизациялык пландарын аткарууга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт; 5) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат; 6) мобилизация жарыялоодо ишканаларды согуш абалындагы шартта иштөөгө которуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү уюштурат; 7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мобилизациялык даярдык жана мобилизация тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизет; 8) тынчтык мезгилде жана мобилизация жарыялоо учурунда аскер комиссариаттарынын ишин камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.
8-статья. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын милдеттери
1. Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде: 1) тийиштүү аймактардын, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан өздөрүнүн иш чөйрөсүндө турган юридикалык жактардын мобилизациялык даярдыгынын абалы үчүн жоопкерчиликтүү болушат; 2) мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат; 3) тийиштүү аймактын чегинде мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт; 4) экономиканын мобилизация планынын аткарылышын даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт, аскер комиссариаттарынын тынч мезгилдеги жана мобилизация жарыялоодогу ишине көмөктөшөт; 5) аймактын мобилизациялык даярдыгынын таламында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар менен тынчтык мезгилде, ошондой эле мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде продукция берүүгө, кызмат көрсөтүүгө келишимдер (контракттар) түзөт; 6) мобилизация жарыяланган учурда экономиканы, аймакты согуш абалынын шартында иштөөгө которуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт; 7) тийиштүү аймактын чегинде чакырылууга тийиш жарандарга өз убагында кабар берүүнү жана аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү, имараттарды, курулуштарды, коммуникацияларды, мобилизация боюнча транспорттук жана башка материалдык каражаттарды берүүнү уюштурат жана камсыз кылат; 8) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик акимдиктерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калтыруу (брондоо) боюнча иш жүргүзөт; 9) мобилизациялык даярдык жана мобилизация тутумун өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына сунуштар киргизет. 2. Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте зарыл материалдык жана каржылоо каражаттарын өткөрүп берүү менен ушул Мыйзамга ылайык мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында мамлекеттик ыйгарым укуктар берилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.
III бөлүм. Мобилизациялык даярдык жана мобилизация боюнча Кыргыз Республикасынын ишканаларынын жана жарандарынын милдеттери (Бөлүмдүн аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
9-статья. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мил- деттери
1. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар: 1) өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгынын абалы, мобилизациялык даярдыктын таламында түзүлгөн келишимдерди (контракттарды) жана мобилизация учурунда жана согуш мезгилиндеги заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу үчүн жооп берет; 2) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде заказдарды (тапшырмаларды) аткаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерди жүзөгө ашыруу максатында өндүрүштү даярдайт; 3) мобилизациялык даярдык жана мобилизациянын таламында продукция берүү, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү заказдарын (тапшырмаларды) орундатат; 4) мобилизация жарыяланган учурда өндүрүштү согуш мезгилинин шартында иштөөгө которуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт; 5) аскер комиссариаттарын ишине көмөк көрсөтөт; 6) өзү менен эмгектик мамиледе турган жана аскерге чакырылуучу жарандарга өз убагында кабар берүүнү, аларды жеткирүүнү, жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү, имараттарды, курулуштарды, коммуникацияларды, мобилизация боюнча транспорттук жана башка материалдык каражаттарды берүүнү уюштурат жана камсыз кылат; 7) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандардын ичинен жетекчилерди, адистерди, квалификациялуу жумушчуларды жана кызматчыларды калтыруу (брондоо) боюнча иш жүргүзөт; 8) экономиканын тийиштүү тармагында аскерге милдеттүүлөр калтырылуучу (брондолуучу) кызматтардын жана кесиптердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана акимдик ведомстволорго сунуш киргизет; 9) мобилизация пландарына ылайык жыйын пункттарына жана аскер бөлүктөрүнө техника берүүнү камсыз кылат. 2. Эгерде, өндүрүштү мобилизациялык жайгаштыруудан кийин менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын мүмкүнчүлүктөрү заказдарды аткарууга шарт түзсө, алар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды (тапшырмаларды) аткарууга келишим (контракт) түзүүдөн баш тартууга укуксуз болушат. 3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттин коргонуу таламында заказдарды аткарууга келишим түзүүдө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынан ал заказдарды аткарууну каржылык, эмгектик, энергетикалык жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүүсүн талап кылууга укуктуу болушат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
10-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана Милдеттери (Аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакцияына ылайык)
1. Мобилизация мезгилинде жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген бардык укуктардан жана жеңилдиктерден пайдаланышат. 2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу максатында: 1) жашаган жери боюнча аскердик катталууда турушат; 2) согуш мезгилинде өзүнүн аскердик кызматын аныктоо үчүн, аскер комиссариатына чакыруу боюнча келишет; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарышат; 4) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзүнүн менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алар тарткан чыгашалардын ордун мамлекет тарабынан толтуруп берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берет. 5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө катталган транспорт каражаттарын жана мүлктү мобилизациялоо мезгилинде жана согуш учурунда тиешелүү аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен белгиленген пункттарда жана мөөнөттөрдө беришет; 6) мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө аскердик-транспорттук милдетти аткаруу тартибинде өткөрүп берүү үчүн аскер комиссариаттарынын мобилизациялык наряддары менен аныкталган аларга таандык транспорт каражаттарын өткөрүп берүү, сатуу, жоготуу же техникалык жана башка себептер менен иштен чыккандыгы жөнүндө тиешелүү аскер комиссариаттарына билдирет. 3. Кыргыз Республикасынын мобилизациялык көрсөтмө же аскер комиссариатынан чакыруу алган жарандары аларда көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга милдеттүү. 4. Кыргыз Республикасынын жарандары мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 5. Жарандар - транспорт каражаттарынын ээлери, аскерий башкармалыктын жергиликтүү органдарынын кызмат адамдарынын аскердик-транспорттук милдеттерди аткаруусу менен байланышкан укукка сыйбаган чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздиктерине) жарандык-процесстик, административдик тартипте даттанууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IV бөлүм. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мобилизациялык даярдыгы жана мобилизацияга тартылышы
11-статья. Мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны уюштуруу жана анын тартиби
1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын экономикасын жана аймагын уюштуруу жана мобилизациялык даярдыгынын жана мобилизациялоонун тартиби ушул Мыйзамда жана мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат. 2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизацияга даярдоону жана аларды мобилизацияга тартууну тийиштүү мобилизациялык органдар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен өз ара аракетте жана анын жетекчилиги астында уюштурушат жана жүргүзүшөт. 3. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатында аларга жүктөлгөн иш милдеттерин аткаруу үчүн жекече жооп берет, ошондой эле мобилизациялык органдардын кызматкерлерине аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн зарыл шарттарды түзөт. 4. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары, ошондой эле граждандар ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, текстте сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү каралган эмес.
12-статья. Мобилизациялык органдар
1. Тынчтык мезгилде мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, координациялоо жана анын өткөрүлүшүн контролдоо үчүн төмөнкүлөр түзүлөт (дайындалат); мамлекеттик органдардын башкаруу аппараттарынын курамында - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүмдөр, бөлүктөр, секторлор); Куралдуу Күчтөрдүн жана аларда мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүнүн курамында - аскердик башкаруу органдары (башкы башкармалыктар, башкармалыктар, бөлүмдөр, бөлүктөр); мобилизациялык заказдары (тапшырмалары) бар ишканаларда - өз алдынча мобилизациялоо органдары (бөлүктөр же өзүнчө кызматкерлер); жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - аскердик каттоону жана мобилизациялык даярдоону жүргүзүү боюнча кызматкерлер; Мобилизациялык органдардын түзүмү, штаттык курамы, иш милдеттери, укуктары жана милдеттери аткарылуучу тапшырмалардын мүнөзүнө жана заказдардын (тапшырмалардын) көлөмүнө жараша аныкталат жана аларда бул мобилизациялык органдар түзүлүп жаткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мобилизациялык органдар жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. 2. Мобилизациялык органдарды (бөлүктөрдү же айрым кызматкерлерди) жана аскердик-каттоо кызматкерлерин күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Аскердик-транспорттук милдеттер жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүн мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш учурунда транспорт каражаттары менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында аскердик-транспорттук милдет белгиленет. 2. Аскердик-транспорттук милдет мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана транспорт каражаттарынын ээси болгон жарандарга, ошондой эле портторго, пристандарга, аэропортторго, мунайбазаларга, күйүүчү майларды жыйып-жөнөтүү базаларына, автомобилге май куюу станцияларына, ремонттук ишканаларга жана транспорт каражаттарынын ишин камсыз кылуучу башка уюмдарга жайылтылат. 3. Аскердик-транспорттук милдетти аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 4. Өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өздөрүнүн менчигиндеги транспорт каражаттарын жана башка мүлктү өткөрүп бергенден уюмдар менен жарандар тарткан зыяндын ордун толуктоо мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Мобилизациялык даярдыкты каржылоо
1. Мобилизациялык даярдыкты каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 2. Аткарылышы мамлекеттин таламында жүргүзүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иштер республикалык бюджеттен каржыланат. 3. Жергиликтүү маанидеги мобилизациялык даярдык боюнча иштер жергиликтүү бюджеттен каржыланат. 4. Өздөрүнүн иштешинин туруктуулугун жогорулатуу максатында юридикалык жактардын өздөрүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иштер менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат. 5. Мобилизация боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Мобилизациялык даярдыкка колдоо көрсөтүү
1. Мобилизациялык даярдык боюнча иш аткарган мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга экономикалык жана башка жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 2. Консервацияланган жана учурдагы өндүрүштө пайдаланылбаган мобилизациялык багыттагы объекттер, мобилизациялык кубаттуулуктар, мобилизациялык запастардын (резервдердин) бардык түрлөрү жана мобилизациялык багыттагы башка мүлк мамлекеттик бийлик органдарынын чечими боюнча түзүлүүчү камсыздандыруу запастарына кирет. 3. Менчигинин түрүнө карабастан өз каражаттарын мамлекеттин таламдарында өткөрүлгөн мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларга жумшаган юридикалык жактарга Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган жеңилдиктер жайылтылат. 4. Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдыгына колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша так ишке ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Мобилизациялык даярдыкты жана мобилизацияны өткөрүү тартиби
Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы иштерди уюштуруу, жүргүзүү жана маалыматты коргоо Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ылайык жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде текстин сөзүнө дал келбейт.
V бөлүм. Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу (Бөлүмдүн аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Жарандары мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу маселелери жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жарандары мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу ушул Мыйзамга жана аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде, статьянын аталышында сөзүнө жана текстин сөзүнө дал келбейт.
18-статья. Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырыла турган жарандар (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Мобилизация боюнча аскердик кызматка мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга укугу болбогон аскерге милдеттүү жарандар чакырылат. 2. Мобилизацияда жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдүн жарандык кызматтарында, анын ичинде ыктыярдуу отряддарда иштөө үчүн чакырылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруудан бошотуу
Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу жоюлбаган жарандар мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу
Мобилизация боюнча аскерге чакырууну кийинкиге калтыруу аскерге милдеттүү төмөнкү жарандарга: 1) ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка убактылуу жараксыз деп табылгандарга - 6 айга чейинки мөөнөткө; 2) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтырылгандарга (брондолгондорго) - мобилизация мезгилине карата; 3) башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон жана мамлекеттин толук багуусунда болбогон үй-бүлө мүчөсүн мыйзам боюнча багып-көрүүгө милдеттүү болгон башка адамдар болбосо, ошол үй-бүлө мүчөсүн багып-көрүп жаткан адамга. Пенсиялык жашка чыккан же I жана II топтогу майыптыгы белгиленген адамдар, ошондой эле 16 жашка чыга элек үй-бүлө мүчөлөрү башка бирөөнүн жардамына муктаж жана багууда тургандар деп эсептелет; 4) 16 жашка чейин төрт жана андан ашык балдары барларга (аялдар үчүн - багуусунда бир бала); 5) 8 жашка чейинки төрт жана андан ашык баласы бар энелери жалгыз бой болгондорго берилет. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Жарандарды мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөттөрү (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мобилизация жарыяланганда жарандарды аскердик кызматка чакыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик (атайын) түзүлүштөрүнүн мобилизациялык пландарында белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Жарандарды мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырууну уюштуруу (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн согуш мезгилиндеги уюштурууга жана курамга өз убагында которуу үчүн аскерге милдеттүү жарандар согуш мезгилинде аскердик кызматтарда аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө, ошондой эле башка аскердик (атайын) түзүлүштөргө жана согуш мезгилинин кызмат орундарында каралган граждандык кызматтарга мурдатан дайындалат (катталат). 2. Согуш мезгилинде аскердик кызматтарда, ошондой эле жарандык кызматтарда аскердик кызмат өтөө үчүн дайындалган (катталган) жарандар алар катталган аскер бөлүктөрүн жана башка аскердик (атайын) түзүлүштөрдү согуш мезгилиндеги уюштурууга жана курамга которуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда мобилизация боюнча аскер кызматына (граждандын кызматтардагы ишке) чакырылат. 3. Мобилизация боюнча аскердик кызматка граждандарды чакырууну райондун же шаардын (районго бөлүнбөгөн) жергиликтүү мамлекеттик акимдигинин башчысы райондун же шаардын (районго бөлүнбөгөн) аскер комиссариаты менен бирдикте уюштурат жана камсыз кылат. 4. Мобилизация жарыялоо учурунда согуш мезгилиндеги кызмат орундары боюнча аскердик кызматка жана граждандык кызматка дайындалган (катталган) жарандарды аскер кызматына чакыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Мобилизация боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруунун тартиби жөнүндөгү жобо менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн мамлекеттик тилдеги, текстинин 4-бөлүгүндөгү кээ бир сөздөр дал келбейт.
23-статья. Мобилизация боюнча жарандарды аскердик кызматка чакырууга байланыштуу жарандардын, кызмат адамдарынын милдеттери (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мобилизация жарыяланганда: 1) 16 жашка чейинки балдары бар аял-аскер кызматчыларынан бөлөк Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана атайын түзүлүштөрдө аскердик кызмат өтөп жаткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта кала берет; 2) аскердик каттоодо турган жарандар райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын буйруктарында (мобилизациялык көрсөтмөлөрүндө, чакыруу кагаздарында) аныкталган мөөнөттө аскерге милдеттүүлөр топтолуучу пункта келүүгө милдеттүү. Аскердик каттоодо турган жарандарга мобилизация жарыяланган учурдан баштап райондук (шаардык) аскер комиссариатынын уруксаты болмоюнча жашаган жеринен сыртка кетүүгө тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI бөлүм. Мобилизациям учурунда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандарын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтыруу (брондоо) (Бөлүмдүн аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандарын мамлекеттик бийликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтыруу (брондоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде аскерге милдеттүү жарандарды мамлекеттик бийликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтыруу (брондоо) ушул Мыйзамга жана аскердик милдеттерге, аскердик жана альтернативдик кызматтарга тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандарын калтырууну (брондоону) уюштуруу жана анын тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасында аскерге милдеттүү жарандарды калтырууну (брондоону) жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, тыныш белгилери текстке дал келбейт.
25-статья. Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандарын калтыруу (брондоо) (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Аскерге милдеттүү жарандарды калтыруу (брондоо) мобилизация учурунда жана согуш мезгилинде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. 2. Мамлекеттик бийликте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарда калтырылган (брондолгон) жарандар мобилизация боюнча чакыруудан жана согуш мезгилиндеги кийинки чакыруулардан кийинкиге калтыруу берилген мөөнөткө бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII бөлүм. Корутунду жоболор
26-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укук актылары, ведомстволук ченемдик укуктук актылар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери ушул Мыйзамга ылайык келтирилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
1998-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши- нин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ка- был алынган
|