Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 175
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын сегизинчи абзацында стандартташтырууну, сертификациялоону" деген сөздөр алып салынсын.
2. 11-статьянын 2-бөлүгүндө "ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 12-статьяда:
1-бөлүгүндө "Энергияны керектөөчү продукциянын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин
белгилөө
Кандай болбосун арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |