МыйзамКүчүндө

КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция03.08.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 3-августу № 185

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

1-берене.

 

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 15-статьянын 1-пунктунда «мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген нормаларга жана эрежелерге» деген сөздөр «ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 50-статьяда «башка маалыматтарды» деген сөздөр «ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларында каралган маалыматтарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 52-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында «келтирилген зыяндын өлчөмүн жана башка жагдайларды эске алуу менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев