Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-августу №25/1
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Тоголок-Молдо айылдык Кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында
Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы Д. Качкынбаевге жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда. юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргатндары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Качкынбаев |
| Тоголок-Молдо айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 24-августундагы № 25/1 токтому менен бекитилген |
Тоголок-Молдо айылдык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы Жобо
2. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары.
3. Айылдык Кеңештин сессиясы.
4. Айылдык Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
5. Жашырун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби.
6. Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары.
9. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу.
10. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары.
11. Айылдык кеңештин төрагасы.
12. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
13. Регламентти бекитүү, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу.
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча баш кару у жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши (мындан ары - айылдык кеңеш) - Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш жалпыга бирдей тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3. Депутаттын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1.айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2.айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3.айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутатынын;
5.Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекетгик кызматчынын.
1.4. Айылдык кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1 -январына карата абал боюнча Тоголок-Молдо администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 11 депутаттан турат.
1.5. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6. Депутаттык манданты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык фуикцияларып натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленгеи тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
1.7. Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын. башкача айтканда өзү. анын жубайы, ата-энеси, бал дары, бир туутандары жана –же карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
1.8. Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгнленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.9. Айылдык кеңештин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компенсациясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын чыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10. Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айылдык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11. Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзөт.
1.12. Айылдык кеңештин регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.13. Айылдык Кеңештин уюштуруу-укуктук формасы — мекеме.
1.14. Толук аталышы: мамлекеттик тилде - Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши, расмий тилде — Тоголок-Молдоский айылный Кеңеш.
1.15. Айылдык Кеңештин жайгашкаи жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ак-Талаа район, Кара-Ой айылы, Мусакожо көчөсү, 61-үй.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарүунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү. ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты сониалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуумун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчеттун угуу;
7) амдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын. анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештнн төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимлерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүи мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3.1. Айылдык кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болууп эсептелет.
3.2. Айылдык кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
Айылдык кеңеш эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Айылдык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.5. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.6. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы. күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин делутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүтүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралу Кеңештин төрагасы на берилет.
3.9. Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10. Кеңештин чечими менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчун депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тузүлүшү мүмкүн.
4.1. Сессияиын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал оргаидарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2. Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6. Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8. Сессиянын ишине активдүү катышуута жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
5.1. Айылдык Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюшту ру у жана өткөрүу боюнча саны 3 депутаттан турган эсептоо комиссиясы түзүлөт.
5.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда. мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
5.4. Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча "Колдогону", "Каршы" болгону жана "бузулган" бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
5.7. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8 Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар да түзүлөт.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша. жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртуүлөрдү киргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткаруута мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.9. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык-социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2) Айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
4) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү .мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.5. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
9.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Тоголок Молдо айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
9.2. Айылдык кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Тоголок-Молдо айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10.1. Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарга башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
10.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
10.3. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10.4. Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
11.1. Айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
11.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11.3. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
11.4. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4)айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.5. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессия да айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзунүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
13.1. Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүу толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
13.2. Айылдык Кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
14.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер-Министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Кара-Cуу айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
14.3. Өзун-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
14.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча жөнүндө» Мыйзамынын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
14.5. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы жарыяланган кундөн тартып таркатылды деп эсептелет.
14.6. Айылдык кееш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти - Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылөкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.