Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-августу №25/2
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Тоголок Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл окмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Нурдиновго жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой зле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана. мыйзамда белгиленген учурларда. юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыы ырасталат.
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Качкынбаев
|
| Депутаттардын Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-августундагы 25 сессиясындагы №25/2 токтому менен бекитилген |
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнун башчысы
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
VIII. Айыл башчысы
IX. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
I. Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктуү органынын чечимлерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзулген орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2. Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш - бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Өкмөттүн токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администраниясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
1.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгун төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик оргаидарыньш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктьн'ы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4)өзүн-өзү камсыз кылуу. өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн- өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
1.6. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7. Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
1.8. Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде - Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде - Айыл өкмөт айылного аймака Тоголок-Молдо.
1.9. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Ой айылы, Мусакожо көчөсү, 61-үй.
2.1. Айыл өкмөтүнүн структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
2.2. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.
2.3. Айыл өкмөтунүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөруудө көмөк көрсөтөт.
2.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
2.5. Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кецешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2.6. Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
2.7. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.8. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдетгерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук акгылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2) жергиликтүу бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
3) тарыхтын архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
6) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеперин жоюу боюнча мобилизаниялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
4.1. Лймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн. социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана мадаиий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл екмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардыи ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзуү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
4.2. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчун зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укук органларына отчет берет.
4.7. Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу.
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерии аткарылышына көзөмөлдүү жузөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жургүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөн түшүмдү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
13) курчап турган чейрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) Кыргыз Peспубликасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
5.1. Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субьекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
5.2. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
5.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан – аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
5.4. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айыл өкмөтунүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25 календардык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
5.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
5.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
5.8. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайданды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын азыраагын же теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.10. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге Караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.11. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.12. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
5.13. Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
5.14. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
5.15. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун ушул жободо жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
5.16. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзүлөт.
5.17. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
5.18. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
5.19. Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
5.20. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилтен Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбаган зыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президент жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттернн аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдиридген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган даты башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
5.21. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5.22. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
5.23. айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаны айыл өкмөтү шайланганга чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылыпты, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндо отчет берет;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4) айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүу боюнча сунуш киргизет;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн aппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
7.1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
7.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
7.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдо анын орун басарына да колдонулат.
7.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
7.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмаг ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7.6. Айылдык кеңеш ушул Жобонун 5.20. бөлүгүнүн 1 жана 2-пуикттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнун башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7.7. Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
7.8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.
8.1. Айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
8.2. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
8.3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
8.4. Эгерде калк конуштан айылдык кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына катышууга укуктуу.
9.1. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономиналык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүүжамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу учүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратыльш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2 Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар. жергиликүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө.
10.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
10.2. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
10.3. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоодор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
11.1. Айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын өкмөтү Конституцияда. өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
11.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Тоголок- Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы |
Э. Нурдинов |