Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-марты №2/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылдагы аткарган ишин кароо жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Омурбеков Урматтын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин текшерүү комиссиясы тарабынан 10.03.2013-жылы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бирикменин 2012-жылдагы чарбалык иштеринин абалы, акча каражаттарынын жумшалышынын мыйзамдуулугу бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 657700-00 сом, чыгаша бөлүгү 657700-00 сом өлчөмүндөгү долбоору бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2013-жылга иш план графиги бекитилсин.
5. Чолпон айыл аймагына караштуу жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына:
- Бодо малдарга (уй,жылкы) – 60-00 сом;
- Майда жандыктарга (кой,эчкилерге) – 12-00 сом;
- Бир жаш торпокторго- 42-00 сом өлчөмүндө жайыт акы белгиленсин.
6. Айыл өкмөттүн тургундарынын малын жай мезгилинде, жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде түз менен камсыздоо жагы «Кочкор-Кара-Туз» коомдук бирикменин башчысы, айылдык Кеңештин депутаты К.Букаровго тапшырылсын.
7. Жайыт пайдалануучулар менен иш алып баруунун тартиби, алыскы жайыттарга, жайлоого көчүп кону, көчүп келүү мөөнөттөрү, мал багуучулар (бадачы малчылар) үчүн төмөндөгүдөй график кабыл алынсын:
- Тоого, жайлоого көчүп кетүү 1-майга чейин
- Тоодон куздоого, кыштоого көчүп келүү 10 октябрь же болбосо оруп-жыюу мөөнөтү бүткөнгө чейин.
Бадачы-малчылар учун мал кайтарган эмгек акысынын өлчөмү бир айга:
- Кой, эчкиге 25-00 сом;
- Бодо малдарга-250-00 сомдон ашпоосун белгилейт.
8. Жайыттарды кыйра пайдалануучулдар менен иш алып баруу, төлөмдөрү жана көп жылдык чөптөрдү, айдоо аянттарды, корук жерлерди көрүү мөөнөттөрү жана корука кирген малга төлөнүүчө айыптары айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы 31-март 2011-жылдагы № 101 токтому күчүндө калсын.
9. Өзү билемдик менен жайыт билетин албай ЖПБси менен келишим түзбөгөн жайыт пайдалануучуларга жайыт бөлүнүп берүүгө жана жайыт пайдаланууга тыюу салынсын.
Төрага | Б. Байдавлетов |
| Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 20.03.2013-ж. №2/2 токтому менен бекитилген |
Б Ю Д Ж Е Т
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга карата бюджеттин
Киреше бөлүгү | Чыгаша бөлүгү | ||||||
№ | Мазмуну | Сумма (сом) | Кат. № | Мазмуну | Сумма (сом) |
|
|
1 | Жайыт акысы | 627700 | 1 | Жайыт налогу а/окмоту | 112000 |
|
|
2 | Сон-Кол эс алуучу боз уйдон | 30000 | 2 | Налог сатуудан 3% | 8200 |
|
|
|
|
| 3 | Жайыт инфраструктурасына (ремонт) | 205000 |
|
|
|
|
| 4 | Транспорт чыгымы | 20000 |
|
|
|
|
| 5 | Куйуучу майга (женил машинага) | 15000 |
|
|
|
|
| 6 | Райондук ассоцациясын ачууга | 10000 |
|
|
|
|
| 7 | Эмгек акыга | 234000 |
|
|
|
|
| 8 | Соц.фонд 17,25% | 40400 |
|
|
|
|
| 9 | Командировочный | 10000 |
|
|
|
|
| 10 | Канц.товар | 3100 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖАЛПЫСЫ | 657700 |
|
| 65770 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасы | У.Омурбеков |
Эсепчиси | А.Капасов |