Редакцияот 12.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-февралы № 23

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары

 

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Ош облусу

Өзгөн шаары

1

Өзгөн шаардык кеңеши

Каримов Нодирбек Токтосинович

Мэр болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

Ноокат району

2

Ынтымак

Раимбердиев Досмухамед Эркинбаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

3

Н.Исанов

Асанов Нурланбек Эсенбаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 1, 31.01.2014

4

 

Колдошов Данияр Темиркулович

Өз арызынын негизинде

№ 1, 31.01.2014

5

А.Мирмахмудов

Гафаров Шухрат Мамадумарович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

6

Бел

Каратаев Мамадияр Абдиллаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 155, 15.12.2012

7

 

Эсенбаев Жеңишбек Назарбаевич

Өз арызынын негизинде

№ 155, 15.12.2012

Чүй облусу

Аламүдүн району

8

Васильевка

Юсупов Азиз Ибрагимович

Каза болгонуна байланыштуу

№ 157, 15.12.2012

Сокулук району

9

Гавриловка

Рахманбердиева Бактыгул Маткеримовна

Өз арызынын негизинде

№ 157, 15.12.2012

10

Ат-Башы

Сейталиев Азисмамет Токтогулович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 157, 15.12.2012

11

Асылбаш

Абдыкулов Бек Жашасынович

Өз арызынын негизинде

№ 157, 15.12.2012

12

Төш-Булак

Исакова Тамара Жекшенбаевна

Өз арызынын негизинде

№ 157, 15.12.2012

13

 

Кожокматов Уранбек Салморбекович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 157, 15.12.2012

14

Саз

Надыров Байтик Мамбеталиевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 157, 15.12.2012

15

Фрунзе

Кушчубаев Арфел Талантбекович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 157, 15.12.2012

16

 

Толстых Константин Петрович

Өз арызынын негизинде

№ 157, 15.12.2012

Нарын облусу

Ак-Талаа району

17

Кош-Дөбө

Эдигеев Марат Кадырбекович

Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу

№ 154, 15.12.2012

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары

 

№

Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош облусу

Өзгөн шаары

1

Өзгөн шаардык кеңеши

Курбанов Немат Баширахунович

Жеке ишкер

№ 17, 10.01.2014

Ноокат району

2

Ынтымак

Ботоев Марип Капырович

Дыйкан чарба жетекчиси

№ 1, 31.01.2014

3

Н.Исанов

Баваканов Абдыкайым Табалдыевич

Орто мектепте завхоз

№ 1, 31.01.2014

4

 

Абдыкааров Камалидин Кутбибинович

Иштебейт

№ 1, 31.01.2014

5

А.Мирмахмудов

Тораев Абдурахим Зулпиевич

Дыйкан чарба жетекчиси

№ 1, 31.01.2014

6

Бел

Анарбаева Батма Каламовна

Орто мектепте мугалим

№ 1, 31.01.2014

7

 

Эргешов Азизбек Саидкасымович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 1, 31.01.2014

Чүй облусу

Аламүдүн району

8

Васильевка

Тайлоков Фархад Исмоил углы

Иштебейт

№ 1, 07.02.2014

Сокулук району

9

Гавриловка

Эсенов Кенжебек

Жеке ишкер

№ 116, 26.11.2013

10

Ат-Башы

Баймагомбетов Аскат Киамединович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 116, 26.11.2013

11

Асылбаш

Намазбеков Чубак Шамшидинович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 116, 26.11.2013

12

Төш-Булак

Джолдошев Шайлообек Олжобаевич

Жеке ишкер

№ 116, 26.11.2013

13

 

Осконбаев Тимучин Медетович

Иштебейт

№ 116, 26.11.2013

14

Саз

Бейшекеев Даниярбек Таштанбекович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 116, 26.11.2013

15

Фрунзе

Бахаутдинов Анвар Абдраимович

Иштебейт

№ 116, 26.11.2013

16

 

Мусакунов Алмазбек Бообекович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 116, 26.11.2013

Нарын облусу

Ак-Талаа району

17

Кош-Дөбө

Карабалаев Эркинбек Бакасович

Дыйкан чарба мүчөсү

№ 6, 20.01.2014