Редакцияот 02.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2013 жылдын 2 августу №5/6

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык түзүлгөн Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктери жөнүндө айыл өкмөтүнүн Финансы –Экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы бухгалтер М.Исраилованын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун тиркемесине ылайык түзүлгөн Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкөмтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктери бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Комсомол айылында жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүүнү уюштурууу максатында 1,0 штат айыл башчынын жана аскердик-эсепке алуу боюнча инспектору 2,0 штат бирдиктери болуп бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер М.Исраиловага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Керимкулов

 

 

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин V-чакырылышын V-сессиясынын «2» август 2013-ж №5/6 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2012-жылдагы №403токтомуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 1-август 2013-жылга карата штаттык бирдиктеринин түзүлүшү

№

№

Кызматтын аталышы

Штаттык сан

Эскертүү

1

2

3

4

1

Башчы

1

 

2

Жооптуу катчы

1

 

3

бөлүм башчы

1

 

4

Башкы адис

2

 

5

Жетектөөчү адис

2

 

6

адис

3

 

Техникалык жана кеже тел кызматкерлер

1

Техникалык тейлөө кызматы

1

 

2

Кенже тейлөө кызматы

1

 

 

Бардыгы

12