Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы №4/10
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын “ Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде иштелип кабыл алынып бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы А.Байташовко жүктөлсүн.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин:- Иш кагазына, Нарын облустук Юстиция башкармалыгына
| Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V – чакырылышынын кезексиз IV- сессиясы 2013-жылдын19 - апрель № 10 токтому менен бекитилген |
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
1.1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши (мындан ары –айылдык Кеңеш) Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык аймактары айылдык Кеңештин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2.Айылдык кенеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттардын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3.Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөр кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1) айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын:
2) айылдык кеңештин жооптуу катчысынын:
3) айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин:
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын:
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматынын.
1.4 Айылдык кеңешинин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча Кош-Дөбө администрациялык аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 11 депутаттан турат.
1.5 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6 Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонуну натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
1.7Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
1.8 Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.9 Айылдык кеңештин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компентенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
Айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10 Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу. Кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компентенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министирлиетердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кеңеш менен консультатциялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11 Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын, Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Контитутциясынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзөт.
1.12 Айылдык кеңештин регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнү тартибин аныктайт.
1.13 Айылдык кеңештин уюштуруу- укуктук формасы-сессия
1.14 Толук аталышы: мамлекеттик тилде-“Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси расмий тилде –Учреждение “Айылный Кеңеш Кош-Дюбинского айылного аймака”.
1.15 Айылдык кеңештин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району Кара-Саз айылы, Канат көчөсү №9.
2.1 Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө:
2)жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу:
3)аймакты социялдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүң жана калкты социялдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо:
4)жергиликтүү салыктарды,жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо:
5)жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо,анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контродуу ишке ашыруу:
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу:
7)мыйзамдарда белгиленген учурларда депуттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу:
8)жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзулүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:
10)кенештин төрагасын,анын орун басарын шайлоо, алардын кызмат орундарынан бошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу:
11) кеңештин регламентин кабыл алуу:
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу:
13) Өкмөт тарабынан аткарылуучу типүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү:
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандыгы үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү.
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун,ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыю салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо,
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо:
17) жергиликтүү жамааттын уставын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2 Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо:
2) Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканыны базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммачсынын чегинде топурактын банитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо:
4) айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3.1.Айылдык кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет
3.2.Айылдык кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Айылдык кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык Кеңештин сессиясы кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутатты ачат.
3.4. Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5 Кенештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы кварталдык пландардын негизинде түзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу тескөөчү органы жана кеңештин төрагасы кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.6.Кенештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7.Кенештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же кеңештин жалпы депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8.Депутаттар тарабынан кезексиз сессиянын чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу кеңештин төрагасына берилет.
3.9.Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10.Кенештин чечими же кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
4.1. Сессиянын жумушчу топторун түзүүгө, шайланууга жана ал (органдардын өзүнүн талапкерлигин сунуштоого).
4.2 Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3. Сессияныны токтомуна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга..
4.4. Айылдык кеңештин компентенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б органдарын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5 Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин сунуштоого
4.6. Сессияныны регламентин жана иштөө тартибин толук сактоо.
4.7. Депутаттарга сессияныны жумушчу тобуна, чакырылганарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8.Сессияныны ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
4.9 Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, башка кеңештердин депутаттары кеңеш берүү добуш укукгу менен катыша алат.
4.10 Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
4.11 Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
4.12 Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин беш күн ичинде кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коёт.
4.13 Жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат.
Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
5.1 Айылдык кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдарын секретариятты, зарылчылыгы пайда болсо эсептөө комиссиясын, башка да комиссияларды түзөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
5.2 Сессиянын секретариатты Айылдык кеңеш менен бирдикте, сессиянын жүрүшүн стенографиялык жазууну жүргүзүшөт, сүйлөмдөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдардын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмөлөрдү берет.
5.3 Секретариат Айылдык Кеңеш менен бирдикте сессия тарабынан иштелип чыккан материалдарды, протоколдорду жазып, кол коюуга даярдайт.
6.1. Айылдык Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
6.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
6.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
6.4. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
6.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
6.6. Ар бир кандидатуралар боюнча ”Жактап”, ”Каршы” болгону жана “бузулган” бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
6.7.Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
6.8. Сессияга катышкан депутаттардын эн коп добушуна ээ болгон талапкер Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
7.1. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарыдышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар да түзүлөт.
7.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Айылдык Кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
7.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү Айылдык Кенештин депутаттардын ичинен түзүлөт. Айылдык Кенештин турукктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
76.5. Туруктуу комиссиянын жана кенештин төрагасынын сунушу боюнча Айылдык Кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
7.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кенеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.7. Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.8. Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.9. Айылдык Кенештик туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
8.1. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары:
1).кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2)айылдык аймактын социалдык – маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергшиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландарын аткарылдышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын – пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
4) айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышы сакталышына контролдуу ишке ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8.2. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларын өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу
9.1. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
9.2.Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына Кенеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
9.3.Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык Кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
9.4.Туруктуу комиссиялардын баардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
10.1.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кош– Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
10.2.Айылдык Кенештин ишин материалдык – техникалык жактан камсыз кылуу Кош – Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10.3 Мыйзамга ылайык жер өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамына же мамлекеттик органдардын аймактык бөлүшүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кеңештин чечими кеңеш депутаттынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
11.1. Айылдык Кенештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык Кенештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, Кенештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
11.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган Айылдык Кенештин чечимдери тиешелүү аймакта турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
11.3. Айылдык Кенештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11.4.Айылдык Кенештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготуу деп табылышы мүмкүн.
11.5 Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндо же ооз эки баяндоого укуктуу, ал кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
11.6 Кеңештин чечимдери кол коюлгандан кийин беш күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
12.1 Айылдык Кенештин төрагасы Кенештин сессиясында жергиликтүү Кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депуттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча Айылдык Кенештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Айылдык Кенештин төрагасы ээлеген кызмат оордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
12.3.Айылдык Кенештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизинде, бирок Айыл Кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
12.4. Айылдык Кенештин төрагасы
1. Айылдык Кенештин сессиясына чакырат;
2. сессияларга төрагалык кылат;
3. Айылдык Кенештик чечимдерге кол коёт;
4. Айылдык Кенеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
12.5. Айылдык Кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12.6 Жарандардын Айылдык кеңешке кайрылган арыз-даттанууларын, кайрылууларын карайт,
12.7 Кеңештердин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат.
12.8 Кенштердин тышкы байланыштарын уюштурат жана ар бир депутатка маалымдайт.
12.9 Депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат.
12.10 Мыйзамдарда каралган учурларда сотко же жогорку органдарга жөнөтүлүп жаткан ишенимдүү документтерге кол коёт.
12.11 Кеңештин төрагасынын буйруктары кеңеш тарабынан алынып салынышы мүмкүн.
13.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен депутаттарынын ичинен шайланат.
13.2.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
13.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен бошотулушу мүмкүн
13.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
14.1 Айылдык кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттардын тиешелүү маалыматтар менен камсыз кылат.
14.2 Айылдык кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
14.3 Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын сесисиянын күн тарбибине сунуштайт, жана жообун билдирет.
14.4 Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
14.5 Айылдык кеңештин чечимдик укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
14.6 Айылдык кеңешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.
14.7 Айылдык кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт аны депутаттарга таратат.
14.8 Депутаттарды, мекеме иш каналардын жетекчилерин коомдук өз алдынча башкаруу уюмдардын өкүлдөрүн жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
14.9 Сессияга депутаттардын катышуусун эсебин жүргүзөт.
14.10 Сессиянын токтомдорунун чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
15.1 Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштарда атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
15.2 Айылдык Кенештин регламенти депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыккандан кийин кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
16.1 Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарыайылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат..
16.2 Айылдык кеңеш мөөнөтүнө мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкун:
1) Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк тарабынан тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамдарына каралган учурларда, Премьер-министирдин же Борбордук шайлоо комиссясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Кош-Дөбө айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүүлөрүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
16.3 Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
16.4 Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбай жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы эгерде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күчүнөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чакырылышы керек.
16.5 Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатууну жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынынсында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелинет.
16.6 Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.