Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15 марты №2
Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө (Жобосун бекитүү жөнүндө)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында
Казан –Куйган айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде бекитилсин.
2. Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кемелбеков Замирбекке жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрагасы | М. Солтонкулов |
| Депуттатардын Казан –Куйган айылдык Кеңешинин токтому менен бекитилсин. |
Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө
Жобо
1.1. Казан –Куйган айыл өкмөтү-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу. Ошондой эле, аймактын жашоо тирчилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2. Казан –Куйган айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш-бир айыл өкмөтү принцибиндеги.
1.3. Казан –Куйган айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын. Президенттин Жарлыктарын, мамлекеттик админстрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
1.4. Казан –Куйган айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишкек ашырууну камсыз кылат.
1.5. Казан –Куйган айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат.
1. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун:
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамаатын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3. Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4. Өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн –өзү каржылоо;
5. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6. Жергиликтүү жамаатардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7. Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8. Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук эркин талкулоо.
1.6. Казан –Куйган айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7. Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы –мекеме
1.8. Мекеменин толук аталышы мамлекеттик тилде - Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде-айыл өкмөтү
Казан –Куйган айылного аймака .
1.9. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Казан –Куйган айылы Бакай –Ата көчөсү 35-үй
1.10. Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн структурасы. Штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
1.11. Казан –Куйган айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерде айыл башчыларынан турат.
1.12. Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткорүүдө көмөк көрсөтөт.
1.13. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
1.14. Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
1.15. Казан –Куйган айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
1.16. Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
1.17. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
Казан –Куйган айыл өкмөтү:
1.18. Аймактык жашоо –турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн социалдык –экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылат:
1. Тиешелүү аймактык экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу:
2. Муниципалык менчикти башкаруу;
3. Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4. Калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5.Калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун
ишин камсыз кылуу;
6. Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7. Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8. Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9. Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10. Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11. Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12. Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук тарнспорттун иштешин жөнгө салуу;
13. Жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14. Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15. Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16. Тишелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17. Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18. Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19. Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20. Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22. Өзгөчө кырдаалдын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
1.19. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
1.20. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылууну тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
1.21. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
1.22. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
1.23. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
1.24. Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет;
1. Калктын жумуштуулугун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2. Жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылыгшына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү шайлоочулардын тизмелерин тизүү;
3. Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4. Мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5. Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык ноториалдык аракеттерди жасоо;
6. Жарандарга инсандык, үй бүлөлүк, мүлктүн абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсекпке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8. Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9. Айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10. Ветеринардык –санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык- асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктошүү;
11. Айыл чарба өсүмдүктөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөн түшүмдү, токой коргоо тилкеклерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12. Салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
13. Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15. Тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16. Даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте айыл жерлеринде балдары бар. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18. Мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
1.25. Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
1.26. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
1.27. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары -аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары шайланат.
1.28. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25календарлык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
1.29. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт;
1.30. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
1.31. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
1.32. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.
1.33. Эгерде:
- Катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса. Кайра шайлоо өткөрүлөт:
- Эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт:
- Экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын азыраагын же теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
1.34. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
1.35. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
1.36. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
1.37. Жаңы талапкерлерди корсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
1.38. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса. Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
1.39. Айыл өкмөт башчысын шайлоонун ушул жободо жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
1.40. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тишелүү протокол түзөт.
1.41. Шайланган айыл өкмөт башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
1.42. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
1.43. Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
1.44. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн;
1. Жеке арызынын негизинде;
2. Мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн-айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3. Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4. Ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурунда;
5. Соттун өлдү, дайынсыз болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8. Жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9. Айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10. Тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
1.45. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
1.46. Айыл өкмөтүнүн башчысына Айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
1.47. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл өкмөтүн шайланганга чейин өзүнүн актысы менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
1.48. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1. Айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот:
2. Айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт. Жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык –экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4. Айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5. Өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6. Тишелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
1.49. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
1.50. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
1.51. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
1.52. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
1.53. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
1.54. Айылдык кеңеш ушул Жобонун 5.20. бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
1.55. Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурду сунуш киргизилген күндөн тартып жумушчу 10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
1.56. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болтот.
1.57. Айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
1.58. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
1.59. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
1.60. Эгерде калк конуштан айылдык кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
8.3. Айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер.кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресуртары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары. Юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери. Ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
9.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
9.2. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
9.3. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
11.1. Айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттик аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
11.3.Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн укук ченемдик актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Казан –Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы |
З.Кемелбеков |