Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты №4
Нарын шаардык Аксакалдар Сотунун жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXV чакырылштагы VIII сессиясынын №6 токтому менен бекитилген Нарын шаарындагы «Аксакалдар Сотунун» мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар Соту» жөнүндөгү Мыйзамына ылайык алардын курамын кайра бекитүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар Соту» жөнүндөгү Мыйзамына ылайык Нарын шаардык «Аксакалдар сотунун» жаңы курамы 9 адамдан бекитилсин. (Курамы тиркелет)
2. Аксакалдар Сотунун иштөө бөлмөсүн уюштуруп берүү, материалдык техникалык базасын чыңдоо, жол кирелерине акча каражаттарын бөлүп берүү моралдык, материалдык жактан кызыктыруу чараларын чечип берүү жагы шаардык Кеңешке (Э.Турсуналиев), шаардык мэрияга(.Б.Жээналиевге) тапшырылсын.
3. «Аксакалдар соту» Нарын шаардык Кеңеши, Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга карты күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы жана шаардык укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна өзгөчө көңүл бурулсун.
Төрага | Э. Турсуналиев |
Каттоо №2013-5
Жөнөтүлсүн: иш кагазына, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, ИИБге.
| Нарын шаардык Кенешинин 12-март 2013-жылдагы №4 токтомуна тиркеме |
Нарын шаардык Аксакалдар Сотунун курамы
№ | А.А.А | Туулган жылы | Билими | Адистиги | Иштеген жери | Үй дареги | телефондору |
1 | Аманов Жумабек Аманович | 05.05.1934 | жогорку | Техник куруучу | пенсионер | Ленин 98 кв 33 | 5-25-81 |
2 | Ашыралиев Тологон Аалыбаевич | 15.12.1942 | жогорку | Филолог, окутуучу | пенсионер | Жаштык 1 | 5-35-31 |
3 | Аалиева Марипа Аалиевна | 03.08.1953 | жогорку | педагог | №17 «Ынтымак» бала-бакчасынын башчысы | Раззаков 21 кв 12 | 5-26-17 5-46-93 |
4 | Арыкулов Зарылбек | 17.01.1948 | жогорку | экономист | пенсионер | Чоң- Алыш 40 | 5-28-80 0772 806566 |
5 | Балбаев Мурат Кубатбекович | 27.10.1950 | жогорку | педагог | пенсионер | Чоң-Дөбө 3 | 5-41-64 |
6 | Омоков Урматбек Максүтович | 07.05.1978 | жогорку | юрист | ШИИБ -ага инспектор | Тиленбаев н\ж | Деж 5-09-08 0777 59 3159 |
7 | Сейиткожоева Эркин Касымовна | 1958 | жогорку | педагог | №7 М.Сыдоков орто мектеби, пенсионер | Райымбекова 5 | 5-44-98 |
8 | Сыдыкбеков Урмалы | 05.06.1952 | жогорку | педагог | №8 Арстанбек Буйлаш уулу мектеби, мугалим | Чон-Алыш105 | 52439 0777594951 |
9 | Ашыралиева Айнагүл | 26.07.1962 | Жогорку | педагог | Нарын шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси | Ленин 99 кв 1 | 5-08-23 0773986183 |