Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты №6
Нарын шаарынын элин транспорт каттамдары менен тейлөөгө шарттарды түзүү жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү максатында, Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндөгү Жобону бекитүү
Шаардык Кеңешке Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарында шаардын элин менчиктин түрүнө карабастан транспорт каттамдары менен сапаттуу тейлөөгө шарттарды түзүү, адилет атаандаштыкты камсыз кылуу жана транспорттук каттамдардын рыногун өркүндөтүү максатында Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурсту өткөрүү жөнүндөгү Жобону бекитип берүү боюнча сунуш каты менен кайрылышкан.
Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун - энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталган.
Жогорудагылардын негизинде Жобону талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын элин транспорт каттамдары менен тейлөөгө шарттарды түзүү жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү максатында Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндөгү Жобосу бекитилсин.
2. Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурс өткөрүү боюнча Жобосу Нарын облустук «Теңир Тоо» коомдук саясий гезитене жарыялоо Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановго, ал эми Жобону ченемдик укуктук актылардын малекеттик реестирине киргизүү шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси А. Абдыкеримовго тапшырылсын.
3. Нарын шаарынын элин маршруттук каттамдар (жеңил авто унаа-такси, БУСтар) менен тейлөөдө транспорт каттамдарын көзөмөлдүкө алып, каттамдардын өз деңгээлинде болушун камсыз кылуу максатында Нарын шаарындагы транспорт ишканаларынын атайын Жобосун иштеп чыгуу жана Жобону шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунуштоо Нарын шаардык мэриясынын биринчи 1-вице мэри А.Сурановго тапшырылсын.
4. Нарын шаарынын элин транспорт каттамдары менен тейлөөдө, белгилүү каттамдар боюнча кызмат көрсөтүшкөн шаардык маршруттардын (БУСтардын), жеңил автоунаалардын (таксилердин) каттоосун жүргүзүү, алардын ыктыярдуу патент алуусун көзөмөлдөө жана көрсөткөн кызматтары үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө акча-каражаттардын түшүүсүнө көзөмөлдүк кылууга жана түшкөн акча каражаттын эсебинен Нарын шаардык мэриясынын алдында бир адистин штаттык бирдигин ачуу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.
5. Ачылган штаттык бирдикти Мыйзам чегинде каржылоо, каттамдар боюнча кызмат көрсөтүшкөн шаардык маршруттардын (БУСтардын), жеңил автоунаалардын (таксилердин) көрсөткөн кызматтары үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө акча-каражаттардын түшүүсүнө көзөмөлдүк кылуу Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэри Б. Жээналиевге тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э. Турсуналиев
|
Каттоо №2013-7
| Нарын шаардык кеңешинин 12 март 2013-жылдагы 4-сессиясынын №6 токтомуна тиркеме |
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Нарын шаарындагы маршруттарды (муниципалдык ишканалардын транспортунан башка) Ташуучулардын арасында конкурстук негизде (мындан ары – Конкурс) бөлүштүрүүнүн негизги принциптерин жөнгө салат.
Конкурсту уюштуруунун максаты болуп жүргүнчүлөрдү автомобилдик унаа менен, менчиктин формасына карабай, сапаттуу тейлөөгө шарттарды түзүү, адилет атаандаштыкты камсыз кылуу жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү эсептелет.
2. Конкурстун уюштуруучусу жана конкурстун өткөрүлүшү үчүн жооптуу болуп Нарын шаарынын мэриясы эсептелет.
3. Конкурстун мөөнөтү, ал жөнүндө массалык маалымат каражаттарында кулактандыруудан баштап, жеңүүчүнү аныктоо жана аны менен келишим түзүүгө чейин, 45 календарлык күндөн ашпоого тийиш. Конкурска Нарын шаарынын микроавтобустук жана автобустук маршруттары коюлат.
4. Нарын шаарындагы шаардык маршруттарды ташуучулар тарабынан тейлөө укугу конкурстун жеңүүчүлөрүнө, заказчик менен милдеттүү түрдө келишим түзүү аркылуу ыйгарылат.
5. Конкурска менчиктин түрүнө карабастан, жүргүнчүлүк транспортунун квалификациялык мүнөздөмөлөрү жүргүнчү ташуунун коопсуздугу боюнча эрежелерде коюлган талаптарга жооп берген жана КР мыйзамына ылайык жүргүнчү ташууну уюштурууга лицензиясы бар юридикалык тараптар катыша алышат.
6. Конкурстун жыйынтыктарына жараша микроавтобустук жана автобустук маршруттарды Ташуучуга бекитип берүүнүн жана тейлөөнүн мөөнөттөрү конкурстук комиссия тарабынан 3 жыл болуп аныкталат, келишимдин жарамдуулук мөөнөтүн узартуу укугу берилбейт.
7. Маршруттагы жүргүнчүлөрдү ташуу бекитилген тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.
8. Негизги терминдер жана аныктамалар:
- Заказчик – Нарын шаарынын мэриясынын атынан Нарын шаардык Транспорт Департаменти;
- Катышуучу – транспорттук каражаттарга менчик укугу боюнча же башка мыйзамдуу негиздер боюнча ээлик кылган, жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү акы алып же жалданып ташуу кызматын көрсөткөн, бул ишмердикке аныкталган тартипте берилген атайын уруксаты – лицензиясы бар, конкурска катышкан жана анын жеңүүчүсү болгон тарап;
- Микроавтобус – жүргүнчү ташууга арналган маршруттук такси (өзгөчө кичи класстагы автобус);
- Автобус – жүргүнчү жана багаж ташууга арналган, орто жана жогорку сыйымдуулуктагы автотранспорттук каражат;
- Конкурс – маршруттарды эң жакшы шарттарды сунуш кылган Ташуучуга бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары;
- Конкурстук комиссия – Нарын шаарында жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу укугуна конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо жана маршруттарды Ташуучуларга бөлүштүрүү чечимин кабыл алуу үчүн түзүлгөн, коллегиалдуу орган;
- Конкурстук арыз – жеке менчик ташуучунун Нарын шаарынын маршруттарында жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу кызматы боюнча сунушу;
- Конкурстук документация – Заказчик тарабынан Катышуучуга конкурстук арызды даярдоо үчүн берилген, конкурстун шарттарын жана өткөрүү тартибин камтыган документтердин жыйындысы;
- Маршрутту пайдалануу укугу жөнүндө келишим – конкурстун жыйынтыгынын негизинде Заказчик менен Ташуучунун ортосунда түзүлүүчү келишим;
- Маршрутту пайдалануу үчүн акынын наркын эсептөө методикасы – аныкталган категорияга ылайык, маршрутту пайдалануу акысынын наркы.
9. Заказчик массалык маалымат каражаттары аркылуу конкурска 30 календарлык күн калганга чейин конкурстун өткөрүлүшү жөнүндө жарыя кылат, анда конкурстун негизги параметрлери жана өткөрүү мөөнөтү көрсөтүлөт (1-тиркеме).
10. Конкурска, менчиктин түрүнө карабай, конкурска катышуунун зарыл шарттарынын бардыгын аткарган ар бир юридикалык тарап катыша алат.
11. Конкурска катышууну каалаган ташуучулар Заказчикке конкурстук документациянын пакетин сатып алуу жөнүндө жазуу түрүндөгү, эркин формадагы арыз жазып тапшырып, пакеттин наркын алдын ала төлөшөт. Конкурстук документациянын пакетинин наркы конкурсту өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерине байланышкан чыгымдардын калькуляциясына туура келүүгө тийиш.
12. Конкурстук документацияда төмөнкүлөр камтылат:
- конкурска коюлган маршруттардын негизги мүнөздөмөлөрү (7-тиркеме);
- конкурстук жарыянын үлгүсү (1-тиркеме);
- Катышуучунун конкурстук арызынын үлгүсү (2-тиркеме);
- квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн формасынын үлгүсү (3-тиркеме);
- Катышуучу жөнүндө маалыматтардын формасынын үлгүсү (4-тиркеме);
- конкурстук сунуштарды баалоонун формасынын үлгүсү (5-тиркеме);
- кыймылдуу составды (микроавтобустарды жана автобустарды) баалоонун торчосу (6-тиркеме);
- маршрутту пайдалануу акысынын наркын эсептөөнүн методикасы (8-тиркеме);
- маршрутту пайдалануу укугу жөнүндө келишимдин үлгүсү (9-тиркеме);
- конкурстук комиссиянын кеңешмесинин эң көп баллга ээ болгон Катышуучуну аныктоо боюнча протоколунун үлгүсү (10-тиркеме);
- бир чоң конверт, Заказчикке конкурстук сунуштарды берүү үчүн.
13. Катышуучу конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн санына барабар сандагы конкурстук сунуштарды, төмөнкүлөрдү камтыган өзү жөнүндө маалыматты Заказчикке берет:
- Акыйкат министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү жана Катышуучуга салык төлөөчүнүн жана камсыздоо акысын төлөөчүнүн идентификациялык кодун ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунан карызы жоктугун тастыктаган маалымкаттар;
- Нарын шаарынын мэриясынын шаардык транспорт департаментинен Нарын шаарынын автобустук маршруттарын пайдалуу укугу үчүн Нарын шаардык Транспорт Департаментине карызы жоктугу жөнүндө маалымкат;
- тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, жүргүнчү ташууну уюштурууга укук берүүчү лицензиянын көчүрмөсү.
Катышуучунун квалификациялык мүнөздөмөлөрү жана маалыматтары бир чоң конвертке салынып, чапталат. Конверттин сыртында эч кандай таанытуучу белгилер, Катышуучу жөнүндө маалыматтар болбоого тийиш.
14. Заказчик өз мөөнөтүндө берилген конкурстук арыздардын бардыгын, эч бирин бөлбөстөн, кабыл алууга милдеттүү. Мөөнөтүнөн кеч берилген арыздар конкурска катышпайт.
Төмөнкү учурларда Катышуучу конкурска катышуудан четтетилет:
- Катышуучу (Катышуучулар) конкурстук документтердин пакетин тиешелүү деңгээлде эмес, талапка туура келтирбей, же салкын мамиле менен толтурса;
- Катышуучу (Катышуучулар) жөнүндө маалыматтар чындыкка туура келбесе;
- маршрутту тейлөө үчүн зарыл болгон транспорттук каражаттардын саны жетишсиз болсо.
Катышуучуну четтетүү жөнүндө чечим конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жүрүшүндө чыгарылат.
15. Катышуучу арыз берүүнүн бекитилген мөөнөтү аяктаганга чейин өз арызын өзгөртө же артка кайтарып ала алат, мындай учурда Заказчик арызды өзгөртүү же артка кайтарып алуу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүүнү мөөнөт аяктаганга чейин алууга тийиш, бекитилген мөөнөт аяктагандан кийин катышуучу тарабынан өз арызына кандайдыр-бир өзгөртүү же толуктоо киргизүүгө тыюу салынат.
16. Катышуучу тарабынан конкурска тапшырылган сунуштар конкурстун жыйынтыгы чыгарылганга чейин юридикалык күчкө ээ болот. Конверттерди ачуу, конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо ачык түрдө, комиссия тарабынан, аныкталган тартипте катталган Катышуучунун же анын өкүлүнүн көз алдында жүргүзүлөт жана протоколдо чагылдырылат.
17. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын сандык жана персоналдык курамы Заказчик тарабынан, шаардык кеңештин төрагасы менен макулдашылып аныкталат да, Нарын шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
18. Комиссияга Нарын шаарынын автобустук маршруттарын ташуучуларга бөлүштүрүү боюнча конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укук берилет.
19. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары төмөнкүлөр:
- маршруттарды конкурстук негизде ташуучуларга бөлүштүрүү;
- катышуучулардын тизмесин түзүү жана жүргүзүү;
- өз функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруу;
- Нарын шаарынын аймагындагы калкты транспорттук тейлөө сферасында рыноктук мамилелерди калыптандырууга жана адилет атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- адилетсиз, туура эмес атаандаштыктын алдын алуу жана тыюу;
- адамдардын конкурстук комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча арыздарын, сунуштарын кароо.
20. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- конкурстук сунуштардын пакетинин наркын конкурсту уюштуруп өткөрүүгө кетүүчү реалдуу чыгымдарды эске алып, бекитилген тартипте аныктоого;
- конкурстун өткөрүлүшүн бир гана жолу, 5 күндөн ашык эмес мөөнөткө жылдырууга;
- конкурстун өткөрүлүшүнүн маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
- Жобого ылайык, конкурстун Катышуучуларынан документалдык далилдерди же башка маалыматтарды тапшырууну талап кылууга;
- Заказчик талап кылган маалыматтарды, бекитилген тизмеге ылайык, өз учурунда тапшырбагандыгы үчүн, ошондой эле так эмес, толук эмес же ачыктан-ачык жалган маалымат берген үчүн Катышуучуну конкурстан четтетүүгө;
- конкурстун жеңүүчүсүн аныктоого;
- Катышуучуларга конкурстук комиссиянын кеңешмелеринин протоколдорунун көчүрмөлөрүн берүүгө.
21. Конкурстук комиссия төрагадан, анын орунбасарынан жана комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
Иш кагаздарын жүргүзүү үчүн, Заказчиктин буйругу менен комиссиянын катчысы дайындалат, ал комиссиянын мүчөсү боло албайт.
22. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 7 адам болууга тийиш. Комиссиянын катчысы конкурстук комиссиянын курамына кирбейт. Комиссиянын курамына Нарын шаардык кеңешинин 2 депутаты, Нарын шаарынын 1-вице мэри, мэриянын транспорт маселелерин көзөмөлдөгөн адиси, Транспорт жана коммуникация министрлигинин ыйгарым укуктуу органынын 1 өкүлү, транспорт департаментинин 1 өкүлү жана Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик башкармалыгынын 1 өкүлү кирүүгө тийиш.
23. Конкурстук комиссиянын кеңешмелеринде комиссиянын мүчөлөрү, башка адам менен алмаштыруу укугусуз, өздөрү катышат. Конкурстук комиссиянын кеңешмеси, ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн 3/2ден ашыгы катышканда гана ыйгарым укукка ээ болот.
24. Текшерүүлөрдү жүргүзүү жана консультация алуу үчүн адистерди жана эксперттерди конкурстук комиссиянын ишине катышууга тартуу акысыз негизде, алардын жетекчилери менен макулдашуу аркылуу ишке ашырылат.
25. Конкурстук комиссиянын ишине коомдук бирикмелердин өкүлдөрү – байкоочу катары катышууга укуктуу.
26. Конкурстук комиссия жарыяланган конкурстун талаптарына туура келгендиги таанылган конкурстук сунуштарды гана кабыл алат, салыштырат жана баалайт, бул жөнүндө протокол түзүлөт. Эгер конкурстук сунуш талаптарга жооп бербесе, анда четке кагылат.
27. Конкурстук документтерди сактоонун мөөнөтү – 3 жыл. Конкурстук документтер конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн 3/2ден кем эмес бөлүгүнүн катышуусу менен акт түзүлүп, актынын негизинде жок кылынат.
30. Конверттерди ачуу, Катышуучулардын сунуштарын кароо жана баалоо, эң жогорку балл топтогон катышуучуну аныктоо конкурстук комиссия тарабынан ишке ашырылат.
31. Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук документациянын реестрин түзөт жана кабыл алынган, конкурстук сунуштар салынган, ачыла элек конверттердин ар бирине иреттик каттоо номерин ыйгарат.
Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук сунуштар салынган конвертти ачат, катышуучу жөнүндө маалыматты угузат жана комиссиянын ар бир мүчөсүнө таратып берет.
32. Конкурстук сунуштардын нускалары конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралат. Алар конкурстук сунуштардын ар бир пункту боюнча өз баасын жекече коюп чыгышат.
33. Конкурстук сунуштар каралып, баалангандан кийин конкурстук комиссиянын катчысына өткөрүп берилет, катчы аларды өзүнүн конвертине, каттоо номерине ылайык салып чыгууга тийиш.
34. Конвертти ачуу жана конкурстук сунуштарды кароонун дал ушундай процедурасы конкурстун бардык Катышуучуларына карата жүргүзүлөт.
35. Конкурстук сунуштардын бардыгын карап жана баалап чыккандан кийин конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү баалоонун жыйынтыктары камтылган формага (5-тиркеме) кол коёт да, аны конкурстук комиссиянын төрагасына берет.
36. Конкурстук комиссиянын төрагасы кол коюлган формалардын негизинде Катышуучулардын жыйынтык баллдарын кошуп чыгат да, ар бир Катышуучунун жалпы суммардык баллын аныктайт, ал конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан протоколго түшүрүлөт да, конкурстун катышуучуларына ачык жарыя кылынат.
37. Жалпы суммардык баллдардын негизинде конкурстук комиссиянын төрагасы Катышуучунун иреттик номерин жана ал жөнүндө маалыматты угузат.
38. Эки же андан көп Катышуучу бирдей максималдуу суммардык балл алып калган учурда, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө бул Катышуучулардын конкурстук сунуштары кайра таратылат да, алардын ортосунда кошумча конкурс өткөрүү жолу менен конкурстун жеңүүчүсү аныкталат.
39. Конкурстук комиссиянын ачык конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо боюнча кеңешмесинин жыйынтыктары протоколго түшүрүлөт (10-тиркеме), ал протоколго конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлат да, төрага тарабынан бекитилет.
Конкурстун жыйынтыктарынын негизинде конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү-Катышуучуну аныктоо боюнча алгачкы чечим чыгарат.
40. Катышуучу тапшырган конкурстук сунуштардагы маалыматтардын чындыгы конкурстук комиссия тарабынан көзөмөлдүк текшерүүгө жатат. Ал үчүн Катышуучу 2 календарлык күндүн ичинде конкурстук шарттарга ылайык талап кылынуучу документтерди (лотту утуп алган бардык транспорттук каражаттардын техникалык паспортторун, алардын Катышуучуга таандык экенин тастыктаган документтерди, айдоо укугуна күбөлүктүн көчүрмөлөрүн (айдоочулук персонал үчүн), жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиянын көчүрмөсүн, салыктар боюнча, жергиликтүү бюджетке төлөмдөр боюнча жана Нарын шаарынын транспорт департаментине төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун тастыктаган документтерди) тапшырат. Конкурстук сунуштардын башка позициялары боюнча көзөмөлдүк текшерүү конкурстук комиссиянын каалоосу боюнча жүргүзүлөт. Текшерүүдөн кийин конкурстук комиссия жыйынтыктарды чыгарат да, жеңүүчү – Ташуучу жөнүндө жыйынтык чечимди кабыл алат. Конкурстук комиссиянын протоколунун жана шайкештикти текшерүүнүн жыйынтыктарынын, тапшырылган сунуштардын (маалыматтын) негизинде Нарын шаарынын мэриясы конкурс аяктагандан кийинки 10 күндүн ичинде конкурска коюлган Нарын шаарынын маршрутун пайдалануу укугу жөнүндө конкурстун жеңүүчүсү менен Келишим түзөт (8-тиркеме).
41. Текшерүү учурунда Ташуучу тарабынан тапшырылган конкурстук сунуштардын чын эместигинин фактылары аныкталган учурда, конкурстук комиссия мурун кабыл алган, конкурс өткөрүлгөн күнү жарыяланган алгачкы чечимин жокко чыгарып, Катышуучуну берилген конкурстун берилген лотуна кайра катышуу укугунан ажыратат. Конкурстук комиссиянын алгачкы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Катышуучуга 5 күндүн ичинде билдирилет. Конкурсту утуп алган Катышуучу көрсөткөн транспорттук каражаттарды ушул эле Катышуучу же башка Катышуучу тарабынан кайра көрсөтүүгө болбойт жана аларды конкурстун башка лотторуна катыштырууга жол берилбейт.
42. Эгерде конкурс ар түрдүү себептер менен өтпөй калса же 1 катышуучу гана болсо ж.б. убактылуу келишим ошол гана катышуучуга берилет (кийинки конкурска чейин же 6 айдан 1 жылга чейин).
Бир транспорттук каражаттын эки башка Катышуучу тарабынан кайталанып көрсөтүлүүсү аныкталган учурда, эки Катышуучу тең конкурска андан ары катышуудан четтетилет жана жыйынтыктар жокко чыгарылат.
42. Катышуучу жана Заказчик тапшырылуучу жана колдонулуучу конкурстук маалыматтардын конфиденциалдуулугун (жашыруундугун) сактоого милдеттүү.
Ташуучу Заказчиктин макулдугу менен келишимдин жарамдуулук мезгилинде конкурстук сунуштарда көрсөтүлгөн микроавтобустарды жана автобустарды жаңы жана ыңгайлуу унааларга, ошондой эле техникалык жактан бузук унааларды башка унааларга алмаштыра алат.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссиянын протоколунун көчүрмөсүн алууга укуктуу. Катышуучу конкурстун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамына ылайык тиешелүү органдарга доо менен кайрыла алат.