Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели №6
Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын калкын менчиктин түрүнө карабастан транспорттук каттамдар менен тейлөөгө шарттарды түзүү, адилет атаандаштыкты камсыз кылуу жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү максатында Нарын шаарындагы альтернативдүү транспорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосу эскирип жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу, аталган департаменттин жаңы иштелип чыккан Жобосун сессияда бекитип берүүгө 18.04.2013 - жылы №03\490 сунуш каты менен кайрылган.
Жобо шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталган.
Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын элин транспорт каттамдары менен тейлөөгө шарттарды түзүү жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү, адилет атаандаштыкты камсыз кылуу максатында Нарын шаардык таранспорт департаментинин Жобосу бекитилсин.
2. Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосу Нарын облустук «Теңир Тоо» коомдук саясий гезитене жарыялоо Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А. Сурановго, ал эми Жобону ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэри Б. Жээналиевге тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э. Турсуналиев
|
Каттоо № 2013-8
| Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы V-сессиясынын №6 токтому менен бекитилди |
1.1. Нарын шаардык Транспорт Департаменти Нарын шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жана Нарын шаарынын транспорт мекемелеринин бардык түрлөрүнүн ишин жөндөөчү Нарын шаардык мэриясынын түзүлүшүнө кирүүчү мекеме жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келгидей транспорт ишмердигинин инфратүзүлүшүнүн андан ары өнүгүүсү боюнча чара көрөт.
1.2. Нарын шаардык Транспорт Департаменти өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Нарын шаардык мэриясынын чечимдери, башка укуктук-ченемдик нормативдик актылар жана ушул Жобо менен башкарылат.
1.3. Нарын шаардык Транспорт Департаменти Нарын шаардык мэриясынын дайындалган транспорт каттамы жана жүргүнчүлөрдү жөнгө салуу боюнча иш алып баруучу жана өзүнүн функциясын мамлекеттик салык, транспорт (КТИ) жана Жол көзөмөлдөө кызматы (МАИ) менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.4. Нарын шаардык Транспорт Департаментинин уюштуруучусу болуп Нарын шаардык мэриясы саналат жана мөөнөтсүз уюштурулат.
1.5. Нарын шаардык Транспорт Департаменти өзүнүн ишмердиги боюнча Нарын шаардык мэриясына жоопкер болуп эсептелет.
1.6. Нарын шаардык Транспорт Департаменти мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап юридикалык тарап катары уюшулган-укуктук формадагы муниципалдык мекеме болуп эсептелет. Банкта өз алдынча баланстык эсеби, гербдүү мөөрү, бурчтук штампы ж.б. реквизиттери бар.
1.7. Нарын шаардык Транспорт Департаменти өзүнүн ишмердигин башка да мамлекеттик башкаруу уюмдар, органдар жана бийликтер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдар, о.э. башка уюмдар мекемелер жана атуулдар менен өз ара иш жүргүзөт.
1.8. Нарын шаардык Транспорт Департаментинин бул абалда көрсөтүлбөгөн уюшулушуна жана ишмердүүлүгүнө тишелүү бардык суроолор, Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамына ылайык жөндөлөт.
1.9. Нарын шаардык Транспорт Департаменти чарбалык коомдордун жана жолдошчулуктардын, ассоциациялардын жана башка бирикмелердин, о.э. чет өлкөлүк физикалык жана юридикалык тараптардын Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамына ылайык катышуучусу боло алат.
1.10. Нарын шаардык Транспорт Департаменти - Нарын шаарындагы альтернативдүү транспорттун түрлөрүн өнүктүрүү, демонополизациялоо жана башкаруу Департаментинин ишин улап алып баруучу мекеме болуп эсептелет.
1.11. Официалдык аталышы:
- Кыргыз тилинде: «Нарын шаардык Транспорт Департаменти».
- Орус тилинде: «Департамент Транспорта города Нарын».
1.12. Юридикалык дареги: Нарын облусу, Нарын шаары, Ленин көчөсү,7.
2.1. Негизги маселелери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Транспорт маселесинин чечилишинин ыңгайлуу жагын аныктоону жана инфраструктуранын үстүнөн эффективдүү көзөмөлдөөнү жогорулатууну камсыздоочу бардык транспорт түрлөрүнүн прогресивдүү, илимий-техникалык жана инвестициялык саясатынын өнүгүүсүндө бирдиктүү өнүгүү стратегиясынын калыптанышы жана ишке ашышы,
- транспорт инфраструктурасынын мындан ары өнүгүшү үчүн жана жүргүнчүлөрдү ташуунун бардык түрлөрүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салууну ишке ашыруу,
- шаардык жүргүнчүлөр ташуу боюнча кызматтын түрлөрүн кеңейтүү жана жогорулатуу,
- шаардык жүргүнчүлөр транспортунун өнүктүрүү саясатына катышуусу жана калыптанышы, стратегиялык пландарды жана программаларды, экономиканын жана транспортто ташылуучу калктын керектсүн камсыз кылуучу бизнес долбоорлорду ойлоп табуу жана ишке ашыруу, транспорттун бардык түрлөрү (автобустар, микроавтобустар жана таксоматорлор) менен кызмат кылуунун сапатын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу,
- Нарын шаарындагы маршруттук тармактарды оптимизациялоо жана транспорттун бардык түрүнүн кызматынын базаларын калыптандыруу,
- Нарын шаарынын маршрутарын калыптандыруу жана Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте ачык конкурс аркылуу бөлүштүрүү,
- Бирдиктуу борборлошкон диспетчердик кызматты калыптандыруу,
- Ташуучу субьекттер жана физикалык тараптар менен түзүлгөн келишимге ылайык диспетчердик тейлөөнү жана жүргүнчүлөр транспортун керектуу санда камсыздоону, шаардык маршруттарда пландык чыгууларын көзөмөлдөөнү уюштуруу,
- Жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган субьекттер жана физикалык тараптардын ишмердигин көзөмөлдөө жана келишимде камтылган шарттарды жана алар тараптан аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү.
- жергиликтүү бюджетке мыйзам чегинде (патент, келишим, ж.б.) пайда түшүрүү.
2.2. Нарын шаардык Транспорт Департаменти көрсөтүлгөн маселерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу унаалардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү,
- жүргүнчүлөрдүн жана ташуучулардын укугун коргоо жана сактоо, Нарын шаарынын маршруттарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кызмат жүргүзүү укугуна ачык конкурс (тендер) Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте уюштурууга жана өткөрүүгө,
- Нарын шаарынын аймагында транспорт кызматын көрсөтүү ишинде ишкердик кылуучу юридикалык жана физикалык тараптардын ишмердигин жөнгө салууну ишке ашыруу (жеңил таксилер, автобустар, микроавтобустар менен жүргүнчүлөрдү ташуу, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун токтоочу жайлары ж.б. өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык),
- ушул тармакта аракеттенүүлөр менен байланышкан маселелер боюнча сунуштар жана арыздарды карайт.
3.1. Нарын шаардык Транспорт Департаменти тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча маршруттарды жаны ачып, өзгөртүп жана бөлүштүрүүгө акысы бар:
- Нарын шаарынын маршруттарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүдө «ташуучулар» менен келишим түзүүгө,
- Жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын камсыз кылуунун үстүнөн, коомдук транспорт каражатынын (кичиавтобустар, автобустар, бусиктер) санитардык абалын, коюлган укуктук-ченемдик нормативдик актыларынын аткарылышын (келишимдин, маршруттук схеманын, иштин графигинин, кыймылдын расписаниеси аткарылышын, ж.б.) патенттин, Транспорт Департаментинин атайын төлөмүнүн аткарылышын, налог, транспорт (КТИ) Жол көзөмөлдөө кызматы (МАИ) менен чогуу көзөмөлдөө жүргүзүү жана чараларды колдонуу,
- Менчиктин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташуучу субьекттер шаардык маршрут тармактарынын, маршруттарды келишимдин жана конкурстун негизинде бөлүштүрүү, бекитүү,
- Юридикалык жана физикалык тараптардан жүргүнчүлөр үчүн транспорт жана шаардын ичиндеги, токтоочу кирүү-чыгуу аянттарын, шаар ичинде автомобилдердин акы төлөп токтоочу жайларын уюштуруу, транспорттордун токтогондугу үчүн акча чогултуп алуу тарифин калыптандыруу,
- транспорттор үчүн курулган ар кандай курулуштардын максатка ылайык колдонууну көзөмөлдөө (аялдамалар, диспетчердик пункттар, ж.б.) максатка ылайыксыз колдонгондо аренда үчүн төлөөнү коюу,
- кайрылуу боюнча калкты транспорт менен камсыз кылуу боюнча кызматтар тармагын түзүү,
- негизги фонддор жана акча айлантуу каражаттарды колдонуу (арендага берүү, ж.б.)
- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамына ылайык контракттык негизде жумушчулар жумушка кабыл алууну жана бошотууну ишке ашыруу,
- келишимдин негизинде ишкананын жана ишканалык эмес бөлүмдөрдүн астында түзүү жана уюштуруу коммерциялык – соода ишмердигин жүргүзүү,
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана физикалык тараптар менен, иш алакаттарды, келишимдерди макулдашууларды жүргүзүү,
- Нарын шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү транспорт менен ташууну ишке ашыруу менен байланышкан маселелерде Нарын шаардык мэриясынын транспорт тармагы боюнча өкүлү болуу.
4.1. Нарын шаардык Транспорт Департаментин директор башкарат, аны Нарын шаардык мэриясы кызматка шайлайт жана бошотот.
4.2. Коюлган маселелердин аткарылышы жана сапатын жогорулатууда жана түзүлүштүн бөлүктөрүн ишин эффективдүүлүгүн жогорулатуунун аткарылышы үчүн директор жоопкер болот.
4.3. Директор укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык кызматкерлерди контракттык-келишимдин негизинде жумушка алууга, бошотууга жана башка тартиптик чараларын көрүүгө,
- Мекеменин кызыкчылыгын көздөө жана башка милдеттерине ылайык иш аракет кылууга.
- Нарын шаардык Транспорт Департаментинин ишмердигин шаардын башка тиешелүү мекемелер менен макулдашып иштөөсүнө.
- Кыргыз Республикасындагы жана анын тышкары чегиндеги юридикалык жана физикалык тараптар өз ара мамилелешүүдө Нарын шаардык Транспорт Департаменттин менчигин башкарат, келишимдерди түзөт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
5. Текшерүү жана жооп берүү
5.1. Өзүнүн чарбалык ишмердигинин жыйынтыгын текшерүүнү ишке ашырат, бухгалтердик жана статистикалык жооп берүүнү орнотулган тартипте жүргүзөт.
5.2. Нарын шаардык Транспорт Департаментинин финансы-чарбалык ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган, жоопкерчиликтүү органдар тарабынан ишке ашат.
5.3. Нарын шаардык Транспорт Департаменти транспорт мекемелеринин (юридикалык жана физикалык тараптардын) милдеттери боюнча жооп бербейт. О.э. алар да Нарын шаарынын Транспорт Департаментинин милдеттерине жооп бербейт.
6.1. Нарын шаардык Транспорт Департаменти чарбалык эсептеги мекеме.
- Нарын шаардык транспорт Департаментинин штаттык бирдиктери Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилет.
6.2. Нарын шаардык Транспорт Департаментинин финансы булагы болуп негизинен:
- аренда акысынын эсебинен, келишимдин, контракттын жана Нарын шаарынын юридикалык жана физикалык тараптарынын келишимдеринин эсебинен,
- Эл аралык уюмдардан жана спонсорлук каражаттардын эсебинен.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тыюу салбаган ж.б. булактар.
7.1. Нарын шаардык Транспорт Департаментинин ишмердүүлүгүнүн токтому кайрадан түзүлүү түрүндө (биригүү, бөлүнүү ж.б.) же Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине ылайык жоюу түрүндө ишке ашат,
7.2. Жоюлуу Нарын шаардык мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан ишке ашат, жоюу комиссиясы жоюу тартибин жана мезгилин орнотот.
7.3. Нарын шаардык транспорт департаментинин ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө пайда болгон иш кагаздар «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.