Загрузка документа…
АЛДАШЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 25 майы №16
Саруу айыл мыйзамына толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Саруу айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 22- мартындагы № 2 заседаниясынын чечимин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 22- мартындагы № 2 заседаниясынын чечими эске алынсын .
2.Айыл мыйзамынын VII бөлүмүнүн 6 –пунктуна
- Огород участкасын сугарганда көчөгө суу чыгарбоо;
- өзунө тиешелүү арыктарды казып тартипке келтирүү;
- Таштандыларды көчөгө чыгарбай атаыйын бөлүнгөн жерлерге чыгаруу;
-Үйдөн чыккан мончонун кирдин сууларын арыктарга төкпөө;
- Көчөдөгү суу колонкаларын дайыма агызбоо, машина кир жубоо, мал сугарбоо;
- Саан уйдан башка малдарды тийиштуу жайыттарга чыгаруу;
- Көрүстөндөргө мал киргизбөө.
Айыл мыйзамынын XI бөлүмүнүн 4- пунктунда райондук кеңештин төрагасы деген сөз алынып салынсын. XIII бөлүмдүн 1-пуктунан айылдык курултайда кабыл алынган деген сөздөн кийин айыл мыйзамын областтык мамлекеттик администрациясынан каттоодон өткөндөн кийин деген сөз алынып салынып ,областык мамлекеттик юстиция башкармалыгынан өткөндөн кийин деген сөз менен алмаштырылсын.
Айыл мыйзамынын XI бөлүмүнүн 4- пунктунан кийин - Огород участкасын сугарганда көчөгө суу чыгарып көчөгө каптатса 500 сом;
- өзүнө тиешелүү арыктарды казып тартипке келтирбесе 500 сом;
- Таштандыларды көчөгө чыгарып санитардык абалын булгаса 1000 сом;
- Үйдөн чыккан мончонун, кирдин сууларын арыктарга көчөлөргө төксө 1000 сом;
-Көчөдөгү суу колонкаларын дайыма агызып машина,кир жууса, мал сугарса 1000 сом;
-Саан уйдан башка малдарды алып калып дыйкандардын үлүш жерлерин же айыл чарба өсүмдүктөрүн тебелетип зыянга учуратса 1000 сом;
- Ар бир дыйкан өзүнүн улуш жерине тиешелүү арыктарды тартипке келтирбесе, суу бербесе 500 сом;
- көрүстөндөргө мал киргизсе 500 сом;
-Магазиндеги жеке ишкерлер окучу өспүрүм балдарга спирт ичимдиктери, насвай, тамеки сатса 1000 сом;
- Жеке ишкерлер магазин ээлери өзүнүн айланасын таза кармабаса 1000 сом ;
- Менчик малды багуучу адамдар, механизаторлор айылдык жыйында айылдык кеңештин сессиясында бекитилген мал багуу акысы механизаторлор көрсөткөн кызматтарына бааларын өзгөртсө 1500 сом;
3. Айыл мыйзамын областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Жумагуловага милдеттендирлсин.
4. Айыл мыйзамы обласстык юстиция башкармалыгынан каттодон өткөндөн кийин айылдын а р бир короого көбөйтүп таратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Мендибаевга тапшырсын.
5. Айыл мыйзамынын талаптарын аткаруу айылдын ар бир атуулуна жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдын кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж. Абдыраевга милдеттендирлсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж. Кендирбаев |
Кыргыз Республикасы Ысык-Көл облусу Жети-Өгуз району Саруу айылдык өкмөтүнүн өз алдынча башкаруу жамаатынын
АЙЫЛ МЫЙЗАМЫ
Биз айылдык кеңештин аймагында жашаган граждандар, арабызда бузулгус биримдикти орнотуу, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосуна камсыздоону көздөп ушу өз алдынча башкаруу коомдоштугун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосун ыйык эрежелерин аныктаган ушул Уставы айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз. Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында, эн оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, аймагыбызда жашаган баардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада салттарынын асыл нарктарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал катары колдонобуз.
Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган биримдиги.
Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.
Улуттук ар намыс жана ариет.
Арыбас мээнет, алдынкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөт.
Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.
Табият менен таттуу мамиледе болуу.
Кыргызстан мамлекетин чындоо жана аны көздун карегиндей сактоо
Өз алдынча жамааттын негизги мыйзамы болгон Айыл мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт
-өз алдынча башкарууга өтүүнун негизги максаттарын -өз алдынча башкаруунун негизги принциптерин
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарын
- жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун тартибин
- жамааттын мүчөлүгүнүн укуктары жана милдеттери
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын
- жергиликтуу маанидеги маселелерди чечүүгө катышу жолдорун
-өз алдынча башкаруу жамаатынын экономикалык жана финансалык негиздеринин коммуналдык менчикке ээлик кылуу, анын пайдалануунун жана башкаруу тартибин
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жамааттын мүчөлөрүнө колдонулуучу сыйлык чараларын
- айыл мыйзамын бузган жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза колдонуу чараларын
- жамааттын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерин
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштурунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты бул жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги баардык коомдук пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү
2. өз алдынча башкарууга өтүү жана жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мамлекеттик жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги баардык маселелерди шартка жараша өз алдынча турмушка ашырып турууга
- жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана убагында чечип туруу максатында айылдык кеңештин аймагында өндүрүш каражаттарын, социалдык обьктилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттык ортолук жана финансалык экономикалык базасын түзүүнү
- айылдык кеңештин аймагында финансалык өз алдынча сарптоону мыйзамга ылайык жүргүзүүнү
- айылдык кеңештин бюджетин өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу жана демократияны өнүктүрүп, алардын ан сезимин жана активдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт
Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- Жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамааттын өз алдынчалыгы, өзун-өзү камсыз кылуусу, өзүн-өзү каржылоосу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги жамаатынын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынышы жана алардын эл алдындагы жоопкерчилиги
- жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктары маселелерди айкалыштырып чечүү максатында жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик кээ бир ыйгарым укуктарын берүү
- жамааттын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон айылдык кеңештин депутаттарынын жамаатынын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми аткаруучу тескоочу органдары болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы жана шайланышы
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк аткаруучу-тескөөчү жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чечилиши;
- жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу
- жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулугу, ачыктыгы, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кенири катмары менен тыгыз байланышы
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда, элдик жыйындарда, айылдык кеңеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын мамлекеттин жоопкерчилиги
Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы айылдык кеңеш
- айылдык кеңештин аткаруучу тескөөчү органы айыл өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдык өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак жайлык, көчө жана кварталдык комитеттер) ж.б. он башылар
- аксакалдар соттору, коомдук коргоо кошундары;
- жамааттын материалдарын, финансалык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу;
- жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырышат:
- жергиликтуу айылдык референдумдар;
- жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары; - айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б
- жергиликтүү айылдык шайлоолор, кеңешмелер, жогорку органдардын чечими, токтомдорунун аткаруусу;
Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк жана аткаруучу тескөөчүү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш аракеттери, ошондой эле жергиликтүү айылдык референдумдардын жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул эле мыйзамы аркылуу жөнгө салынат.
Эскертүү: Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз аймагында ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн уюмдарынын жана башка уюмдардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
1. Жамааттын мучөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт
2. 16-жаш курагына жеткен, кеңештин аймагында туруктуу жашаган ушул айыл мыйзамын неиети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милтеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтуу жамааттын мүчөсү болуп эсептелинет
3. Туруктуу жашоо үчүн башка жактан көчүп келген Кыргыз Республикасынын граждандары жеке арыздарынын негизинде айыл өкмөтүнүн чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө граждандардын арызы айыл өкмөтү тарабынан 1-айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүш каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул эле мыйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын граждандары өз арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн чечими менен жергиликтүү жамааттын мүчөсү боло алат.
5. Жамааттын мүчөсү өзүнүн арызынын негизинде же болбосо айыл мыйзамынын эрежелерин сактабагандыгы үчүн аксакалдар сотунун чечиминин негизинде айылдык кеңештин жыйынында жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарылат
6. Мүчөлүк акы төлөйт күбөлүк берилет.
Жамааттын ар бир мүчөсү ушул айыл мыйзамына ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот:
1. Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүнүйө мүлктүн жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга; - иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрү үчүн берилген женилдиктерди пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киригизүүгө жана суроолоруна жооп алууга алардын иши боюнча өз пикирин айтууга жана баа берүүгө;
- жамааттын мучөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктын ортолук менчигиндеги уюмдун, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген тартиптин чегинде пайдаланууга;
- жергиликтүү референдумга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык кеңеш менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча үзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- айыл мыйзамында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса аларга жаза көрүү максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул мыйзамда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытында ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгеги менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамааттын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана айыл мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга;
2. Аталган укуктардан жана ушул мыйзамда корсотулгон артыкчылыктарды жана женилдиктерден жамаатташтыктын мүчөлөрү гана пайдалана алат.
Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айыл мызамынын эрежелерин бекем сактоого ;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын, жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү ондоого, арыктарды, көчөлөрдү) санитардык тазалоого, көрктөндүрүү жашылдандырууга ж.б максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды жана чектерди нормаларына милдеттүү;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамы чегинде жана ушул мыйзамдын дэнгээлинде кабыл алынган баардык чечимдерди аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн жана короо жайын тазаа кармоого, өз убагында ондоп турууга, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- мыйзамдуулукту бузуунун баардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көнүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоого;
- курчап турган табиятка (айлана чөйрөгө) камкордук жана саржалдуулук менен аяр мамиле кылууга, токой, дарак, дары чөптөргө башка өсүмдүктөргө жана жаныбарларга кыянаттык мамиле жасабоого;
- турак жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак уйлорду, ага жакын имараттарды обьектилерди пайдаланууда орт коопсуздугун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга
2. өзгөчө милдеттер жана парздар
- балага кам көрүү, аны түура тарбиялоо, билим алуусуна шарт түзүү, ар бир ата эненин милдети
- ата-энелерине камкордук көрүү эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөру жок кары картандарды, эмгекке жараксыз адамдарды камкордукка алуу жана багуу жалпы жамааттын ыйык парзы;
- улууга урмат, кичүүгө ызаат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпөздукка, жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышууга жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
- өз үй-бүлөөсүнө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна колондор менен тынчтыкта жашоо, үй бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттуулукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо, ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети
- ар бир улуттун намысын жана каада салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чындоо айылдык кеңештин аймагында жашаган ар бир өкүлүнүн милдети
- Огород участкасын сугарганда көчөгө суу чыгарбоо;
- өзунө тиешелүү арыктарды казып тартипке келтирүү ;
- Таштандыларды көчөгө чыгарбай атаыйын бөлүнгөн жерлерге чыгаруу;
-Үйдөн чыккан мончонун кирдин сууларын арыктарга төкпөө;
- Көчөдөгү суу колонкаларын дайыма агызбоо , машина кир жубоо, мал сугарбоо;
- Саан уйдан башка малдарды тийиштуу жайыттарга чыгаруу;
- Ар бир дыйкан өзүнүн үлүш жерине тиешелүү арыктарды тартипке келтируу;
- Көрүстөндөргө мал киргизбөө;
Эскертүү: той, тамаша жана маркумдарды узатуу, ысырапсыз, акыл эстуулук менен аткарылууга тийиш, бул багытта айыл окмоту тарабынан чыгарылган токтом буйруктарды толук аткаруу зарыл
Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптуу өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө жана нарктуу тарыхий, маданий, рухий салттарын сактоо жана өркүндөтүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, унөмчүл жана жаратманбагытында тарбиялоо;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдонуу жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү, адамдарды, социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- мыйзамдарга жана ушул айыл мызамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү;
1.Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансалык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар демөөрчүлүк, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыйымылдуу жана кыймылсыз дүйнө мүлктөр, социалдык маданий турмуш тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
-жааматка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол, чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер
- жергиликтуу бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар;
- жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;
- ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- сатылган азык түлүктөрдөн түшкөн акылар;
- өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен түшкон фонддор;
- тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн, түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансалык ресурстар
2. Жамааттын финансалык экономикалык негиздерин түзгөн байлыктарды айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
3. Жамааттын материалдары-финансалык байлыктарын сарамжалдуу жана туура пайдаланышына коомдук көзөмөлдөө айылдык кеңеш тарабынан тузулуучу 59 адамдан турган көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйында жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
Айыл мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларга, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка ото пайдалуу ар кандай кызмат көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-түрүмү боюнча эн жогорку үлгү жамаатынын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка адамдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мумкун:
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка моралдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- «Ыймандуу үй-бүлөө», «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө» деген наамдарды ыйгаруу
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү
Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдык кварталдык жашочуларынын жалпы жыйынында, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүно, айылдык кеңештин депутаттарына таандык
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу «Ыймандуу уй-булоо», «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө» деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
в) жамааттын ардак тактасына, ардак китебине жазуу, «Айылдын ардактуу адамы» деген наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Айыл мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза, чаралар колдонулат:
- оөз эки же жазуу түрүндөгү эскертүү;
- жашаган жерине өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген женилдиктерден жана берилген ардак наамдардан ажыратуу;
- белгиленген тартипти айыл жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салу;
Жогоруда көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн айыл башчысынын өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
Айыл мызамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат
а) айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине
- жазуу жузундогу эскертуу;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салу;
- айыл өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн чыгарып салу;
б) айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен айыл башчысына эскертүү берүү;
-айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө;
Айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип, тууралыгы аныкталгандан кийин кана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
Жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жазалар колдонулат:
- Огород участкасын сугарганда көчөгө суу чыгарып көчөгө каптатса 500 сом
- өзүнө тиешелүү арыктарды казып тартипке келтирбесе 500 сом
- Таштандыларды көчөгө чыгарып санитардык абалын булгаса 1000 сом
- Үйдөн чыккан мончонун, кирдин сууларын арыктарга көчөлөргө төксө 1000 сом
-Көчөдөгү суу колонкаларын дайыма агызып машина,кир жууса , мал сугарса 1000 сом .
- Саан уйдан башка малдарды алып калып дыйкандардын үлүш жерлерин же айыл чарба өсүмдүктөрүн тебелетип зыянга учуратса 1000 сом
- Ар бир дыйкан өзүнүн улуш жерине тиешелүү арыктарды тартипке келтирбесе, суу бербесе 500 сом
- көрүстөндөргө мал киргизсе 500 сом
-Магазиндеги жеке ишкерлер окучу өспүрүм балдарга спирт ичимдиктери , насвай , тамеки сатса_1000 сом
- Жеке ишкерлер магазин ээлери өзүнүн айланасын таза кармабаса 1000 сом
- Менчик малды багуучу адамдар, механизаторлор айылдык жыйында айылдык кеңештин сессиясында бекитилген мал багуу акысы механизаторлор көрсөткөн кызматтарына бааларын өзгөртсө 1500 сом
Жамааттын өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында,мыйзам ченеминде белгиленген тартипти ар кандай денгээлде тузулгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмеге мүчө болуп кирүүгө укуктуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти аткаруу менен жамааттын чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу;
Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигине маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджентинин эсебинен массалык маалымдуулуктун каражаттарынын (гезит,баракчалар, жергиликтүү теле, радио түйүндөр) ж.б. мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
1.Жамааттын айыл мыйзамынын долбоорун айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн комиссия Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен айыл мыйзамынын үлгүсүнүн негизинде иштеп чыгат.
Комиссия тарабынан даярдалган айыл мыйзамынын долбоору айылдык кеңештин жыйналыштарында бекитилип, жамааттын мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлат. Талкуулоого түшкөн сунуштардын негизинде комиссия айыл мыйзамынын долбооруна тиешелүү кошумчаларды киргизип айылдык кеңештин кароосуна коет. Айылдык кеңеш тарабынан бекитилген долбоор юридикалык экспертизадан өткөрүү үчүн областук мамлекеттик юстиция башкармалыгынан өткөндөн жөнөтүлөт. Юридикалык экспертизадан өткүрүлгөндөн кийин айыл мыйзамынын долбоору жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн (курултайынын) кароосуна коюлат. Айылдык курултайда кабыл алынган айыл мыйзамы облустук мамлекеттик юстиция башкармлыгынан каттоодон өткөндөн кийин, ал айыл өкмөтүнүн жардамы менен он башылар, айыл активдери аркылуу элге түшүндүрүлөт жана жеткирилет.
1.Айыл мыйзамы жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ал айылдык кеңештин аймагында жамааттын баардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кыйшаюсуз аткарууга жатат.
2.Жамааттын айыл мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү, аксакалдар соту жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү өзүлөрү жүзөгө ашырышат.
3.Жамааттын айыл мыйзамына түзөтүүлөрдү, алымча кошумчаларды киргизүү ушул айыл мыйзамында кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
«Ырыс алды ынтымак» деп ушул өзүбүздүн кабыл алган айыл мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюсуз аткаралы. «Сабырдын түбү сары алтын» деп чекилик иштерге барбай ынсап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бироого жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктарды толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы. Ошондо кана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кембагалыбыз байып, өнөрлөрүбүз өсүп, мээнеткечибиз дөөлөтөо жетип, элибизден ыйман, насип кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул алдыга койгон ыйык милдетибизди аткарганга күч кубат берсин!