Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 марты №4
Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайында каралган жергиликтүү жамааттын Уставы боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана ( N райондук массалык маалымат каражаттарына (веб-сайтына) жарыялансын жаьч жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү женүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдып 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларьпт каттоонун тартибп жонүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардыи мамлекегтик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусуиун Юстиция башкармалыгыпа жиберилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө л^агы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Мүдүновго жүктөлсүн.
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңештин терагасы |
Ж. Осмоналиев |
Каттоо номери №4
| Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 23.03.2013-жылдагы XXIX чакырылышынын IV сессиясынын №4 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын, Нарын облусунун, Нарын районунун Учкун айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
УСТАВЫ
Биз, Учкун айыл аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты. коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, айылыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарын, асыл-нарктарын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмуш курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадаы баш, бир жеңден кол чыгаргап биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны колдонуп, аны көздүн карегиндей сактоо.
I. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтуү жамааттын негизги мыйзамы болгон жергиликтөө жамааттын уставы төмөндөгүдөрдү аныктайт жана камтыйт:
- жамааттын нсгизги шарты жана максаттары;
- жамааттын өзун-өзү башкаруунун принциптери;
- жамааттын мүчөлөрү: i
- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
- жамааттын финансылык-экономикалык негиздери;
- жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары;
- жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрулүүчү жаза чаралары;
- жамааттын өзгөчө укуктары;
- уставды кабыл алуунун, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
- жааматтын гурмуптундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелери.
II. Жамаапын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунуп жана жүргүзүүнүп негизги шарты - бул жамааттын жергиликтөө маанидеги бардык коомдук-пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, алардын мыйзам Чегинде өз алдынча чечуүтө жана башкарууга жөндөмдүүлүгу.
2.2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана өз убагында чечип туруу максатында айылдык Кеңештин аймагындагы каражаттарын;
- социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктеп ажыратып алууиу, ошомдой эле башка мүлк ээлеринии ыктыярдуу түрдө берген мүлк-байлыктарын откөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук меичик жана финансылык экономикалык базасын түзүүнү;
- айылдык Кеңештин бюджетин өз алдынча тузүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлорүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо иигане тартуу менен демократияны өнүктүрүп. мыйзамдын так сакталышына аң-сөзими жана активдүүлүтүн жогорулатууга;
III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун.принциптери
3.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалагы, өзүнөзү камсыз кылуу, өзүнөзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана аларды эл алдындагы жоопкерчилиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк. аткаруучу жаиа аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши;
- социалдык-акыйкаттуулуктун сакталышы;
- жааматтын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыкгарынын корголушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмары менен тыгыз байланышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык Кеңеш менен айыл Өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди кётёрөө жана пикир айтуу эркиндиги;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздөөгө жана мыйзамдүулугу боюпча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
IV. Жачмааттын өз алдынча башкаруу органдары
4.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлчөлөктөө органы – айылдык Кеңеши;
- айылдык Кеңештин аткаруучу орган - айылдык Өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак-жай, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.);
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
- жамааттып материалдык-финансылык байлыктарын пайдалапуу боюнча элдик көзөмөл тобу.
4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана тикелей катьплуу формаларында жүзогө ашырылат.
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдыича башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишкс ашырылат. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4.3. Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзогө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;
2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана (же) жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
\/. Жамааттын мүчөлүгү
5.1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жааматка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт. Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуулдун өзү кол коет.
5.2. 16 жаш курагына жеткен, айылдын аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул уставын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
5.3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арыздарынын нсгизинде айылдык Кеңешинин чечими менсн жамааттын мүчөлүгүно кабыл алынат. Жамаатка мүче болуп кирүү женүнде жарандардын арызы айылдык Өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөноттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
5.4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыимылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетте дайьша салыктарды жана жыйымдарды төдөп турган, ушул уставы кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары өз жамаатынын мүчөсү боло алат. Бирок айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Жамааттын мүчөсү ушул Уставга ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот. Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине. жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө-мүлктүк жана башка абалына карабасган гөмөндө! үлергө укуктуу:
- жамааттын өз алдыыча башкаруу органдарына шайлоого жама шайланууга;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга:
- иш тажрыйбасына. билиминс жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат отөөгө;
жамааттын мүчөлөрү үЦүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүге жана коюлган суроолоруна ынамдуу жооп алууга, алардын ипш боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө:
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;
- айыл курултайларына, айылдык жыйындарга. айылдык Кеңеш менен айыл Өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүмүн сунуштарын киргизүүго;
- жамааттын Уставында чагылдырылган укукгар өз алдынча башкаруу opi андары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- жамааттын Уставымын эрежелерин жамааттын баптка мүчөлөрү бузган учурда. Өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул Усгавда корсотүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик!укук коргоо жана сог органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөөчүлүк (сервистик), соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана апы жалпы жамааттык, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлугүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республпкасынын мыйзамдарында каралган башка да укуктардан пайдаланууга.
6.2. Аталган укуктардаң жана ушул уставда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамааттын мүчөлерү гана пайдалана алышат.
VII. Жамаатын мүчөлөрүнүн милдеттери
7.1. Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Айыл мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталгам бардык коомдук-пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обүектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, арыктарды, көчөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюппурулган ашарларга) катьипууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилгеп шартгарды жана чсктсрди (нормаларды) милдетүү түрдө аткарууга;
- жамааттын өз алдын.ча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында оңцоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбагынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоого;
- курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамилс кылууга. токой. дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянаттык кылгандар менен күрөшүүгө, тарыхый. маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- турак-жай имарапарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- жамааттын мүчөлөрунүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди. сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги. мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга.
7.2. Өзгөчө милдеттер жана парздар:
- балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо - ар бир ата-эненин милдети;
- ата-энелерине камкордук көрүү - эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, опюндой эле багар- көрөрү жок кары-картаңдарды. майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу - жалпы жамааттын ыйык парзы;
- улууга урмаг. кичүүтө ызат, аялдарга сый көрсотуү, аракечтикке, уурулукка, баңгиликке. сойкулукка, бузукучулукка, бсксрпостукка. жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук • тартипти сактоого катышуу - жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
- өз үй бүлөсүндө ыптымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошунаколоңцор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо - ар бир үй- бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чыңцоо айылдык (поселкалык) кеңештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети:
- Эскертүү: той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүуиүн. маркумдарды узатуунун коомдук тартиби айыл өкмөтү (же айыл башчылары) менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
8.1. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеч и негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү 1менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тарапхан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай - коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк керсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөче асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарын сактоо жана өркүндөтүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо максатында айыл аймагында болгон тартип бузууларга, корук, көчүп-конуу, жайыт жана башка маселелериңде болгон тартип бузууларды айылдык аксакалдар Сотунун жана айылдык Кеңештин чечимдери аркылуу ар кандай иш-чара көрүү меиеп жөнгө келтирүү;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уитул Усгавга каршы келбеген башка маселелерди чечүу.
IX. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздери
9.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусунүн экоиомикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмендөгүлор түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө- мүлктөр, социалдык. маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обүектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол чарба обүектилерйнин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана батпка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвсстициялар;
- жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;
- ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар;
- өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгӨн бюджепен тышкары фонддор;
- тышкы гжоиомикалык ишкердүүлүктөн. гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансылык ресурстар.
9.2. Жамааттын финаАсылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
9.3. Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланылышына коомдук көзөмөлдөө айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
X. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары
10.1. Жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн. жамааггаштыкка Өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, Өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүне, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн;
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктары менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- "Ыймандуу үй-бүлөө", "Үлгүлүү үй (көчө, квартал) деген наамдарды ыйгарүу;
- жамааттын Ардак Тактасына жазуу;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу:
- "Айылдын ардактуу атуулу" - деген ардак наам ыйгаруу:
- Кыргыз Республикасынын мамлсксттик сыйлыктарына жаиа ардак наамдарына көрсөтүү.
10.2. Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдып, кварталдын жашоочуларынын жалпы жыйындарына, аксакалдар сотуна. коомдук уюмдарга, айыл башчыларына, айыл өкмөр/нүн мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына таандык;
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жаиа акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, - "Ыймамдуу үй-бүлөө", "Үлгүлүү үй, көчө (квартал)" деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине жазуу, "Айылдын ардактуу атуулу" - деген ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
“мамлекеттик" сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
XI. Жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары
11.1. Жамааттын уставынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө тӨмөндөгү жаза чаралары колдонулат:
- оөзеки же жазуу жүзүндөгү эскертүү.
- жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйь.:" ^а коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана берилген ардак наамдардан ажыратуу;
- белгиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
11.2. Жогорудагы көрсөтүдгөн жоолкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн. айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш. айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдоиулат.
11.3. Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
а) Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине:
- жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу;
б) айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен:
- айыл башчысына эскертүү берүү;
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунуп жалпы курамына же аным айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
в) айылдык кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
11.4. Айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук кеңештин төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
XII. Жамааттын өзгөчө укуктары
12.1. Жамаатташтыкка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары м . ;н биргелешип чечүү максатында. мыйзам ченеминде белгиленгем тартипте ар кандай деңгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдымча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
12.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жамааттык чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
12.3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында. жамаат Өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (гөзит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
XIII. Жамааттын Уставын кабыл алуу жана өзгөртүү, толуктоо киргизүүнүн тартиби
13.1. Жамааттын уставы тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
13.2. Жамааттын уставы менен жергиликтүү кеңештин жана аткаруу органынын өз ара мамилелеринин тартиби жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтөө өз алдынча башкаруу жёнөнөдё» Мыйзамында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелери аныкталат.
13.3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана голуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин чогулуштарынын (жыйындарынын), жарандардын топторунун. курултайларынын же депутаттарынын тобунун сунушу боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добуштарынын копчүлүгү менен жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
13.4. Эгерде уставдар менен жөнгө салуу чейрөс\нө таандык кылынган маселелер устав меиен жонгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
13.5. Жамааттын уставы жергиликтү^ өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталуута жатат.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үч^н Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
XIV. Жыйынтык тилек
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
"Ырыс алды ынтымак" - деп ушул өзүоүз кабыл алган Лйыл мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюусуз аткаралы. "сабырдын түбү сары алтын" - деп чекилик иштерге барбай нысап кылып. ыйманыоызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдалапып, Өз тагдырыбызды өз кол\бузга алалы да өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеперди билгичтик жана жоопкерчилик vieiien шпке агпыралы!
Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз толуп, кембагалыбыз байып, өнөрлүүбүз өсүп, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип. элибизден ыйман, нысап кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып. калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул алдыга койгон ыйык милдетибизди аткарганга күч-кубат берсин!