Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 3/2
Кочкор Мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунун азыркы абалы жөнүндө
Кочкор мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунун азыркы учурдагы абалы жөнүндө Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводунун директору Б.Качиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында жайгашкан Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводу 2010-жылдагы апрель айындагы өлкөдөгү башаламандыкта айрым адамдар тарабынан малы таланып кеткендигине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин иштебей тургандыгы белгиленсин.
2. Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводуна тиешелүү мүлкүн, жерин инвентаризациялоо боюнча депутаттык комиссия түзүлсун (тиркеме тиркелет).
3. Кочкор асыл тукум кой өстүрүү заводуна тиешелүү кампалар сатылбастан элге кызмат көрсөтүү жагы каралсын, ал эми карызы үчүн сатыла турган кашарлар жана башка объектилер аймактын жашоочуларына сатылсын.
4. Кочкор мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводу пайдаланып жүргөн 248 га ФПСтин жери элге конкурстук негизде 5-жылдык мөөнөткө берүү жагы келишимдин негизинде аренда акысын белгилөө менен берилсин.
5. Кочкор мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунун ишин жөнгө салуу үчүн мамлекет тарабынан каржыланып иш ыргактары жөнгө салынган учурда ижарага берилген жер учаскаларынын келишимдери мөөнөтүнөн мурда токтолсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |
| Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 12-февраль 2013-жылдагы №3/2 токтомуна тиркеме |
1. Букамбаев М- Комиссиянын төрагасы, Семиз-Бел айылдык кеңешинин төрагасы
Мүчөлөрү:
2. Моңкоев Э- Семиз-Бел айыл өкмөтүнү башчысы
3. Алымжанов Ө- Айылдык кеңештин депутаты
4. Акишов Б-- Айылдык кеңештин депутаты
5. Жумабаев Н- Айылдык кеңештин депутаты
6. Искенов Б- Айылдык кеңештин депутаты
7. Карагозиев Ж Айылдык кеңештин депутаты
8. Сеңирбаев Т-Айылдык кеңештин депутаты
9. Исаев Т-Айылдык кеңештин депутаты
10. Чаарчокуев А-Айылдык кеңештин депутаты
11. Асаналиев С-Айылдык кеңештин депутаты
12. Алыбаев Ж-Айылдык кеңшентин депутаты
13. Карабаев К-Чекилдек айылынын башчысы
14. Рысалиев К.-Арсы айылынын башчысы
15. Карагозиев Р-Семиз-Бел айылынын башчысы
16. Омуралиева Ж-ГПЗ эсеп бугалтери
17. Такырбашов А-ГПЗ инженер