Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 3/4
(Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши)
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жыл үчүн иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |
| Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз III сессиясынын №3/4 токтомуна 1-тиркеме |
№ п/п | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Даярдоого жооптуулар |
I- квартал. | |||
1. | 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө | ФЭБ башчысы А.Касымова | Туруктуу комиссия Ф.Э.Б. бөлүмү |
2 | Семиз-Бел айыл өкмөтү боюнча жазгы талаачылык жумуштарын аткаруудагы тарифтерди бекитүү жөнүндө. | Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башчысы |
3 | Кочкор райондук ветеринардык башкармалыктын калк арасында мал чарбасындагы малдан жугуучу оорулардын алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө | Кочкор рай.вет.башкармалыгынын башчысы С.Медетбеков
| туруктуу комиссия |
4 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө. | ФАП башчылары
| туруктуу комиссия |
II - квартал | |||
1 | Жайыт комитетинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө. | Жайлоо комитети | Жайлоо комитетинин төрайымы, туруктуу комиссия |
2 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө. | Айыл өкмөтүнүн башчысы Айыл башчылар | Туруктуу комиссия |
III-квартал | |||
1 | Мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана ремонт иштери жөнүндө | ФЭБ башчысы Мектеп директорлору | Туруктуу комиссия |
2 | Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө | Клуб башчылары | Туруктуу комиссия |
IV- квартал | |||
1 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Монкоевдин 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн аппараты | Туруктуу комиссия |