Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январы № 1-4
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |
| Ат-Башы айылдык кеңешинин 12-январь 2013-жылдагы №1-4 токтомуна тиркеме |
1. Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу тармактык комиссия.
Төрагасы: К.Айдыралиев;
Мүчөлөрү: Ж.Дүйшеев, М.Молдалиев, К.Жапаров, М.Жамашов.
2. Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу тармактык комиссия.
Төрагасы: Б.Ибраев;
Мүчөлөрү:К.Асанбаева, Дүйшөке уулу Сталбек.
3. Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу тармактык комиссия.
Төрагасы:И.Бейшеналиев;
Мүчөлөрү: Т.Каденов, Н.Ясинова, А.Аалиев.
4. Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу тармактык комиссия.
Төрагасы: М.Акматалиев;
Мүчөлөрү: Б.Чөлбаева, З.Алахунов.
5. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу тармактык комиссия.
Төрагасы: Ж.Курмангалиев;
Мүчөлөрү: Ф.Рахманова, Г.Молдоянова, С.Курманалиева.