Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4-3
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын жана тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын өлчөмү жана Ат-Башы айылындагы соода түйүндөрү, түтүндөр жана коммерциялык уюмдар үчүн тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрү, калькулациясы боюнча «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевдин сунушу менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын 1 айлык өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 .Бир түтүнгө - 50 сом;
2. Дүкөн жана павильондорго - 60 сом;
3. Кафе жана чоң дүкөндөргө - 300 сом;
4. Коммерциялык уюмдарга - 250 сом;
5. Бюджеттик мекеме ишканаларга - 100 сом;
6. Базарларга - 800 сом;
2. Ат-Башы айылындагы жакыр, жардамга муктаж үй-бүлөлөр тазалык үчүн төлөмдө төлөөдөн бошотулсун;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевге тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |
| Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы №4-3 токтомуна тиркеме |
Штаттык бирдик | Кызматтык маяна | 377 токтом боюнча кошумча төлөм | Райондук коэффициент | 1 айлык эмгек акы | ||
% | Сумма | % | Сумма | |||
1 | 6000 | 5 | 300 | 50 | 3150 | 9450 |
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |