Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18- декабры № 6
Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы XXV чакырылштагы IX сессиясынын №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилген.
Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы 2013-жылдын 11-декабрындагы отурумунда Жобого өгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча суушун Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча комиссиянын протоколун кабыл алышкан.
Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын жана сессияга катышкан депутаттардын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы XXV чакырылштагы IX сессиясынын №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоолор киргизилсин.
· бөлүмүнүн 1.4 пункутундагы “Ардагерлер маселелери жаштар саясаты, спорт жана туризимди өнүктүрүү, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” деген сүйлөм “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
· 1-бөлүмүнүн 1.6 пункутундагы Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүү маселеси деген сөздөн кийинки жылына бир гана жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта берилет деген сүйлөм депутаттык Туруктуу комиссиянын сунушу менен Жобого ылайык берилет деп өзгөртүлсүн
· 3-бөлүмүнүн 3.1 пункутундагы Ал эми көчөлөрдүн аттары жашап жана иштеп жаткан көзү тирүү адамдарга берилбесин деген сүйлөм толугу менен алынып салынсын.
2. Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна киргизилген өзгөртүү, толуктоолорду “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киригизүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |
1.1. Бул Жобо Нарын шаарынын мекемелерине, ишканаларына, окуу жайларына, көчөлөрүнө жана көчөнүн мурдагы атын өзгөртүүнү жана парктарга(сквер) ат берүүнү аныктайт.
1.2. Ат берүү демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органы, шаардык мэрия, шаардык Кеңеш мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, райондук, шаардык Кеңештер, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3. Ат берүү жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, мэрия Жобого ылайык карап чыгып, өзүнүн сунушу менен шаардык Кеңешке жөнөтөт.
1.4. Шаардык Кеңеш сунуштарды кабыл алып, Жобого ылайык карап чыгуу боюнча шаардык Кеңештин алдында түзүлгөн « Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссияна жөнөтөт.Туруктуу комиссия Кыргыз Республикасынын укуктук Мыйзамрарынын жана Жобого ылайык карап чыгып,өзүнүн сунушу менен Кеңештин сессиясына сунуштайт;
1.5. Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына(сквер), мекеме, ишканаларына, окуу жайына ат берүү шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, сессияга катышкан депутатттардын 3\2 добушуна ээ болгондон кийин колдоого алынды деп эсептелет;
1.6. Шаардын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме-ишканаларына, окуу жайларына ат берүү депутаттык туруктуу комиссиянын сунушу менен Жобого ылайык берилет;
2.1. ССрдин учурундагы жана азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын баатырлары, орден, медалдардын ээлерине;
2.2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;
2.3. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлерине, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштууларга;
2.4. СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана облустук, шаардык Кеңешке 3 ирээт депутат болгон инсандарга;
2.5. Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетин аткарып жогорку сыйлыкка ээ болгондорго;
2.6. Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, Мамлекеттик жогорку сыйлыктарга жана шаардын ар кандай тармактарына кошкон зор эмгектери үчүн Ардактуу наамдарга ээ болгон инсандарга;
2.7. Шаарга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
2.8. Нарын шаарынын «Ардактуу Атуулу»наамы берилгендерге;
2.9. Ушул талаптардын 3\2 жооп берилсе;
3.1 Шаардагы мурда адамдардын ысымы берилген көчөлөрдүн аты ар кандай себептер менен өзгөртүүгө макулдук берилбейт;
· Кыргыз Республикаснынын Эгемендүүлүктү алгандан кийинки (1991-жылдан берки) көчөлөрдүн парктардын(сквер) аттары ар кандай шылтоолор менен өзгөртүүгө тыюу салынсын.
3.2 Жаңы көчөгө ат берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, ал эми мурда аты бар көчөнүн атын которгондо буга кеткен чыгымдар сунуш кылган мекеменин эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдардын жана үй-бүлөнүн өзүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 Көчөнүн атын которууга кеткен чыгымдарга төмөндөгүлөр кирет:
· көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жазатып илдирүү жана ушул көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу
· көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарык менен камсыз кылууга кеткен чыгымдар.
· көчөдө жашаган жашоочулардын үй китепчелерин, паспортторун кайрадан учетко отургузуу боюнча шаардын ички иштер башкармалыгынын паспорт стол бөлүмүнө кеткен чыгымдар.
· көчөнүн атын оңдоо боюнча шаардык архитектурага, мамкаттоого, коммуналдык мекемелерге төлөнүүчү чыгымдар.
3.4 Көчөгө, паркка(сквер) ат берүү токтомго кол коюлгандан кийин Жобонун
3.5. пункутунда көрсөтүлгөн талаптар 3 айлык мөөнөттүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
3.6. Жобонун III бөлүмүнүн талаптары алдын ала түшүндүрүлөт жана ушул талаптарды аткаруудан баш тарткан учурда көчөгө, парка ат берилбейт.
· Көчөлөргө, парктарга(сквер) ат берүү жана көчөлөрдүн мурунку атын өзгөртүү маселеси кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
· көчөлөргө, парктарга(сквер) жана көчөлөрдүн мурдагы атын өзгөртүү маселеси боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
· чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, бардыгы макулдук берүүсү;
· мекеме ишканалардын эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын сунушу;
· өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспартунун көчүрмөсү;
· мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү;
4.1 Мекемеге, ишканага, окуу жайга ат берүүгө байланыштуу чыгымдар сунуш киргизген эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдын эсебинен жүргүзүлөт. Ал чыгымдарга төмөнкүлөр кирет.
· мекеменин, ишкананын, окуу жайдын атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдар;
· материалдык, техникалык базасын чыңдоого кеткен чыгымдар;
· мекеменин, ишкананын жаңы печатын, штампын жазатуу ж.б чыгымдар
4.2 Мекемеге, ишканага, окуу жайга ат берүү маселеси ошол мекеменин эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
· Токтомго мекеме жетекчисинин, профсоюз уюмунун төрагасынын колу коюлуп, мекеменин мөөрү басылып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
· Мекемеге, ишканага, окуу жайга ат берүүгө төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат
· эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
· өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
· ысымы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү
· өздүк баракчасы сүрөтү менен эмгек китепчесинин көчүрмөсү паспорттун көчүрмөсү
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
А.Абдыкеримов |