Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 1
Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламентин бекитүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын 2013-жылдын үчтүн айынын 24 дөгү №1 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин 2013-жылдын үчтүн айынын 11-де № 4 буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын Типтүү регламентине» төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунушталган типтүү регламенттеги баардык «Жергиликтүү кеңештердин» деген сөздөр «Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин» деген сөз менен алмаштырылсын, «типтүү» деген сөз алынып салынсын, 16 беренесиндеги «Белгисиз формадагы, ошондой эле «Макул» белгиси бир же бир нече талапкерлерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет.» деген сүйлөмдөгү «бир» деген сөз «эки» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламенти өзгөртүүлөрү, толуктоолору менен бекитилсин.
3. Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламенти Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, анын аткарылышын көзөмөлдөө кошмо жыйналыштын президиумунун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламенти «Жети-Өгүз жаңылыгы» газетасында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештердин кошмо жыйынынын регламентин жетишээрлик санда көбөйтүп баардык айыл аймактарынын айылдык кеңештерине жеткирүү кошмо жыйналыштын катчылыгына тапшырылсын.
Липенка айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Н. Адыров
Жаргылчак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Д. Алдашев
Жети-Өгүз айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Алдаяров
Оргочор айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы А.Атагозуева
Ак-Дөбө айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Р.Бараканов
Дархан айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Т.Данияров
Саруу айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Ж.Кендирбаев
Светлая Поляна айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы С.Окенов
Ак-Шыйрак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы К.Орозобеков
Тамга айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы М.Оторбаев
Барскоон айыл аймагынын
айылдык ке=ешинин төрагасы Н.Чекиров
Ырдык айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы Т.Шерипов
Кызыл-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Байтоков |
| «Жети-Өгүз районундагы айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламентин бекитүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү» 2013-жылдын үчтүн айынын 24дөгү №1 токтому менен кабыл алынган. |
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор
1-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы
2-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын компетенциясы
II БӨЛҮМ. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын түзүмү жана органдары
3-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиуму
4-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы
III БӨЛҮМ. Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишинин жалпы тартиби
5-глава. Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын биринчи жыйыны
6-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын күн тартиби жана ишин пландаштыруу
7-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына маселелерди даярдоо жана кароо тартиби
8-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтом долбоорлорун кароо тартиби
9-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын жумушчу органдары жана Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишин камсыздоо
10-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын укуктары жана милдеттери
IV БӨЛҮМ. Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасын тандоонун жол-жобосу жана тартиби
11-глава. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлоонун тартиби
12-глава. Жашыруу добуш берүүнү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби
V БӨЛҮМ. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин кызмат ордуна талапкерди сунуштоо жол-жобосу жана тартиби
13-глава. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган талапкер жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби
14-глава. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо.
15-глава. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин кызмат ордуна талапкерлер боюнча добуш берүү процессин уюштурууну камсыздоо.
16-глава. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин кызмат ордуна талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы бул тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин депутаттарынын чогулушу.
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештери Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналыштарынын токтомуна жана протоколдоруна Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналыштарынын төрагасы, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин бардык төрагалары кол коет жана бардык Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын компетенциясындагы маселелер боюнча Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештерге Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) райондук мамлекеттик администрациянын башчысын - акимди кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;
2) жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акимдин отчетун угуу;
3) өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акимге Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;
4) "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерликтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерликтерди көрсөтүү.
Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин төрагаларынын ичинен шайланат (жыйналышка катышкан депутаттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш берүү менен, чүчү кулак методу менен, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч адамдан турган курамда шайлайт (келип түшкөн сунуштар боюнча, президиумдун чечими боюнча).
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиуму, катчылык жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиумунун, катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын кийинки курамы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте шайланат.
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы президиумдун курамынан Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлайт (жыйналышка катышкан депутаттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш берүү менен, чүчү кулак методу менен, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат. Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте шайланат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы:
-Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышын чакырат, төрагалык кылат,
-Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомдорунун, протоколдорунун жана башка документтеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт;
- Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын регламентин сактоону көзөмөлдөйт;
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамына, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамында белгиленген санда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизет;
Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы өзүнүн ишин коомдук баштатышта жүргүзөт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы болуп жыйналыш эсептелинет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышын Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улуусу ачат (тийиштүү кеңештерге шайлоо күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кеч эмес).
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышынын күн тартибине Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиумун, катчылыкты, эсептөө комиссиясын жана төраганы шайлоо, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын жыйналышы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Жыйналыштын күн тартиби жана иш тартиби Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы тарабынан сунушталат жана депутаттар тарабынан бекитилет. Жыйналыштын күн тартибинде кезектеги маселер жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
Жыйналыштын күн тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттардын киргизген сунуштары депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Кошмо жыйналыштын төрагасы, катчылыгы даярдаган жана райондун мамлекеттик администрациясынын аппараты менен макулдашылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын иш планы бир жылга түзүлөт жана жайнылышта депутаттар тарабынан бекитилет. Иш пландын долбоорун райондун мамлекеттик администрациясынын аппараты менен бирге кошмо жыйналыштын катчылыгы даярдайт.
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттары, президиуму, төрагасы жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Жыйналыштын бекитилген иш планынын маселелеринин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү же маселелерди алып салуу депутаттар тарабынан чечилет жана Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтому менен жол жоболоштурулат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышында кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышында мурун кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
- Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору;
- эгер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме);
Токтом долбоорун кароодо кошмо жыйналыштын депутаттарынын, Жети- Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышууга чакырылган башка жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
- токтомду толук кабыл алуу;
- кайра иштеп чыгууга жиберүү;
-күн тартибинен алып салуу.
Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
- мөөнөттөр айкындалат жана токтомдун пунктарын жана аны толук ишке киргизүү жана аткаруу ыкмаларын аныкталат;
- мыйзамдуу актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, Жети- Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын ченемдик актыларын жакшыртуу үчүн мөөнөттөр аныкталат, эгер аларга Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көпчүлүгү добуш берсе, кароого жатат жана кабыл алынды деп эсептелинет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомуна Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин бардык төрагалары кол коет жана бардык Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтому Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын талкуусунан кийин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы уюштуруу иштерин координациялоо үчүн жумушчу органдарды – катчылыкты, эсептөө комиссиясын, зарыл учурларда башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу органдар депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Жыйналыштын катчылыгы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын жүрүшүнүн программасын жүргүзөт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы жана орду;
- жыйналышка катышкан депутаттардын саны; жыйналыштын күн тартибиндеги маселелер;
- төраганын жана сөз сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү;
- добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар;
- добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун жыйынтыгы.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын протоколуна Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы, бардык Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин төрагалары кол коет жана бардык Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ар бир токтомунда аны көзөмөлдөгөн жак көрсөтүлөт.
Көзөмөлдөөнүн максаты документти ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.
Токтомдун тапшырма пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын катчылыгы Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын аппараты менен бирге Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин депутаттарына жана Жети- Өгүз районунун айылдык жамааттарына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйналышты өткөрүү күнү, күн тартиби жана өткөрүү орду жөнүндө маалыматты жыйналышты өткөрүүгө 5 күн мурун билдирет. Токтом долбоору Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарына жыйналышка чейин 3 күн калганда жеткирилет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын жыйынын төрагалык кылган өткөрөт (жыйындагы төрагалык кылган Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп саналат). Анын жоктугунда президиумдун бир мүчөсү төрагалык кылат.
Кезексиз жыйналышты чакыруу президиумдун, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы же кошмо жыйналыштын депутаттарынын жалпы санынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси менен жүргүзүлөт.
Кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана кезексиз жыйналышты өткөрүү зарылчылыгын негиздөө менен төрагага берилет.
Жыйналышка материалдарды Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын планына ылайык жооптуу жактар даярдайт. Пландан тышкаркы маселелер демилгечилер тарабынан даярдалат.
Киргизилүүчү маселелер боюнча материалдар демилгечилер тарабынан жазуу түрүндө кошмо жыйналыштын катчылыгына жыйналышты өткөрүүгө 7 күн мурун берилет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы жылына бир жолудан кем эмес Жети-/гъз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин тийиштүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө отчетун угат.
Жети- Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин отчетунун тексти кошмо жыйналышта кароого 10 күн мурун Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештерине көрсөтүлөт.
Өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Жети- Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына – акимге ишеним көрсөтпөө чечими Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен кабыл алынат.
Депутаттардын көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдары жана башка мыйзам чыгаруу актылары, ошондой эле ушул Регламент менен аныкталат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер президиумдун курамынан депутаттар аркылуу көрсөтүлөт. Президиумдун мүчөсү да өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына өзүнүн талапкерлигин көрсөтө алат.
Көрсөтүлгөн талапкерлер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
Жыйналышта катышкан депутаттардын сунушу боюнча Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасын ачык добуш берүү менен шайлоо мүмкүн.
Көрсөтүлгөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат. Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
Эгер төрага өз милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын 1/3 депутаттарынын демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын жыйындарындагы жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн жыйналышында милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны шайлайт), жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди, ящиктерди жана кабиналарды даярдайт.
Добуш берүүнү камсыздоо үчүн эсептөө комиссиясы жыйналышта катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, жашыруун добуш берүүнүн протоколдорунун сакталышын камсыздайт жана Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын катчылыгына берет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер бюллетенге алфавиттик тартипте киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы добуш берүү үчүн бюллетендерди эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Бюллетенге талапкердин аты-жөнү паспорттук маалыматтарынын же башка инсандык күбөлүгүнүн негизинде жазылат.
Бюллетенге башка маалыматты киргизүүгө жол берилбейт.
Бюллетендин формасы эсептөө комиссиясы тарабынан иштелип чыгат жана Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттары менен бекитилет.
Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы»,«Бардыгыны каршы» бюллетендерде эсептөө комиссиясы жыйынтыктарды чыгарат жана бекитүү үчүн жыйналыштын кароосууна коет.
Аким Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган талапкерлердин ичинен (3 төн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Ошону менен бирге акимдин бош кызмат оруну пайда болгон күндөн 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри талапкерлерди (3 төн кем эмес) Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына коет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин тийиштүү сунушу киргизген күндөн тартып 15 жумуш күнүнүн ичинде талапкерлердин бирин тандайт, жашыруун добуш берүү менен чечим чыгарат жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Премьер-министрге сунуш киргизет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын акимдин кызмат ордуна сунуштоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жыйналышында Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын үчтүн экиси катышса, ал өткөрүлдү деп эсептелинет.
Аким кызматына дайындоого сунуштоо үчүн талапкерлерди тандоо Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкерлерди тандоо тартиби Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ушул регламенти менен аныкталат.
Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
Төмөнкү учурларда эгер:
- биринчи турда талапкерлердин бири да керектүү сандагы депутаттардын добушуна ээ болбосо, анда эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
- биринчи турда талапкерлер депутаттардын бирдей сандагы добушуна ээ болсо, анда шайлоо кайра өткөрүлөт. Экинчи турда Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
- биринчи турда бир да талапкер депутаттардын керектүү сандагы добушуна ээ боло албаса, бирок талапкерлердин бирөө көбүрөөк добушка ээ болуп, калгандары бирдей добушка ээ болгон болсо, көбүрөөк добушка ээ болгон талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунда талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, анда шайлоо ишке ашкан жок деп эсептелинет да Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы талапкерлерди көрсөтөт.
Эгер талапкерлерге караганда «Бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, шайлоо кайра өткөрүлөт.
Эгер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күнүнүн ичинде Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) көрсөтөт.
Эгер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди кайра көрсөтпөсө, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештерин таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Эгер мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына талапкерлерди (3төн кем эмес) көрсөтпөсө, анда Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы 15 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Мыйзамдын талаптарына, ошондой эле квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди өз алдынча тандайт жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштайт.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы акимдин бош кызмат ордуна көрсөткөн талапкери сөзсүз түрдө 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышы керек.
Аким кызматына талапкерлер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан көрсөтүлөт.
Ар бир талапкерлер боюнча Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышына төмөнкү маалыматтар сунушталат:
- сүрөтү бар кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы жана биографиялык маалыматтар (Аты-жөнү, туулган күнү, жери, улуту, билими (атайын, жогорку), эмгек ишмердиги жөнүндө маалыматтар, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партиялык таандыгы);
- паспортунун көчүрмөсү;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтери, илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары жөнүндө документтеринин көчүрмөсү;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолбогондугу тууралуу тиешелүү органдын расмий документи;
Ар бир талапкерлер боюнча талапкерди көрсөтүүгө негиз болгон анкеталык маалыматтарды кыскача баяндоо, кесипкөй жана ишкердик сапатын мүнөздөө менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий кат жол жоболоштурулат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин кызматына талапкерлер боюнча добуш берүү процессин уюштурууну камсыздоо Жети-Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы добуш берүү үчүн бюллетендердин формасын жана текстин белгилейт, алардын сакталышын камсыздайт, өзүнүн жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, азыркы Тартипке ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
Добуш берүү үчүн бюллетенге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн аким кызматына талапкерлер гана киргизилет.
Аким кызматына талапкерлер боюнча кароо жана добуш берүү Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышы аныктаган атайын өзүнчө жайда жүргүзүлөт.
Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, жайды жабдыктоого жана анда тийиштүү тартипти сактоого жоопкерчилик Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасына жүктөлөт.
Добуш берүү тартибин камсыздоого жоопкерчилик эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы:
- Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүүнүн алдында каттоо жүргүзөт;
- Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын катталган депутаттарына добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;
- Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүү бюллетендери менен жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга кирүүсүн жана добуш берүүнүн жашыруундугун камсыздоого көзөмөл жүргүзөт.
Добуш берүүнүн алдында бюллетендер үчүн урна Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбу коюлат жана мөөр басылат.
Ар бир депутат жеке добуш берет. Эки жак үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
Бюллетендер добуш берүүчү тарабынан жашыруун добуш берүүчү кабинада же бөлмөдө толтурулат. Добуш берүүчүлөр бюллетенди толтурууда жанында башка жактын болушуна жол берилбейт.
Депутат жашыруун добуш берүүчү бюллетенде добуш берип жаткан талапкердин аты-жөнүнүн тушуна гана «Макул» белгисин коёт же «Талапкерлердин бардыгына каршы» позициясына коет.
Белгисиз формадагы, ошондой эле «Макул» белгиси эки же бир нече талапкерлерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет.
Райондун акими кызматына талапкер эгер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, жактырылды деп эсептелинет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол койгон эсептөө комиссиясынын протоколу үч нускада түзүлөт.
Протоколдун биринчи нукасы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлөт, экинчи нускасы Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын катчылыгында сакталат, үчүнчү нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтому менен бекитилет.
Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын талапкерди жактыруу тууралуу токтому райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимди дайындоо жөнүндө сунуш менен Премьер-министрге жөнөтүлөт.
Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи туру добуш берүүнүн биринчи туру өткөн күнү эле өтөт.
Добуш берүүнүн экинчи турунда бюллетенге биринчи турда эң көп добуш алган эки талапкер киргизилет. Добуш берүүнүн экинчи турунда жыйынтыктарды чыгаруу азыркы Тартипте ылайык жүргүзүлөт.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер Жети Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, райондун акиминин кызматына Премьер-министр көрсөткөн талапкерлер четтетилди деп эсептелинет, бул жөнүндө Жети- Өгүз районунун айылдык кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге билдирет.
Буга байланыштуу Премьер-министр мыйзамда белгиленген тартипте башка талапкерлерди көрсөтөт.