Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 19 февралы № 4
Жергиликтүү кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
Садыр аке айылдык Кеңешинин регламентин угуп жана талкуулап Садыр аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин
2. Айылдык кеңешинин регламентин Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик реестрге киргизүү жагы суралсын
3. Бул токтом «Ысык-Көл» баяны гезитине жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышы регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Садыр аке айылдык кеңешинин төрагасы |
П. Жук |
жиберилди: иш кагазына, Юстиция башкармалыгана
| Садыр аке айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 19 февралынын № 4 токтому менен бекитилген |
Садыр аке айылдык кеңешинин регламенти
1.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарында белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө калыптануучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймактарындагы өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш жалпы бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруу добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.Айылдык къештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
1.3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, жергиликтүү жамааттардын уставы жана ушул регламент менен киргизилген маселелерди баардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
1.4. Айылдык кеңеш өзүнүн функцияларын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өткөргөн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын күнүнөн тартып өз ишин токтотот.
2.1. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкү маселелер чечилет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшүү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакты социалдык-экономикалыке жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеъилдиктерди киргизшш, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгару;
- кеңештин регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык кату тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо4
2.3 Айылдык кеңеш башка маселелерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашырын добушу менен жергиликтүү къештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттарытарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча, айылдык къештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасы
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.6. Айылдык кеңештердин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкКыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат
4.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же ал милдетин аткара албаган учурда төраганын ордун алмаштырат.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
5.1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын функцияларын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:
- айылдык кеңештин сессиясын протоколун жүргүзөт;
- келип түшкөн документтерди эсепке алууну уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө билдирет жана алардын катышуусун эсепке алат;
- сессиянын токтомдорун жол жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- айылдык кеңештин сессияларынын токтом добоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аларды аткаруусун контролдоо үчүн түзүлөт. Айылдык кеңеш ошондой эле убактылуу комиссияларды да түзөт.
6.2. Комиссиялардын тизмесин, сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт. Айылдык кеңеш ыйгарым укутарынын мөөнөтүндө, зарыл учурларада жаъы туруктуу комиссяларды түзүү, мурун түзүлгөндөрдү башкаруу жана кайра түзүү, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ.
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.
7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук –укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Айылдык кеңештин сессиялары кварталда бир жолудан кем эмес жана айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
7.2. Айылдык кеңештин сесиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгү катышса, ал укуктуу болот. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүрөөк добушу менен чечим кабыл алат, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.
7.3. Жаъы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңеш кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакыралыштагы айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эъ улусу ачат.
7.4. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарын шайлоо, айылдык кеңешти уюштуруунун дагы башка эъ маанилүү маселелери киргизилет.
7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзамчыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда,йылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартиби жана иш тартибин кабыл алат. Кандайдыр-бир себептерден улам булл сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мүмкүн.
7.7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчы протокол жүргүзөт. Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтүү менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык кеңештин депутаттарынын, сессияга чакырылгандардын аты-жөнү, угуулар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер камтылышы керек. Протокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.
7.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
8.1. Сессияда каралган маселелер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашырын добуш берүү менен кабыл алат.
8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорлорунда:
- аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү, финансылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек;
- кызыкдар уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү, ошондой эле зарыл учурда, мамлекетттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек;
- бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсу жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты жазуу же оозеки түрдө өзүнүн өзгөчө оюн берүүгө укуктуу, ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8.5. Сунушталган токтом долбооруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе, негиз катары кабыл алынат. Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катыр кабыл алынбаса, пункт боюнча каралышы мүмкүн.
8.6. Баардык оъдоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтүү, кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укутарынын чегинде кабыл алынат, тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызматтык жактар жактар анны сөзсүз аткарууга тийиш.
9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаъы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларада таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде Президент тарабынан.
3) администрациялык-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
9.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү жогорку инстанцияларга жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн админинистрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт.
9.5. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жаряланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылды деп эсептелет.
9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат.
10.1. Айылдык кеңештин Регламенти регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сессиясына бекитүүгө берилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кеңеш шайлоочу уч депутаттан кем болбошу керек. Анны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
10.3. ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат. Сунуштар регламент маселеллери боюнча жумушчу топко кароого берилет.
10.4. Айылдык кеңештин Регламенти жана анын оъдоолору айылдык къештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын айылдык кеңештин иш тартибин аныктайт.
Садыр аке айылдык кеңешинин төрагасы |
П. Жук |