Загрузка документа…
| Чоң-Таш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 1-январындагы № 3 токтом менен бекитилет |
Чоң-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставы
1. Киришүү
2. Жалпы жоболор
3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
4. Айылдык аймактын территориясы жана чек арасы
5. Айылдык аймактын жергиликтүү жааматы
6. Жергиликтүү жааматка мүчөлүккө өтүүнүн жана жергиликтүү жааматтын мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
7. Жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнүн укутары жана милдеттери'
8. Жергиликтүү жааматтын өз алдынча башкарууга укугу
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги принциптери
10. Жергиликтүү маанидеги маселелер
11. Жергиликтүү маанидеги маселерди өткөрүп берүү
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
13. Айылдык кеңеш
14. Депутаттардын шайлоочулар мене иш алып баруусу
15. Айыл өкмөтү
16. Айыл башчысы
17. Жергиликтүү жааматтын курултайы
18. Жергиликтүү жааматтын ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
19. Ченемдик укуктук акттын долбоорун демилге катары которуп чыгуунун тартиби
20. Жергиликтүү жааматтын жыйыны (чогулуш)
21. Жыйындарды (чогулуштарда) жоомдук угууларда каралган маселелер
22. Жыйындардын (чогулуштардын ), коомдук угуулардын мезгилдүүлүгү
23. Жыйындардын (чогулуштардын ), коомдук угууларды өткөрүү демилгеси
24. Жыйындардын (чогулуштардын ), коомдук угууларды өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
25. Жыйындардын (чогулуштардын ), коомдук угууларды уюштуруу тартиби
26. Жыйындардын (чогулуштарды), коомдук угууларды өткөрүү тартиби
27. Жыйындарда (чогулуштарда) жоомдук угууларда маселелерди кароонун өзгөчөлүктөрү
28. Жыйындарлын (чогулуштардын) жоомдук угуулардын укуктуулуктары
29. Жергиликтүү жааматтын элеттин койгойлорун биргелешип аныктоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
30. Элеттин койгойлорун биргелешип аныктоо боюнча демилгелүү топтор
31. Элеттин артыкчылыктуу койгойлорун чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы
32. Биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарына биргелешкен мониторинг жана аларды баалоо
33. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
34. Жергиликтүү жааматтын өз алдынча муниципалдык менчиги
35. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен мамилеси
36. Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар
37. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган шыктандыруу чаралар
38. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
39. Жергиликтүү жааматтын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
Биз Чоң-Таш айылдык аймагынын (мындан ары-айылдык аймак) территориясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башакруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук аттарын колдонмо катары алып, ошондой эле:
- биздин айылдын жана айылдык аймактын гүлдөшүнө, жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнүн гармониялуу руханий жана физикалык өнүгүүсүнө жетүү максатында:
- биздин айылдагы жарандардын эмгек, эс алуу жана жашоосу үчүн татыкктуу шарттарды түзү максатында:
- айылдык аймактын чегинде бирдикти, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын гармониясын, жарандык баш ийүүчүлүктү жана коомдук тартипти камсыздоого умтулуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана суверенитетин бекемдөө ниетин билдирүү менен, анын Конституциясын жана мыйзамдарын сактап:
- өз жоопкерчилигибиздин алдында өз конституциялык укугубузду ишке ашыруу менен, Чоң-Таш айылдык аймактын жергиликтүү жааматынын ушул Уставын кабыл алабыз.
2.1. Чоң-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставы (мындан ары Уставы) мындан ары Чоң-Таш айылдык кеңеши кабыл алган айылдык аймактын негизги ченемдик укуктук актысы болуп эсептелет.
2.2. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруүчулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү жааматтын тиричилик аракетин уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жаамат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартиби жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жонго салынбаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүнүн башка маселелерин регламеттериштирет.
2.3. Ушул Устав айлдык аймактын территориясында күчкө ээ жана аны айылдьж аймактын территориясында иш алып барган, уюштуруүчулук - укуктук формасына карабастан баардык юридикалык жактар, ошондой эле физикалык жактар жана алардын бирикмелери аткаруу милдеттүү.
Ушул Уставда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат :
айылдык кеңеш-айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы:
айыл өкмөтү-айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы:
жергиликтүү маанидеги маселелер-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчүу тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелери:
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар-мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары;
элет койгойлорун биргелешип аныктоо боюнча демилгелүү топ–жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы максаттар менен бириккен жана бир айылдык аймакта жашаган үч жана андан ашуун жарандардын ыктыярдуу бирикмеси:
жергиликтүү жааматтын курултайы-жалпы кызыкчылыктагы маанилүү маселелерди талкуулоо максатында айылдык аймактын жергиликтүү жааматынын өкүлдөрүнүн чогулушу :
жергиликтүү жаамат-айылдык аймактын территориясында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидег маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандары :
муниципалдык менчик-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуүчу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жааматтардын менчиги
жергиликтүү салыктар жана жыйымдар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык кеңеш тарабынан киргизилген салыктар жана жыйымдар :
жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси - жергилктүү жааматтын мүчөлөрүнүн (үчтөн биринен кем эмес) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укугу:
аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары-айылдык аймактын территориясынд турукту жашаган, ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде өз алдынча чечүүгө жана ишке ашырууга багытталган, жергиликтүү жааматтын ыктыярдуу бирикмелери:
жарандардын жыйыны (чогулуш)-калктын алар боюнча жергиликтүү жаамттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы:
коомдук угуулар-бул жааматтын жашоосундагы маанилүү маселелерине карата калктын пикирин изилдөө, кеңеш алуу жана маселени /койгойду чечүүдө оптималдуу ден салмактуу чечим кабыл алуу үчүн ачык талкуу формасында уюшкан иш-чара:.
элеттин койгойлорун биргелешип аныктоо-бул калктын пикирин жана кызыкчылыктарын эсепке алуу менен маалыматты биргелешип чогулту, анны анализдөө жана ишти пландаштыруунун планы.
4.1. Айылдык аймактын территориясы өзүнө айылдык аймактын административдик-территориалдык чек аранын чегиндеги жерлерди камтыйт.
4.2. Айылдык аймактык территориясы төмөнкү айылдарды камтыйт;
• Чоң-таш
• ЖЫлуу-Булак
5.1. Айылдык аймактын жергиликтүү жааматын Чоң-таш айылдык аймагынын территориясында туруктуу жашаган, жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
5.2. Жергиликтүү жааматтын мүчөлөрү 18 жаштан жогоруу, жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине ынанымдарына, коомдук бирикмелерге жана саясий партиялярга тиешелүүлүгүнө карабастан. түздөн-түз жана/же алар түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.
5.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык биримдиктерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укуктуу.
5.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык, тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду орнотууга укуктуу.
Символдордун сүрөттөлүшү жана аларды колдонуунун тартиби айылдык кеңештин ченемдик укуктук акттары менен орнотулат.
6.1. Кыргыз Республикасынын жаранын айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте айылдык аймактын территориясында жашаган жери боюнча катталган фактысы негиз болуп берет.
6.2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүдө ушул Уставда жана - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жүйөлөрдөн тышкары кандайдыр бир башка шарттарды орнотууга жол берилбейт.
6.3. Жергаликтүү жамааттын аймагында туруктуу жашаган жери бар чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого катышуу жана шайлануу укутунан башка Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болгон укуктарга жана милдеттемелерге ээ.
6.4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн төмөнкү үчурда чыгат:
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон үчурда;
-соттун аны өлдү, дайынсыз жок болду деп тапканы тууралуу чечими мыйзамдык күчке ээ болгондон кийин;
-өлгөн үчурда;
-айылдык аймактын чегинен чыгып. башка жерде туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткенде.
7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
-.жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана шайланууга;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары профессионалдык негизинде (муниципалдык кызмат) же башатында өзүнүн иш жүргүзүүсүн ишке ашырууга;
-жергиликтүү жамааттын жашоо турмушунда керектүү маселелер боюнча шайланган өкүлдөр аркылуу жана/же түздөн-түз жергиликтүү өз атдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө катышат;
ченемдик укуктук акттардын долбоорлору боюнча демилге көтөрүп чыгып. аны айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелуу топторду уюштурууга; ,
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызматтык адамдарына жеке кайрылууга, ошондой эле сунуштар. арыздар жана даттануулар менен индивидуатдык жана жамааттык кайрылууларды жолдоого;
мамлекеттик жашыруун сырга, ошондой эле жашыруун маалыматка
(кызматтык сыр) киргизилген маалыматтардан башка, мамлекеттик
органдардык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, :карамагында турган маалыматтарды (документтерди жана материалдарды) оөзеки же кат жүзундө суроого;
айыл өкмөт башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жарым жыл жана/же жыл ичинде жасаган иштеринин натыйжалары тууралуу маалыматты сурап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же кат турүндө кайрылууга;
жергиликтүү жамааттын мүчөлөру үчүн берилген жеңилдиктерди колдонууга; .
жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн бардык шарттарды. ошондой эле жамааттын муниципиалдык менчигинде турган уюмдардын. ишканалардын жана мекемелердин кызматтарын бекитилген тартипте пайдаланууга;
айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн элеттик жыйындарына (чогулуштарына). курултайларына, ачык сессияларына, айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн торуктарга, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына жетекчинин макулдугу менен активдуу катышууга, өз оюн эркин айтууга жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштарын киргизүүгө;
- ушул Уставдагы эрежелерди жамааттын башка мүчөлөрү бузган үчурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына) кайрылууга;
жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук-пайдалуу иш-чараларга катышууга (ашарлар. ишембиликтер);
- ушул Уставда каралган үчурларда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка бардык укуктарын колдонууга.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган үчурлардан башка,жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууда жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте кайра каралса болот. 6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Конституцияны, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарын жана ушул Уставды бекем сактоого;
- жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин урматтого:
- муниципалдык менчикте турган жерлерди. сууларды жана .башка жаратылыш ресурстарын, жылуулук жана энергиянын башка түрлөрүн, мүлктү рационалдуу пайдаланууга.
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардьтн жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүу катышуусу айылдык кеңештер жана айыл өкмөтү аркылуу ишке ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзгө ашырылат тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилуу маселелери жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында; талкуулоо:
-жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо:
-ченем чыгаруу демилгесин көтөрүутө жана/же жергиликтүү мааниде өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жузөгө ашырылат:
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу; органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтуулүгү жана алардын өз
- иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттуулук;
өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзу каржылоо;
- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жаш курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
- жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда кызыкчылыктарын коргоо;
- коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
- тиешелуу маселелерди чечүүдө коллегиялуулук. эркин талкуулоо:
- өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы.
9.1. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген жергиликтүү маанидеги негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет
- Уставды кабыл алуу жана өзгөртуу, анын аткарылышына көзөмөл;
-айылдык аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыздоо, айылды инфраструктурасын өнүктүруу, инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
-жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
-муниципалдык менчикке ээ болуу. колдонуу жана башкаруу. турак жай комунапдык чарбачылыктын ишин жана өнугуусүн уюштуруу жай- айылды көрктөндүруу;
ишкерчиликти колдоо жана өнуктүруу. кичи жана орто бизнес өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү;
-турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн шарт түзүу; бирдиктуу шаар куруу саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. мунципалдык жерлерди рационалдуу пайдаланлу, шаар куруунун жана архитектуранын нормалары менен эрежелеринин сакталышын камсыздоо; калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
-калкты ичүүчү суу менен жабдуу. (ошондой эле калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутуму бар болсо, анын иши камсыз кылуу);
жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
корүстөндөрдун иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтулушун камсыз кылуу;
-жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу,
-сейил бактардьтн. спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларый иштешин камсыз кылуу; турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетуүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
-муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык аймактын калктуу коңуштарынын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу
-жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый .жетишкендиктерди сактоо;
-жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
-коомдук тартипти сактоо боюнча уюштуруүчулук-практикалык чараларды ишке ашыруу;
-элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүу үчүн шарттарды түзүү;
-бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүу;
-балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө
ашырууну уюштуруу;
-дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүу үчүн шарттарды камсыз кылуу: ,
-жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруүчулук-практикалык чараларды ишке ашыруу;
-айыл тургундарын активдүү эмгекке тартуу боюнча иш-чараларды уюштуруу; .
-жергиликтүү жамааттын аймакты социалдык-экономикалык енуктуруу боюнча ишке ашырылып жаткан программалар. айылдык кеңеш кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматка ээ болуусун камсыздоо:
-жергиликтүү жамааттык мүчөлөрүн (демилгелүү топторун) айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүусү боюнча долбоорлорду. жергиликтүү жана башка программаларды иштеп чыгуу процессине. айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомдук пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга тартуу;
тышкы зкономикалык мамилелерди орнотуу жана макулдашууларды түзүу.
9.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
10.1.Айыл өкмөт башчысы кеңештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга, бир эле үчурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана берүү менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
10.2.Айыл өкмөт башчысы тарабынан бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөруп беруү, максатка ылайыктуу болгон үчурда жүргүзүлөт.
11.1 айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары -өз ишмердүүлүгүн калктын атынан Конституция™ Республикасынын мыйзамдарынын. ушул Уставдын жана Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын Жоболорунун негизинде ишке ашырат.
11.2Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чекя| негизинде аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектуу материалдык жана каржы ресурстары менен камсыз кылууу аркылуу ишке ашырылат.кукеректуу материалдык жана каржьт ресурстары менен камсыз кылуу аркылуу ашырылат.
11.3 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим чыгарат жана алар үчүн жергиликтүү жамаат алдында
жоопкерчиликти алат.
11.4 Айыл өкмөтунүн аппаратынын жооптуу адамдары жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелип, окутуүчулук, илимий, чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акы төлөнуүчу жумуштарда иштөөгө укуксуз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүугө жол берилбейт.
11.4 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституцияга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук акттарына. ушул Уставга шайкеш келбеген акттарды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коомпсуздукка туз коркунуч жараткан аракеттерди жасоого. мындан тышкары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган -аракеттерди жасоого. улуттар аралык жана диний арыздашуута үгуттөөгө жана аны тутандырууга укуту жок.
12.1.Чон-Таш_ айылдык кеңеши - мыйзам менен белгиленген тартипте түзүлгөн жергиликтүү өз. алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
12.6.Айылдык кеңеш юридикалык жак болулт эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Айылдык кеңеш тууралуу Жооонун компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
12.8 Айылдык кеңештин ишинин уштуруүчулук-укуктуж негизги формасы - сессия! Сессиялардын тартиби жана мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламенти жана мыйзамдар менен аныкталат.
12.9 Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияга катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик сыр болуп эсептелсе. айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
12.10.Айылдык кеңеш сессия өтчү кун жана анын кун тартибине киргизилген маселелер тууралуу жарандарды алдын ала кабардар кылуута. алардын сессияга катыша алуусу үчүн шарт түзүутө. ошондой эле жергиликтүү жамаатка кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат жеткирүүгө милдеттүү.
12.13. Айылдык кеңештин ишин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну тартиби мыйзамдар жана айылдык кеңештин Регламенти менен аныкталат.
13.1 Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана алардын өз ишмердуулугүн] ишке ашыруунун тартибин мыйзам аныктайт.
13.2 Айылдык кеңештин депутаты өз шайлоочулары менен туруктуу байланышты кармап туурга милдтеттүү. Аларды айылдык кенештин иши жана шайлоочулардын тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу узгултуксуз маалымдап турат, ага түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт. жарандарды кабыл алат, айылдык