Загрузка документа…
ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январы № 3
Чоң-Таш айылдык кеңештин регламентин жана 2013-жылдын иш мерчемесин бекитүү жөнүндө
Чоң-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Таш айылдык Кеңештин регламентин жана 2013-жылдын иш мерчемеси өзгөртүү жана толуктоолор менен беитилсин.
2. Айылдык Кеңештин иши айылдык Кеңештин регламентине жана иш мерчемесине ылайык жүргүзүлүсүн.
3. Айыл Мыйзамы жана айыл мыйзамынын жергиликтүү жааматынын Уставы ошол боюнча калтырылсын..
4. Айыл Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлгө алуу административтик комиссияга милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмдөө болот.
Чоң-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Осмонов К.К. |
| Чоң-Таш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 12 январыны № 3 токтому менен бекитилген |
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарнын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун кеңеши жана поселкалык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтөтүү;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү аларды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошөтүү, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, поселкалык башкаруунун жана айылдык округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
- Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу учүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- Алкоголдук ичимдиктерди жанан тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыйу салгана чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
2.2. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Ушул мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинини баллдарын жэсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.3. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.4. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруу добуш менен жергиликтүү кеңешитин ыйгарым укуктарыны мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалары тиешелүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеӊештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
3.3. тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат;
3.4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 3/2 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
3.5. Айылдык кеңештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеӊешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
- Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат
- Сессияларга төрагалык кылат;
- Жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;
- Жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.7. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анан ордуна иштейт.
4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 1/3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.3. Жергиликтүү кеңештин төрөгасынын орун басары өзүнүн ишин, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңешинин төрөгасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
5.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысынын милдетин айылдык аймагынын же поселкалык башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы:
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы сессиянын прөтөколун жүргүзөт;
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айыл аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Айыл аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңеште кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айыл аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
6.2. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
7.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
- Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
7.3. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.5. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
7.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясынын прөтөколдорун кеңештин катчысы жүрүзөт. Прөтөколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Прөтөколко сессияга төрөгалык кылүүчүнүн колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык аймагынын кеңешине жана поселкалык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
8.3. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оөзеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин прөтөколуна киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айыдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
9.1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаны курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Жергиликтүү кеңештер мөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/3 кем эмес көпчүлүгү тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- Тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. Өзүн–өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык – аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
9.5. Жергиликтүү кеңеш мөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлагы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
9.6. Жергиликтүү кеңеш мөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – аткаруу органынын тиешелүү башчылары, ал эми райондук кеңеште райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы өз мойнуна алат.
10.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ кеңешинин жана поселкалык кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
10.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Чоң-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Осмонов К.К. |
Чоң-Таш айылдык кеӊешинин катчысы |
Көктемирова Д. |
| Чоң-Таш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 12 январыны № 3 токтому менен бекитилген |
Биз айылдык Кеңештин аймагында жашаган атуулдар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымактык, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнөтүү, айыл жергесинде турмуш тиричилик шарттын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугун айыл жамаатын түзүү менен анын коомдук жашоосун ыйык эрежелерин аныктаган ушул Уставды айыл турмушунун негизги Мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында, биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук талаптарын, аймагыбызда жашаган баардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салтарынын асыл нарктарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негезги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.
1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш бир женден кол чыгарган биримдиги
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөт
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк
6.Табият менен таттуу мамиледе болуу
7. Кыргыз мамлекетин чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо
Өз алдынча башкаруунун коомдоштугун (мындан ары жамааттын) негизги Мыйзамы болгон Айыл Мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
-өз алдынча башкарууга өтүүнүн негизги максаттарын
-өз алдынча башкаруунун негизги принциптери
-жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгаруунун негизги тартибин
- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин
-жааматын өз алдынча башкаруу органдарынын функцияналары
-жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жааматтын мүчөлөрүн катышуусу
-өз алдынча башкаруу жааматтынын экономикалык жана финансылык негиздери, комуналдык менчике ээлик кылып аны пайдалануунун жана башкаруунун тартиби
-жааматын мүчөлөрүнүн журум турумунун жана коомдук тартиптин эрежелеринин жалпыга тиешелүү ыймандуулуктун, моралдык, этиканын улуттук каада-салттарынын, акыл-адеп нормаларынын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жааматын мүчөлөрүнө колдонулуучу сыйлык чараларын айыл Мыйзамын бузган жааматын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза коруу чаралары.
-айыл Мыйзамынын кабыл алуунун жана ага түзөөтүлөрдү киргизүүнүн тартиби
-жааматтын турмушундагы мамлекеттин мыйзамдарынна карама - каршы келбеген башка маселелеринин.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруунун жана жургүүзүнүн негизги шарты. Бул жааматтын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги баардык коомдук пайдалуу маселеринин өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
Өз алдынча башкарууга өтүү менен жаамат төмөндөгү максаттарды көздөйт.
Мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган жергиликтүү маанидеги баардык маселелерди шартка жараша өз алдынча турмушка ашыруу:
Жергилууктуу маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана убагында чечип туруу максатында, айылдык Кеңештин аймагындагы ондуруш каражаттарын, социалдык объектилердин жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу, берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жааматтын ортолук менчигин жана финансылык экономикалык базасын түзүүнүн
айылдык Кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого.
-жамаатын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократиянын өнүктүрүп, алардын ан сезимин жана активтүүлүгүн жогорулатууну
-жамаатын ар бир мүчөсүнүн материалдык байлыгын артыруу, жошоо шартын жогорулатуу боюнча иштерди аткаруу.
-жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамаатын өз алдынчалыгы, өзүнө-өзү каржылоосу, өзүнө-өзү камсыз кылуусу, өзүнө-өзү тарбиялоосу жана жонго салуусу:
-өз алдынча башкаруунун органдарынын ишмердигинин жамаатын мүчөлөрүнүн тарабына көзөмөлгө алынышы жана алардын алдындагы жоопкерчилиги.
-жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктагы маселелердин айкалыштырып чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик кээ бир айгарым укуктарды колдонуу
-жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органы болгон айылдык Кеңештин депутаттарын жамааттын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми аны аткаруучу - тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы
-жамаатын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын колдонулушу.
-өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдулуугу, ачыктыгы коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кенири катмарлары менен тагыз байланышы.
-өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселереди өздөрүнө ыйгарылган укуктардын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдында жоопкерчилиги.
-жамаатын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы айылдык Кеңеш.
-айылдык Кеңешти аткаруучу - тескөөчү органы - айыл өкмөтү
-аймактык, коомдук өз алдынча башкаруу органдары ( айылдын өз алдынча башкаруу, коомдук кеңешти, турак-жайлык, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.
-ак сакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары
-жамаатын материалдык финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча көзөмөл табуу.
-жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырылат:
-жергиликтүү айылдык референдумдар:
-жамаатын мүчөлөрүнүн курултайлары:
-айылдык жыйындар, чогулуштар жана башкалар.
Эскертүү: жамаатын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз аймагындагы ардагерлердин, аялдарды, жаштарды, оспурумдордун уюмдарын ж.б түзүлүшүнө комок көрсөтүшөт жана алар менен кызматашат.
Жааматтын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт:
1. 16 жашка жеткен, Кеңештин аймагында туруктуу жашаган ушул айыл Мыйзамын ниети менен кабылдаган жана аны талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз убактарын жана милдетерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жааматын мүчөсү болуп эсептелет.
2. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден келген КР жарандары, паспортук режимдин негизинде 3-күндүк мөөнөттө айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, 3-ай туруктуу жашагандан кийин жамаатын мүчөсү болуп эсептелет.
3. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул айыл Мыйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген КР граждандары жергиликтүү жамаатын мүчөсү боло алат.
4. Жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарылган граждандар эгерде кайрадан жамааттын мүчөлүгүнө кирүүнү кааласа, алардын мүчөлүккө кирүү жөнүндөгу арызын берген күндөн тартып 1 (бир) жылдык мөөнөткө сынак убактысы белгиленент жана ага көзөмөл алуучу адам табылат.
-жааматын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, ата тегине, ж.б. абалына карабастан төмөндөгүгө укутуу.
-жааматын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга:,
-жааматын ишине башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана турмушка ашыруу боюнча иш аракеттерге катышууга
-иш тажыйрабасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөого.
-жамаатын мүчөлөрүн бекитилген женилдиктерден пайдаланууга.
-жамаатка тиешелүү баардык маселелер боюнча өз пикирин айтууга жана баа берүүгө жана чогулуштарга катышууга өз оюн эркин айтууга жана башка сунуштарын киргизүүгө.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Айыл Мыйзамдарында каралган башка укуктарды пайдаланууга.
-аталган укуктардан жана Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана женилдиктерден мүчөлөрү гана пайдаланат.
-Айыл Мыйзамдарын так жана бекем сатоого.
-жааматын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктарды жана жыйындарды баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө.
-элдик курулуштарда, жолдорду, көпүрөлөрү, арык, ж.б максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу үчүн милдетуу түрдө аткарууга.
-элдик курулуштарда, жолдорду, көпүрөлөрдү, арыктарды жана ремонттоодо жамаатын ар бир мүчөсү бир жылда 5-күн бекер иштеп берүүгө.
-жамаатын өз алдынча башкаруу органдарын мыйзам чегинде жана ушул мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдерди аткарууга.
-жааматын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого.
-өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында ондоп турууга көрктктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасына жогорку түшүмдүү камсыз кылууга:
-мыйзамдуулукту бузуунун баардык көрүнүштөрүн коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлкө көнүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоо.
-уурулук кылуу фактыларын байкап же көрү, угуп калган учурда сөзсүз аны кварталдык комитеттерге айыл башчысына дароо билдирүү.
-көчөдө өскөн бак дарактарды, талдарды уруксаатсыз кыйууга жол бербөөгө.
-жамааттын мүчөлөрү биргелешип пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрдү сарамжалдуу пайдалануу.
-орт коопсуздугун, сонитардык, ветеринардык эрежелердин так сакталышына жана ушул багытагы баардык иш чараларга милдетүү түрдө катышууга.
-айылдык курулуштарга, ишембилик ж. б. коомдук иштерге катышууга
-айылды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине катышууга.
-өзүнө жана айланасындагы территорияны, көчөнүн болугун таза кармоого, кашааларды, тосмолоруду ондоп жана сырдап турууга, көчөдөгү жарык берүүчү түйүндүн иштөөсүн камсыз кылууга.
-мектептер жана жаштар уюмдары тарабынан кары-картындарга, жалгыз бой аялдарга жардам көрсөтүү отряддарын
( мурдагы Тимурчулар командасы) сыяктуу түзүү жана даректуу жардам көрсөтүүну уюштуруу.
-Балага кам көрү, анны туура тарбиялоо ар бир ата-энени милдети
- Ата-энелерине каткордук көрү, эмгеке жарандуу, жашы жеткен ар бир баланын милдети.
-Альтернативалык кызмат өтөп жаткан ар бир улан коомдук тартипти чындоого иштерине милдетүү түрдө катышууга.
-Улууга урмат, кичүүгө ызаат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтике ж.б. тартипти сактоо, эркиндигин ызатоо.
-Ар бир улутун намысын жана каада-салттарын урматоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чындоо айылдык Кеңеште жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети.
8. Той тамаша жана шаан шокот өткөрүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби.
Азыркы мезгилде аймагыбызда маркумду узатуу аземине 3 күн кармоого, бир нече бодо малды сойууга, арак берип көнүл айтуу, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кошумча, кыйын абалда калганын баарыбыз коруп билип жүрөбүз.
-Соок чыкан үйдө 3 күнгө чейин казан асып мал сойулбайт, тамак берилбейт, аза күткөн үйгө бир баштан ашык мал сойбоого чек койүлсүн.
-шарыйатка атайын маркумга атап учулугу, жетилиги жана башка ырымдар жок, бул талапты баардык атуулдар толугу менен аткаруу керек.
- чоң күзбөз салууга болбойт, жана тыйуу салынат.
-1,5,10,15,20,25,30,40, жылдык деген юбилелерди өткөрүүгө болбойт.
-тойлордо ЗАГСыга чыкканда 2 женил машина менен чыгууга уруксаат, ашыкча болбойт.
-тойлорду түнкү 11-00. кийин улантылбайт.
-коомдук жайларда мас жүрүүгө тыйуу салынат, тамеки, спирт ичимдигин оспурумдорго сатууга болбойт.
1. Айыл мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамаатын мүчөлөрүнө, төмөндөгү жаза чаралар колдонулат:
-ооз эки жана жазуу түрүндөгү эскертүү
-жашаган жерлерине өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарды коомдук таасир көрсөөтүү.
-өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген жеңилдиктерден жана берилген ардак наамдан ажыратуу
-белгиленген тартипте айыл жазаларын колдонуу
-жамаатын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу
Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрүндө бузган же өз милдетин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат. Айыл өкмөт башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө, айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине:
-Жазуу түрүндө эскертүү
-Айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына жана анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө:
Маркумдардын акыркы сапарга узатуу, той-тамаша, шаан-шоокотторду өткөрүнүн тартиптерин бузган жарандарга 50000 сомдон 150000 сомго чейинки айыптар салынат. Айып жергиликтүү бюджетке өткөрүлөт, айып түзүлгөн актынын негизинде айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы тарабынан салынат
-жамаатка өтө маанилүү болгон айрым соц. экономикалык чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамаатары менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам чегинде белгиленген тартипте ар кандай денгеелде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
-К.Р. Мыйзамдарына белгиленген тартипте жамаат чет өлкөлүк, эл аралык өз алдынча башкаруу жамаатары менен алакка түзүүгө.
-жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги, маалымдуулкту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымдуулук каражаттарын (гезит, баракча, радио түйүндөр жана башка ) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
- Президент бекиткен айыл Мыйзамынын улгусунун негизинде иштеп чыгат.
-комиссия тарабынан дайындалган Айыл Мыйзамынын долборуу айылдык Кеңештин жыйналышында бекитилип жамаатын мүчөлөрүнүн талкуусуна койулат, талкулоого түшкөн сунуштарды негизинде комиссия Айыл Мыйзамынын долборуна тиешелүү кошумчаларды киргизип айылдык Кеңештин коргоосуна коюулат.
-юридикалык эспедициядан өткөрүлгөндөн кийин Айыл Мыйзамы күчүнө кирет.
-Айылдык курултайда кабыл алынган Айылдык Мыйзам областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөндөн кийин ал айыл өкмөтү тарабынан жамаатын мүчөлөрүнө жетиштүү нускада жарыяланат.
-Айылдык Мыйзам ал айылдык Кеңештин аймагындагы жамаатын баардак мүчөлөрү жана өз алдынчы башкаруу органдары тарабына аткарууга жатат.
-Айыл Мыйзамына түзөтүүлөрдү, алымча кошумчаларды киргизүү ушул айыл Мыйзамына кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
Урматтуу жамааттын мүчөллөрү!.
" Ырыс алды ынтымак" деген ушул өзүбүз кабыл алган Айыл Мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшайуусуз аткаралы," сабырдын тубу - сары алтын"- деп кемчилик иштерге барбай ынсап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгөө талбай ниетенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап мамлекет берген укукту толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы.
Ошондо гана боксоргон жер толуп, ачкабыз тойуп, кембагалдар байып, дөөлөткө жетип, элибизден ыйман, ынсап кетпей, жерибиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул койгон ыйык мидеттерди аткарганга күч кубат берсин !