Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-январы № 2
Талды-Суу айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин
Талды-Суу айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Илипаев Кайрат Аскарович бекитилсин.
3. Талды-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп Чолпонова Жамалкан Касымбековна бекитилсин.
4. Туруктуу 5 комиссия курамы менен бекитилсин :
4.1.Мыйзамдуулук, укук коргоо жана адеп-ахлак (этика) боюнча комиссия (курамы 3 адамдан)
4.2. Жер, жайыт жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясы (курамы 5 адамдан)
4.3. Социалдык коргоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссия (курамы 5 кишиден)
4.4.Бюджет жана эсеп»-кысап боюнча комиссия (курамы 3 кишиден)
4.5. Жаштар менен иштөө, дене тарбия жана спорт боюнча комиссия (курамы 3 кишиден) (Тизмеси тиркелет).
Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Кожалиев |
Талды-Суу айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы |
Ж.К. Чолпонова |
Талды-Суу айылдык Кеңешинин Төрагасы Кожалиев А. Т.
| Талды-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдагы 26-чакырылышынын 2-сессиясында 2013 жылдын 16-январындагы № 2 токтому менен бекитилди |
Талды-Суу айылдык аймагынын айылдык кеңешинин Регламента
I БОЛУМ. Жалпы жоболор
глава. Айылдык кеңеши
глава. Айылдык кеңешитин ченемдик укуктук актылары
глава. Айылдык кеңешитин компетенциясы
II БОЛУМ. Айылдык кеңешитин түзүмү
глава. Айылдык кеңешитин төрагасы
глава. Айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары
глава. Айылдык кеңешитин жооптуу катчысы
глава. Айылдык кеңешитин туруктуу жана убактылуу комисссиялары
III БОЛУМ. Айылдык кеңешитин ишинин жалпы тартиби
глава. Айылдык кеңешитин сессияларын өткөрүү тартиби
глава. Айылдык кеңешитин токтом долбоорлорун кароо тартиби
глава. Айылдык кеңешитин ыйгарым укуктарын токтотуу
IV БОЛУМ. Айылдык кеңешитин регламенти
глава. Айылдык кеңешитин регламентин бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
1.1. Айылдык кеңеши - Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңешитин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңешитин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарында белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймагындагы өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Айылдык кеңеши жалпы бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берү менен шайланган депутаттардан турат. Айылдык кеңешитин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби «Жергиликтүү кеңешитин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
1.3. Айылдык кеңеши юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, жергиликтүү жамаатардын Уставы ушул Регламент менен киргизилген маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айылдык кеңешитин Регламенти айылдык кеңешитин ишинин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын түзумдөрүн, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4. Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну ушул Регламентте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана кийинки чакырылыштагы айылдык кеңешитин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү өз ишин токтөтөт.
2.1. Айылдык кеңешитин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
2.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңешитин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
2.3. Айылдык кеңешитин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
2.4. Айылдык кеңешитин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
3.1. Айылдык кеңешитин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
-жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
-жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
-аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
-жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
-жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
-жергиликтүү ез алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
-мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарьш мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
-жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
-тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
-кеңештин регламентин кабыл алуу;
-өз чечимдери аткарыдышына контролдук кылуу;
-Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдерди-н негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
-муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
-алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
-ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
-жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3.2. Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет :
-айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
-мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
-тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
-айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
-талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
-айылдык кеңеши башка маселелерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды откоруп берү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы кеңешитин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат. ,
4.2. Айылдык кеңешитин төрагалыгына кеңешитин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт. Жалпы депуттатардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
4.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси менен айылдык кеңешитин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
4.4. Айылдык кеңештердин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
4.5. Айылдык кеңештин төрагасы:
-айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
-сессияларга төрагалык кылат;
-айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
-айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
4.6. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүңдө расмий өтүнүч жасайт.
5.1. Айылдык кеңешитин төрагасынын орун басарына талапкер кеңешитин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
5.2. Айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары кеңешитин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
5.4. Айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
6.1. Айылдык кеңешитин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппараттына жүктөлөт жана кеңешитин жооптуу катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызмакери аткарат. Кеңешитин жооптуу катчысы кеңешитин сессиясында бекитилет.
6.2. Айылдык кеңешитин жооптуу катчысы:
-айылдык кеңешитин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын айылдык кеңешитин депутаттарына сессия өтө турган күнгө чейин 3 күндөн кечиктирилбестен жеткирүүсүн камсыздайт;
-айылдык кеңешитин депутаттарынын ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздыйт;
-кеңешитин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын уюштуруучулук иштерин жүргүзөт;
-айылдык кеңешитин иш кагаздарынын эсебин жүргүзөт;
-депутаттарды, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессияга катышшуга чакырууну уюштурат;
-айылдык кеңешитин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт;
-кеңешитин сессиясынын протоколун жүргүзөт жана тийиштүү жерлерге жеркирүүсүн камсыздайт.
-сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
7.1. Айылдык кеңешитин туруктуу комиссиялары кеңешитин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар да түзүлсө болот.
7.2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеши ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңешитин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңешитин терагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
7.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
7.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Регламенттин жана Кыргыз Республикасынын даты башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
7.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, даты башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.9. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелөрдин оперативдуү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7.11. Айылдык кеңешитин туруктуу комиссиялары:
-кеңешитин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
-тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
-өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
-айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы, сакталышына контролду ишке ашырат;
7.12. Айьшдык кеңешитин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик, жергиликтүү же өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
7.13. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
7.14. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
7.15. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңешитин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
7.16. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
8.1. Айылдык кеңешитин ишинин уюштуруучулук-укуктук негизи сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнун тартиби жана мезгили айылдык кеңешитин регламенти менен аныкталат.
8.2. Жаны шайланган айылдык кеңешитин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңешитин төрагасы тарабынан айылдык кеңешитин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңешитин биринчи сессиясын тиешелүү айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
8.3. Айылдык кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Айылдык кецеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кеңешитин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
8.4. Айылдык кеңешитин депутаты кеңешитин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
8.5. Айылдык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
8.6. Айылдык кеңешитин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу жана айылдык кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
8.7. Айылдык кеңешитин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңешитин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
8.8. Айылдык кеңешитин иш планы бир жылга түзулөт. Кеңешитин иш планын долбоорун даярдоону кеңешитин төрагасы жүргүзөт.
8.9. Айылдык кеңешитин бекитилген иш планына өзгөртүүнү, толуктоону киргизүү жана алып салуу айылдык кеңешитин токтому менен бекитилет.
8.10. Сессиянын ишпланы сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар тарабынан бекитилет.
9.1. Айылдык кеңеши сессияда каралган маселелер боюнча катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.
9.2. Айылдык кеңешике кароого берилген токтом долбоорунда:
-аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек;
-кызыкдар уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү, ошондой эле зарыл учурда мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек;
-каралган маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жөнүнүндө укуктук негизге ээ болушу керек.
9.3. Чечимге макул болбогон депутаттын жазуу же өз эки түрүндө билдирүүлөрү сессиянын протоколуна киргизилет. Токтом долбоору ар бир пунт боюнча талкууланышы мүмкүн.
9.4. Айылдык кеңешитин иш планына ылайык чакырылуучу кезектеги сессияга киргизиле турган маселелер жана материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, кайрылуулар ж.б.) сессия өтө турган күнгө чейин 5 күндөн кечиктирилбестен айылдык кеңешитин төрагасына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
9.5. Айылдык кеңешитин кезексиз сессиясы депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү же кеңешитин төрагасынын же комиссиялардын демилгеси менен чакырылат. Кезексиз сессияда каралуучу маселелер жана материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, кайрылуулар ж.б.) сессия өтө турган күнгө чейин 1 күндөн кечиктирилбестен кеңешитин төрагасына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
10.1. Айылдык кеңешитин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңешитин жаны курамынын түзулушүнө, кеңеши мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.
10.2. Айылдык кеңеши мөөнөтүнон мурда төмөндөгүдөй учурларда таратылышы мүмкүн:
-айылдык кеңешитин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес добушу тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде Президент тарбынан;
-администрациялык-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
10.3. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таратуу жөнүндө жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелинет.
10.4. Жыл ичинде кеңешитин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда мандатынан ажыратылат.
11.1. Айылдык кеңешитин Регламенти жана Регламентке толуктоолор жана өзгөртүүлөр түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат жана кеңешитин сессиясынын бекитүүсүнө сунушталат.
11.2. Регламент меселелери боюнча жумушчу топ бештен кем эмес депутаттан турат. Жумушчу топко тораганын орун басары башчылык кылат.
11.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кигизүү жөнүндө сунуш киргизгенге укуктуу. Сунуштар регламент маселелери боюнча жумушчу топтун кароосуна жөнөтүлөт.
11.4. Регламент боюнча жумушчу топ берилген сунуштарды кеңешитин сессиясына алып чыгат.
11.1. Регламент жана Регламентке толуктоолор жана өзгөртүүлөр депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Жумушчу топтун курамы:
Илипаев К.
Бектурсунова Б.
Касенов Ж.
Черикбаев К.
Курманакунов Ж.