Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 28/4-3
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 29.03.2013ж № 28/4-3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2013-жылдын 14-февралындагы №16 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 4-июнь 2013-жылдагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна (Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл, 29-мартындагы №28/4-3) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
IV бөлүмдүн 12-главасынын 12.7–пунктундагы «Бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз» деген сөздөр «Катары менен төрт жолудан ашык» деген сөздөргө алмаштырылсын.
IV бөлүмдүн 13-главасынын 13.2–пунктундагы «жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун» деген сөздөр «катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин сессияларына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Токтомго киргизилген өзгөртүүлөр массалык маалымат кызматтарына жарыялансын жана областтык юстиция башкармалыгына, мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Иманбеков |