Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-марты № 28/4-3
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жыл 23-январдагы «Шаардык кеңештин Типтүү регламентин бекитүү тууралуу» буйругун жетекчиликке алып, шаардык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш комиссиясынын бүтүмүн зеке алып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламента бекитилсин (Тиркеме 1).
2. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 17-август 2011-жылдагы кабыл алынган № 1 «Чолпон-Ата шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту дептабылсын.
3. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин аппаратына Кыргыз Республикасынын 20-июль 2009-жылдагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» токтомунун негизинде ушул токтомду каттоо боюнча иш жүргүзүү тапшырылсын.
4. Токтом облаеттык юстиция башкармалыгына Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражапарына жарыялансын.
6. Токтмдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш комиссиясына тапшырылсын.
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б. Иманбеков |
| 2013-жылдын 29-мартында Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IVсессиясынын №28/4-3 токтому менен бекитилди |
Шаардык кеңештин РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1- глава. Шаардык кеңеш
глава. Шаардык кеңештин компетенциясы
II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
глава. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар
глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси. Шайлоочулардын суроо-талаптары
БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ
глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
глава. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
глава. Депутаттык мандат
глава.Добуш берүү жана чечим кабыл алуу гаргиби
глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
глава. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
БӨЛҮМ. МЭР ЖӨНҮНДӨ
глава. Шаардын мэрине талапкерлерди көрсөтүүнүн жана бошотуу сунушу жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарынын укуктары.
VI БӨЛҮМ. Шаардык кеңештин регламента
17-глава. Шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
I БӨЛҮМ. Жалпы жоболор 1-глава. Шаардык кеңеш
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык шаардык кеңеш шаардык шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Шаардык кеңеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашырын добуш берүү менен шайлаган 21 депутаттан турат
1.2. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселерди оз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына контроль жүргүзөт жана юридикалык жак статуска ээ.
1.3. Шаардык кеңештин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик түрүнө карабай алардын бирикмелеринин, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу сөзсүз.
1.4. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жонүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жонүндо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү - сессия болуп саналат.
1.5. Шаардык кеңештин регламента шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалык, саясий көп түрдүүлүк жана коп партиялуулук, обьективдүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жонүндо» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде оздорүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
2-глава. Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергилииктүү маанидеги маселерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддордун пайдалануу жөнүндө маалыматын угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды. жыйымдарды жана алар боюнча жецилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти аткарууга контроль жүргүзүү;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу иши жөнүндө отчет угуу;
7) мыйзам чыгарууда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттардын уставын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдерин аткарууну контролдоо;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууну пайдаланууга, ошондой эле кату тиричилик таштандыларды чогултуу, алып чыгуу жана жок кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык тарифтерди бекитүү;
15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатуунун убактысы жана орду боюнча аларга тыюуу салууга чейин чектөөлөрдү, каада-салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
16) ирригациялык тарамдарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипте кармоону аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардык кенештердин сессияларында ылайыгына карап төмөнкү маселелер кошумча чечилет:
-шаардын мэрин шайлоо;
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
-мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.
II БӨЛҮМ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ 3-глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары
3.1. Шаардык кеңештин герагасы шаардык кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашырын добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.Шаардык кеңештин төрагасынын кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна көпчүлүктүн фракциясынын же көпчүлүктүн коалициясынын депутаттары ээ. Эгерде:
-катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткорүлөт;
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлот. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тец санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын тецин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тец санын алса, кайра шайлоо өткөрүлот.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге Караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилсе, кайра шайлоо өткерүлот.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда 3 календардык күндүн ичинде шаардык кецеш кайрадан сессия чакырат.
Шаардык кеңештин торагасы эгер ага шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын ичинен кепчүлүк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык кеңештин торагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагап же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасы:
шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун өткөрөт; -шаардык кеңештин сессиясын жана шаардык кеңештин сессиясында
каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;
-шаардык кеңештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
-шаардык кеңештин аппаратынын ишин контролдойт;
-шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын торагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө комок көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
-шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кенешти сунуштайт;
-шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен оз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
-өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
-шаардык кеңешке бөлүнгон каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жонүндо жобону бекитет;
-шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык кеңештин сессиясында кароого берет;
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин сессиясына шаардык кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кегиши туралуу жазуу түрүндөгү кеңири отчетту кароого берет;
Шаардык кеңештин торагасы шаардык кеңештин сессиясына отчет берет.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайланышы туралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
- шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же оз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
- депутаттык фракциялар менен оз ара аракеттенет;
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4- глава. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
4.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
4.2. Шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
4.3. Шаардын туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде оз ара аракеттенет;
4.4. Шаардык кенешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
4.5. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт;
4.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.7. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
4.8. Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Шаардык кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонүндө» Мыйзамына ылайык депутаттарды ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеңештин карамагына гаандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну котролдоо үчүн убактылуу комиссияларды калыптантат.
5.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кенеш менен аныкталат. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын моөнотүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жое алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин торагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы жана 7враганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, аларды шаардык кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет. Комиссиялардын төрагасы, төраганын орун басары эгер шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, обьективдүүлүк, маселени эркин галкулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
5.3. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана ага баш ийет.
Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5.4. Шаардык кенеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле танышуу же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартинке ылайык оз ишин жүргүзөт.
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
6.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция (мындан ары-фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кенеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка фракцияларга өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутаттын өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш гартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши томонкү учурларда ток го гула г:
-шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
-шаардык кеңештин өзүн-өзү таркатьгшында. Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кенештеги анын фракциясьгньгн укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
-фракцияны шаардык кенеште жана анын сыртында сунуштайт;
-фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
-фракциянын чечимине кол коет;
-фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
гфракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
-фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
-фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт.
-фракциянын шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
-катчынын жана эсеитөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт; -фракциянын мүчөлорүнүн шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта элей албайт.
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
7.1. Фракция укуктуу:
-шаардык кецеште каралган маселелер боюнча саясий коз карашын билдирүүгө;
-башка фракциялар менен коалицияга биригүүго;
-шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
-шаардык кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардын мэрии кызматына кандидаттарды сунуштоого;
-өзүнчө маселелер менен танышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүго;
-Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкулануучу маселе боюнча фракциянын озгөчө оюн берүүго;
-фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга малымдоо каражаттарында ошондой эле шаардык кеңештин сайтында жарыялоого;
-фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеңештин көпчүлүк же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт. мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
7.4. Коалициялык келишимде томонкүлөр чагылдырылат:
-коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
-коалициянын саясий багыты;
-коалициянын ишинин принциптери;
-коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
-коалициянын ишин токтотуу шарттары;
-коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардын коалицияга киргендиги жөнүндо чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.5. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот.
фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюулат;
коалиция таркатууда.
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси. Шайлоочулардын суроо-талаптары
8.1. Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык кенеш белгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин торагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кенештердин туруктуу комиссияларынын торагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткорүп турат.
8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп тура г. Шайлоочулардын фракцияларга, денутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес озүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кенеш же анын органы маалымдайт.
Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кенеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сураи билүү жана малымдоо материалдары менен оз убагында камсыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга малымдоо каражаттарында баяндалат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлот.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары зеке алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэрияеы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар ана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органда сөзсүз түрдө, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо- талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жонүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ
9-глава.Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
9.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламента менен аныкталат.
9.2. Жаны шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кем эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин торагасы тарабынан чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эн улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин торагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10-глава.Шаардык кеңештин ишин пландоо.
10.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жацы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу, шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жоболоштурулат.
10.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кецешинин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11-глава.Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
11.1. Шаардык кецешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- баяндамачыны корсотүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
-шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана каржылык ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуулар тийиштүү эсебин да корсотот (экономикалык негиздеме).
11.2. Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин торагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндо алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
-баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
-баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
-талкуулануучу маселе боюнча жарыш соз;
-баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
-добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
-документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
-негиз катары кабыл алынган документке оңдоолорду киргизүү;
-документти толук менен кабыл алуу боюнча добуш берүү.
11.4. Токтом долбоорун шаардык кенеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
11.5. Шаардык кеңештин торагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылбай туруп, кезексиз соз сүйлөө укугуна ээ.
11.6. Сессияны төрагалык кылган соз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, соз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
11.7. Жарыш создон кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу созго укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин озгөртүүлөрдү киргизүүго жана ал жонүндо шаардык кеңештин сессиясында билдирүүго укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кенеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
11.8. Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш создор токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
11.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кенеш томонкү чечимдердин бироонү кабыл алат:
токтом долбоорун толук кабыл алуу;
анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө ишгөөнү улантуу.
11.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат .
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштоөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кенеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.11. Токгомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда :
мөонөттөр такталаг жана пункттарды же токтомду толук ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
11.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун денгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды
жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктогон жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бироо же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
11.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жонүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кенеш төмөнкүлорго укуктуу:
-аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
-аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
-контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
-контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктоого;
-токтомду жокко чыгарууга;
-кошумча токтом кабыл алууга
11.14. Контроль боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин торагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
11.15. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
-сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы , сессиянын катар номери;
-шаардык кенешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
-сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
-сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
-добуш берүүнүн жыйынтыгы;
-сессия жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын кайсы партиядан шайлангадыгын көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
11.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
11.17. Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун кочүрмесүн берег.
11.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
12-глава.Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
12.1. Шаардык кеңештин сессиясы квартал сайын бир жолудан кем эмес шаардык кеңештин торагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндөгү маалымат депутаттарга жана калкка сессия башталарына бир жума калганда жеткирилет.
Сессияда каралуучу маселелер сессия башталарда 20 күндөн кеч эмес убакытта киргизилиши керек. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу мөонөтүнон тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
Сессияда карала турган маселелерди шаардык кеңештин торагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын фракциясы жана шаар башчысы киргизе алат.
Шаардык кеңештин жабык сессиялары Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемине ылайык тартипте өткорүлүшү мүмкүн.
12.2. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышы өзүнүн биринчи сессиясына Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администарциялар жөнүндөгү» Мыйзам тартибинде чогулат.
12.3. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык камсыздоосун ишке ашырат:
-депутатттарды долбоорлор, кезектеги сессиянын кщн тартибиндеги маселелер боюнча документтер, башка керектщщ маалыматтар менен сессия башталарына он кщн калганда шаардык кеңештин маалымат системалары аркылуу камсыз кылат;
-шаардык кеңештин депутаттары сессиянын күн тартибиндеги долбоорлоруду, аларга карата оцдоолорду камсыздап, шаардык кеңештин депутааттарынын оз ара аракеттерин өз учурунда уюштурууга жардам көрсотөт;
-шаардык кеңештин депутаттарыны көрсөтмөлөрү менен, сессиянын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо катышуусу зарыл тараптарды сессияга чакырат;
- депутаттардын табелдик каттоосун өткөрөт;
-сессиянын өткөрүлүшүнө төрагалык жардам көрсөтөт;
- шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тартипке келтирип, аларды чыгарууну ишке ашырат.
12.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жүргүзүлөт.
12.5. Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчо маселелерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. Бул учурда (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жонүндө (күн тартибинин маселелерин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
12.6. Сессияга катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.7. Катары менен төрт жолдуна ашык сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой зле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, оргүү жана башка жүйолүү себептер эсептелинет.
12.8. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.9. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.10. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.11. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Муну менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына он күн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдо таратылат.
12.12. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда торагалык кылган адам алып барат. Сессияда торагалык кылган шаардык кеңештин торагасы болуп саналат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же торага, тораганын орун басары тапшырган же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүнөн-өзү баш тартпаган) торагалык кылат.
Сессияда торагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.13. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
-эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентин бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
-шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
-депутаттарга жана кызматтык жактарга малым кат алуу үчүн кайрылууга;
-пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
-депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого;
-сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
12.14. Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда торагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
12.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
-сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышына көз салат;
-сессиянын кеңешме залындагы тартипти сактайт;
-чыгып сүйлөгөндөрдүн регламентти сактоолоруна көз салып, өз убагында белгиленген убакыттын бүткөндүгүн эскертип турат;
-түшкөн сунуштарды белгилеп, аларды добушка коюп, добуш берүүнүн жыйынтыгын кабарлап турат;
-сүйлөө кезегин тартипке салат;
-депутаттар тарабынан кезексиз берилген сунуштарды ирети менен сессиянын ишине, угулушуна кам көрүп, өзүнүн да жеке альтернативдик сунуштарын коет;
-сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
сессиянын катышуучуларына сый урмат корсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын соз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, соз сүйлоөдөн кийин түшүндүрмо берүүгө;
-эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
-аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө;
13-глава.Депутаттык мандат
13.1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол көйгөн күбөлүк менен ырасталат.
13.2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгадыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетте жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүно киргенде;
7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин сессияларына;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
14-глава.
Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби.
14.1. Учурдагы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
-шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 21;
-отурумда катышкандардын саны-добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
14.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү туралуу шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуштар коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын билдирет. Добуш берүү жарыя кылынгандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Кворум жок болсо, сессиядагы торагалык добуш берүүыү шаардык кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
14.5. Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт .
Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен өтөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кенеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөе комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын добуш берүү мезгилинде өзүлорүнүн ишмердүүлүктөрүн токтотушат.
Эсептөө комиссиясы өз курамынан төрага жана катчыны шайлайт, өз чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көбүрөөк добуштары менен кабыл алат.
Жашыруун добуштун бюллетендери эсептөө комиссиясынын көзомөлү астында шаардык кеңештин бекиткен чечими менен кеңештин депутаттарынын санына ылайык даярдалат.
Бюллетенде добуш берүү үчүн чечимдин долбоору боюнча «ооба», «каршы» деген варианттар каралган. Добуш берүүнүн орду жана убактысы, өткөрүү тартиби учурдагы Регламентке ылайык эсептоо комиссиясы тарабынан аныкталып, анын торагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык кеңештин ар бир депутаттарына анын депутаттык күбөлүгүнүн корсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсотүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептоо комиссиясынын мүчолөрү менен кол коюлууга тийиш.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы печаттаган атайын урнага салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун ойун билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ойу такталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептоо комиссиясы протокол түзөт, ал эсептоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюулат.
Эсептоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын торагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтому менен жол жоболошт урулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндо каталыктар аныкталса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, учурдагы Регламентте башка тартип каралбаса.
14.8. Сунуштар, ондоолор добуш берүүгө коюлат жана анын демилгечисинин аты аталат.
15-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
15.1. Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеңештин отурумдарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын төрагалыгынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протоколго сессиянын отурумунун төрагасы кол коет.
15.2. Шаардык кеңештин сессияларында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун откорүүнүн датасы, убактысы жана орду; сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырылышы көрсөтүлүшү керек.
16-глава.
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
16.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
Шаардык кеңештин токтомдору сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
Шаардык кеңештин токтомдору шаардык кеңештин торагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин торагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин кайрылууларына, арыздарына, токгомдоруна тораганын орун басары кол коет.
16.4. Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана учурдагы Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.
V-БӨЛҮМ. МЭР ЖӨНҮНДӨ
17-глава. Шаардын мэрине талапкерлерди көрсөтүүнүн жана бошотуу сунушу жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарынын укуктары.
17.1. Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43 беренесине ылайык шаардык кеңештин депутаттары төмөндөгү укуктарга ээ:
-Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсотүүгө шаардык кеңештин фракцияларынын жана Премьер-министрдин укугу бар.
-Шаардын мэрин шайлоо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзогө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде:
-катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткорүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тен санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүроок санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкерлик боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тен санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге Караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
17.2. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен шаардын мэрине ишенбестик билдирүүгө.
VI БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
18-глава
Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
18.1. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан киргизилген сунуштар кеңештин күн тартибине коюлат жана биринчи кезекте каралат.
18.2. Шаардык кеңештин Регламентации абалын түшүндүрүщ жана ага козомол кылуу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин абалын түшүндүрүү кеңештин сессиясында берилет, зарыл болгон учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
18.3. Шаардык кеңештин Регламентинде кемчиликтер менен кабыл алынган чечимдер алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.