Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 26-12/7
29.09.2013-жылдагы №26-7/8
«Каракол шаардык административдик комиссиясынын Жобосу»
деген токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ысык-Көл областтык прокуратурасынын 28.09.2012-жылдагы №26-7/8 «Каракол шаардык административдик комиссиянын Жобосу» деген токтомун жокко чыгаруу боюнча протестин карап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 28.09.2012-жылдагы №26-7/8 «Каракол шаардык административдик комиссиясынын Жобосу» жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясына сунушталып, токтомго ылайык кабыл алынсын.
3. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы (Э.А.Майрыковго) жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
У.С.Турсунбаев |