Загрузка документа…
(Каракол шаардык кеңешинин
28.09.2013-жылдын № 26-7/8
токтому менен жокко чыгарылган
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентябры № 26-7/8
“Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиясы жөнүндөгү” Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри И.И. Өмүркановдун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты А.И. Абдыкадыровдун билдирүүлөрүн угуп, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиясы жөнүндөгү” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссиянын курамы бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Каракол шаарынын мэри И.И. Өмүрканов административдик комиссияны уюштуруу, иштөө маселесин жеке көзөмөлгө алууга милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрайымынын биринчи орун басары У.С. Турсунбаевге жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А.Джумабекова |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин №26-7/8 токтому менен 28-сентябрь 2012жылы бекитилген |
КАРАКОЛ ШААРЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КОМИССИЯСЫНЫН ЖОБОСУ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1 Бул Жобо Каракол шаардык мэриясынын административдик комиссиясынын окутуу тартибин жана алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.
1.2. Административдик комиссия бирден – бир дайыма административдик бузуулар тууралуу иштерди кароодо КРнын “Кыргыз Республикасындагы административдик укукбузуулар тууралуу” Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруучу коллегиялдык мүчө болуп эсептелет.
1.3. Административдик комиссиянын ишмердүүлүгү КР «Административдик укукбузуулар тууралуу» кодексине дал келүү менен, жана башка нормативдик укуктук актылар, нагыз жобо аркылуу жүзөгө ашырылат.
II. КОМИССИЯНЫН КУРАМЫН ТҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ
2.1. Административдик комиссиянын персоналдык жана сандык курамы Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен бекитилет.
2.2. Административдик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын ишке жарамдуу, жөндөмү бар, Каракол шаарынын аймагында туруктуу жашаган, бойго жеткен, соттолбогон жарандары киргизилет.
2.3. Административдик комиссия төраганын, төраганын орун басарынын, катчынын жана төрт мүчөнүн курамынан уюшулат. Административдик комиссиянын мүчөлөрү акысыз иштешет.
2.4. Административдик комиссия Каракол шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жараша түзүлөт. Белгиленген мөөнөтү келген убакта административдик комиссия озүнүн ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштагы сессиянын бекитилген чечими менен, биринчи административдик комиссиянын отурумуна чейин уланта алат.
2.5. Административдик комиссиянын мучөсү түмөнкү учурларда ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөнгө чейин өз милдеттеринен бошотулат:
- өз ыйгарым укуктарын билдирүүдө жазуу жүзүндө арыз берүүдө;
-административдик жоопкерчиликке тартууда;
- соттун айыптоо өкүмүнүн күчөнө кириши;
- административдик комиссиянын күчүнө кирген закондогу соттун чечими менен мүчөнүн ишке жарамдуу эместигин, чектелген жөндөмдүүлүгүн, дайынсыз жок болуусун жана олүмүн таануусу;
- административдик комиссиянын мүчөсүнүнү өлүмү;
- административдик комиссиянын мүчөсүнүн системалуу түрдө өз милдеттерин административдик комиссиянын негиздерине дал келүү мүнөзүндө аткара албагандыгын таануу;
III. АДМИНИСТРАТИВДИК КОМИССИЯНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН ТАРТИБИ
3.1. Административдик комиссия укуктуу:
өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүнө керек материалдарды жана маалыматтарды мекеме, уюмдардан менчигинин түрүнө карабастан талап кылууну;
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтуу өзүн – өзү башкаруу жана коомдук бирикмелер менен өзүлөрүнө тиешелүү иш билгиликтеринин суроолору боюнча эриш-аркак мамиледе бөлүү;
3.2. Административдик комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары:
а) – административдик комиссияны жетектейт, иштеги усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырат.
б) – «Административдик укукбузуулар тууралуу» КР нын кодексине жана административдик комиссиянын компетенциясына тиешелуу административдик укукбузуулар тууралуу иштерди кароодо токтомдорго жана аныктамаларга кол коёт.
в) – Административдик комиссиянын катчысы менен бирдикте административдик укукбузуулар тууралуу иштерди кароодогу токтомдорго кол коёт.
г) – жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын карап, аларга тиешелуу чараларды көрөт;
д) – Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктары;
3.3. Административдик комиссиянын отуруму төраганын катышуусу менен өтөт, (ал жок кезде тораганын орун басары менен) КР «Административдик жоопкерчилик тууралуу» Кодексинде белгиленгендей административдик укукбузуулар тууралуу иштерди кароодо белгиленген мөөнөттүүн чегинде өтөт.
3.4. Эгерде административдик комиссиянын отурумунда анын белгиленген мүчөлөрүнөн жарымынан көбү катышса, анда отурум толук кандуу иш алып бара алат.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы |
Э.Майрыков |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин №26-7/8 токтому менен 28-сентябрь 2012жылы бекитилген |
АДМИНИСТРАТИВДИК КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ
Комиссиянын төрагасы:
- Абдыкадыров А. И. – Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты
Комиссиянын орун басары:
- Рысбаев Э.Т..- Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси.
Катчы:
- Исаев Э. Т.- Каракол шаардык мэриясынын юристи.
Комиссия мүчөлөрү:
- Өскөнбаев С.С.- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты
- Турсуналиев Б. А. – Каракол шаардык ИИБ нин жетекчисинин орун басары
- Абдыкадыров А. К. – Каракол шаарынын башкы архитектору
- Элиев М. У. – район аралык ветеринардык, санитардык, фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын бөлүм башчысы.
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин жооптуу катчысы |
Э.Майрыков |