Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июлу № 26-13/10
Каракол шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин Р.У.Калыгуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (Усупбаев К.Т.) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.Турсунбаев |
| Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 08.07.2013 жылынын № 26-13/10 токтому менен бекитилген |
Каракол шаарынын жергиликтүү жамаатынын
УСТАВЫ
Биз, Ысык-Көл областынын областтык борбору болуп эсептелген Каракол шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү, жашоого татыктуу шарттарды жаратуу максатында, аймакта биримдикти камсыз кылууга умтулуу менен, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды коргой билүү, жарандык макулдашуулар, коомдук тартип жана тынчтык, маданияттуу өнүккөн жамаат катары, дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин бирдиктүү максаттарды ишке ашырууда пайдаланышкан, бабалардын осуяттарына таянып, тынчтыкта жана башка улуттар менен ынтымакта, табийгат менен таттуу мамиледе болуп, улуттук ариет, ар намысты коргоп, Каракол шаарында жашаган бардык улуттун өкүлдөрүнүн салт-санаасына аяр мамиле кылып, айкөлдүк, кең пейилдүүлүк, чыдамкайлык менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо тилегине жар салуу менен, анын мыйзамдарын кыйшаюусуз аткарып, өз конституциялык укугубузду маселелердин өз алдынча чечилишинде ишке ашырып, аймактын кызыкчылыктарын сунуштап, өзүбүздүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүбүз менен ушул Уставды кабыл алабыз.
1. Каракол шаарынын Уставы-бул жергиликтүү жамааттын негизги нормативдүү укуктук акты. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Конституцияга негизделип кабыл алынган жана жергиликтүү жамааттын башка укуктук актыларына караганда жогорку юридикалык күчкө ээ.
2. Каракол шаарындагы бийликтин булагы катары шаар тургундары эсептелет. Алар өзүлөрүнүн бийлигин түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар системасы аркылуу ишке ашырышат.
3. Ушул Устав уюмдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кызмат ээлерин регламенттейт, мындан тышкары, уюштуруу-укуктук, экономикалык, мүлктүк, Каракол шаарынын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык негиздерин Конституцияга, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам чыгаруу актыларына ылайык бекитет.
4. Уставдын Жобосу бардык Каракол шаарынын аймагында жана Пристань-Пржевальск аймактык айылдык башкаруусунда жайгашкан же иш алып барган, алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабай, юридикалык жана жеке жактар, алардын бирикмелери тарабынан аткарылышы милдеттүү.
5. Башка жергиликтүү жамааттын аймагында кабыл алынган нормативдүү укуктук актылар, Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Уставдын жоболоруна каршы келбеши керек.
6. Бул Уставдын иш-аракети Каракол шаарынын аймагында жайылат, анын чектери Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен аныкталат.
Жергиликтүү жамаат-бул шаардын аймагында дайыма жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү, аткаруу жана башка органдар аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен жарандардын тобу;
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү-бул жергиликтүү жамаат менен жоопкерчиликтүү милдеттер аркылуу байланышкан Каракол шаарынын жана Пристань-Пржевльск аймактык айылдык башкаруусунун туруктуу тургуну;
Жергиликтүү маанидеги маселелер-шаар калкынын турмуш тиричилигин камсыздоо маселелери. Алар Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан шаар жарандарынын өз эркин түз, таамай билдирүү жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу» Мыйзамына ылайык каралат;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-өкүлчүлүктүү, аткаруучу жана башка өз жоопкерчиликтеринин астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүчү, калктын өзү тарабынан калыптануучу Каракол шаарынын органдары;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы-депутаттардын курамынан турган шаардык Кеңеш, алар түздөн-түз Каракол шаарынын калкы тарабынан шайланышкан жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык өз жоопкерчиликтери астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө коллегиялдык мүнөздө толук ыйгарымдуу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы-Каракол шаарынын мэриясы, ал Каракол шаардык Кеңешинин депутаттарынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыздоо максатында түзүлгөн;
Мыйзамдаштырылган мамлекеттик ыйгарым укуктар-өзүнчө мамлекеттик ыйгарымдар. Алар Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдардын атынан жана алардын тапшыруусу менен зарыл болгон шарттарды түзүү аркылуу ишке ашат;
Курултай-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жалпы кызыкчылыкты туудурган маселелерди талкуулоо максатындагы чогулушу;
Демилгечи группа-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тобу. Алар ушул Уставга ылайык жарандардын кеңешмесин же курултайын өткөрүү демилгелерин көтөрүшөт.
Аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-бул жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмеси. Алар белгиленген аймакта жашоо менен бирге, ишмердүүлүктөрү жергиликтүү маанидеги иштерди алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз республикасынын мыйзам чыгаруусуна жана ушул Уставга ылайык чечүүгө багытталган.
Жарандардын жыйыны-жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусунун түз формасы. Алар бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи район жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун тургундарынын сунуштары боюнча жана ушул Уставга ылайык чечимдерди, сунуштарды кабыл алышат.
Муниципалдык менчик-жергиликтүү жамааттын менчиги. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы колдонулган менчик. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше киргизүүнүн булагы катары кызмат кылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциясын аткарууга зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна дал келген менчик.;
Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар-шаардык кеңештин депутаттары тарабынан киргизилген салыктар, жыйымдар, төлөмдөр, мындан тышкары, шаар жерлерине болгон салыктардын жиктелген чени. Алар Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленет.
1. Каракол шаарынын аймагына белгиленген чектен чыкпаган жерлер жана башка мыйзам чегинде шаарга белгиленген жер тилкелери.
2. Чектеги Каракол шаарынын аймагы башкарууну уюштуруунун максатында админстративдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт: 7 аймактык муниципалдык коомдук өз алдынча башкаруулар, 22 квартал, Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймактык айылдык башкаруусу.
1. Каракол шаарынын аймагында дайыма катталып, жашаган жана жергиликтүү жамаат менен өз милдеттеринин чегинде тыгыз байланышта болгон Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү жамааттын мүчөсү боло алат.
2. Жергиликтүү жамааттын аймагында жашабаган, бирок ал аймакта кыймылсыз мүлккө ээ болуу укугу бар, жергиликтүү бюджетке салык төлөгөн жана жергиликтүү жамааттын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине катышууга каалоо-тилектери бар, Кыргыз Республикасынын жарандары мүчөсү боло алышат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү учурларда жергиликтүү жамаатын мүчөлүгүнөн чыга алышат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурларда;
- мыйзамдуу түрдө мүчөнүн өлүмү тууралуу же дайынсыз жоголгондугу тууралуу сот тарабынан чечимдин күчкө кириши;
- өлүмү;
- өздүк арыздын негизинде (берилген аймакта дайыма жашабаган жарандар үчүн).
1. Жергиликтүү жамаатын мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:
- жергиликтүү жамааттын иштерин башкарууда катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоочу жана шайлануучу укугуна ээ болуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү жамаатын иш-аракеттери тууралуу суроолор боюнча сунуштарды түздөн-түз же алар тарабынан шайланган өкүлдөр аркылуу киргизүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген жеңилдиктерди жана жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн бирдиктүү аракеттери менен жаралган байкерликтерди, ар кандай муниципалдык менчикте жайгашкан уюмдардын, ишкана-мекемелердин кызматтары менен колдонуу;
- бардык суроолор жана сунуштар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз иш билгиликтерине жараша кайрылуу жана коюлган маселелер боюнча алардан жоопторду талап кылуу;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында , шаардык кеңештин сессияларынын ачык отурумдарында катышуу, аларга карата өз ойлорун эркин билдирүү жана талкууланган маселелер боюнча сунуштарды киргизүү;
- бул Уставда каралган укуктарга кысым көрсөтүү учурларында аксакалдар сотуна жана башка шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн эркин түрдө чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктар менен колдонуу;
2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ушул Уставды колдонууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн турмушундагы шарттарын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук-пайдалуу иш-чараларга катышууга;
- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, анын ичинде аймактык-коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын, аксакалдар сотунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген чечимдерин аткарууга;
- муниципалдык менчиктин жаралышына жана өнүгүшүнө салым киргизүү, аяр колдонуу жана аны сактоого;
- патриоттук жана интернационалдык духта өсүп келе жаткан муунду жана үй-бүлө мүчөлөрүн тарбиялоого;
- улууларды урматтоого, кичүүлөргө кам көрүүгө, бапестөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жамааттын Уставын бузган бардык учурларда катуу чараларды көрүү, коомдук-рухий жана материалдык баалуулуктарга аяр жана көңүлкош мамилелерди жасоодо, аксакалдар соттторунда, коомдук тартиптин сакчыларына тынчтыкты жана адилеттүүлүктү орнотууга көмөктөшүүгө;
- бардык шаар жарандары жана кошуналар менен тынчтыкта жашоо, жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн эркиндигин жана укуктарын урматтоо, коллективдүү жатакананын эрежелерин колдонууга;
- аракеччиликке, нашакорлукка, бузукулук иштерге, чыр-чатак иштерине, коомдук тартип бузууларга жол бербөөгө;
- коомдук тартипти сактоодо активдүү катышуу, улут аралык алака түзүүгө, биримдикке, тынчтыкка, бирдей түшүнүшүүгө, бирдей сый – урматка жетишүүгө көмөктөшүүгө;
- айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо, байыркы тарыхый эстеликтерди жана башка ажайып жайларды сактоого көмөк көрсөтүүгө. Вандализм актыларына чыдамкай болбоого.
- коомдук жүрүм-турумдун эрежелерин, шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоого;
- короолорду жана ага тиешелүү аймактарды жайшылдандырууга, жайгаштырууга;
- курулуштун, өрт коопсуздугунун, санитардык нормалардын, турак-жай үйлөрүн, квартираларды, аларга тиешелүү аймактарды колдонууларынын эрежелерин сактоого;
- муниципалдык менчиктеги жерди, сууну, жана башка жаратылыш ресурстарын, жылуулук, электр жана ар түрдүү энергиялардын түрлөрүн, рационалдуу колдонууга;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды, мындан тышкары көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтарды өз учурунда төлөөгө.
1. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз жоопкерчиликтеринде жергиликтүү жамаатты жетектөө укутарына ээ болуу менен бирге калктын кызыкчылыгы үчүн шаар турмушундагы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын чегинде жергиликтүү жана жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды чагылдырышат. Бул укук депутаттардын шаардык кеңеши жана шаардын мэри, аймактык-коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары, элдик курултайларды, чогулуштарды, конференцияларды түздөн-түз өткөрүү жолдору жана башка мыйзамда каралган формалар тарабынан ишке ашат.
2. Каракол шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын өкүлчүлүктүү орган катары-депутаттардын шаардык кеңеши, мэрияны жетектөөчү катары шаар мэри жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары түзөт.
3. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашат:
- шаар аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Конституциясынын, ушул Жобонун иш аракеттеринин туруктуулугу;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын укуктарын коргоо жана мыйзамдарын сактоо.
- жамааттын мүчөлүгүнө эркин, ыктыярдуу мүнөздө кирүүнү жана чыгууну камсыз кылуу.
- шаар мэринин жана депутаттар кеңешинин тандалмалуулугу, калктын текшерүү алдында жана эсеп алдында болуусу;
- Өзүн-өзү жөнгө салуунун, өзүн-өзү каржылоонун, өзүн-өзү камсыздоо боюнча аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын функцияларынын ыйгарым укуктарынын чектелиши;
- шаардык жана жалпы шаардык кызыкчылыктардын айкалышы;
- шаар мэриясынын ишмердүүлүгүн жетектөөдө мэрдин жеке башчылыгы жана жергиликтүү жамааттын алдында шаардагы иштердин абалына кызматтык жоопкерчилиги, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунун жана Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтери, көз карандысыздыгы, өз алдынчалуулугу;
- коомдук акыйкатчылдыкты колдонуу;
- Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги ачык-айрымдыгы, шаар калкы, коомдук уюмдар, бирикмелер менен тыгыз байланышы;
- эркиндиктер, жамааттын мүчөлөрүнүн бардык жергиликтүү мааниге ээ болгон маанилүү маселелерди жыйналыштарда, чогулуштарда жана башка шаар тургундарынын үзгүлтүксүз демократиялуу формаларындагы талкууларында катышуулары;
4. Жергиликтүү маанидеги маселелер Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы, ушул Устав менен белгиленет, өзгөртүүлөр киргизилет, иши токтотулат.
1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жашты пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
2. Саналып өткөн ыйгарым укуктар жергиликтүү биримдиктин жана алардын органдарынын башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда чектелбейт жана күчүн жоготпойт.
1. Каракол шаардык депутаттар кеңеши Каракол шаарынын жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу органдарынын жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат, шаардын аймагында жашаган жарандар менен жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу» мыйзамында белгиленген тартипте, «Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдары боюнча шайланышат.
2. Каракол шаардык депутаттар кеңеши 31 депутаттан турат.
Шаардык кеңештин депутаты 21 жашка толгон, шайлоо алдында Каракол шаарынын аймагында эки жылдан кем эмес жашаган, Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек. Алар ачык-айкын, тең укуктуу, түз шайлоого укугу бар, жабык добуш берүүнүн натыйжасында 4 жылдык мөөнөткө шайланышат.
Шаардык кеңештин депутаттыгына шайлануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары кеңештин биринчи сессиясынын ачылышы менен башталып, шаардын кийинки чакырылышындагы биринчи сессиясынын ачылышында аяктайт.
Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндөгү чечими шаардык кеңештин сессиясында каралат.
Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу төмөнкү учурларда болот:
- депутат тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурларда;
- депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруусу менен дал келбеген башка кызматка шайлануусу же дайындалган учурларында;
- сот тарабынан депутаттын жумушка жарамсыздыгын, дайынсыз жоголгондугун, өлгөндүгүн таануусу;
- депутатка карата соттун күнөө коюу өкүмүнүн мыйзамдуу түрдө күчкө кириши;
- депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүү тууралуу жеке арызынын негизинде;
- өлүмү;
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын шашылыш токтотулушу;
- башка мамлекетке же калк жайгашкан башка жерге туруктуу жашоо үчүн кетиши;
3. Каракол шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет. Шаардык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан жарымы катышкан убакта да өз укугун жоготпойт. Белгиленген мөөнөттөгү чакырылыштагы шаардык кеңештин сессияларынан тышкары, кезектен сырткары сессиялар да болуп турат. Чакырылыштын жана шаардык кеңештин сессияларынын өткөрүү тартиби Регламент тарабынан аныкталат.
4. Шаардык кеңеште алдын ала каралуучу жана даярдалуучу маселелер үчүн жана чечимдерди ишке ашырууга катышууда, аткарылышын текшерүүдө шаардык кеңештин депутаттары туруктуу жана убактылуу комиссияны жаратат.
5. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджеттин эсеби жана анын аткарылышын бекитүү, мындан тышкары, бюджеттин аткарылышы, бюджеттен тышкаркы фонддордун колдонулушу тууралуу маалыматтарды угуу;
3) калкты коомдук жактан коргоо жана аймактын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын аткарылышын текшерүү жана бекитүү;
4) жергиликтүү салыктарды, аларга байланыштуу жыйымдарды, жеңилдиктерди, жана аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдү киргизүү;
5) жергиликтүү биримдиктин муниципалдык менчигин колдонуу жана жөнгө салуунун тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин приватташтыруунун белгилөө жолу аркылуу, муниципалдык менчикти колдонууну текшерүүнү ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угуу;
7) депутаттардын ыйгарым укуктарын шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген боюнча токтотулган учурлары.
8) жергиликтүү биримдиктин уставын бекитүү;
9) административдик-аймактык курулуштар боюнча максаттуу сунуштарды иштеп чыгуу, мамлекеттик бийликке дал келген органдарга сунуштоо.
10) кеңештин төрагасын, орун басарын шайлоо, алардын кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин бузуу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышын текшерүү;
13) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде аткаруучу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын штаттык санын жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, суу түтүктөрүн, жылуулукту, колдонуудагы, мындан тышкары катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана жок кылууга, жыйымдарга, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна дал келген тарифтерди бекитүү.
15) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын сатуу орундары жана убактысы боюнча тыюу салганга дейре чектөөлөрдү, диний иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин белгилөө;
16) үйлөрдүн жана үй алдындагы жер тилкелеринин, ирригациялык тармактардын мазмунунун тартибин белгилөө;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга дал келген башка маселелердин чечилиши.
Шаардык кеңештин сессияларында кошумча төмөндөгүдөй маселелер каралат:
1. Шаар мэринин шайланышы;
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте шаар мэрине ишенбестик бидирүү;
3. Мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө;
6. КР мыйзамдарында каралбаган, Каракол шаардык кеңешинин карамагына кирген чечимдер, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынып, токтом түрүндө чыгарылып, төраганын колу коюлат.
7. Каракол шаардык кеңешинин чечими. Өзүнүн кабыл алынган ыйгарым укуктарынын чегинде бардык мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды менчигинин түрүнө карабастан, тиешелүү аймакта жашаган кызмат адамдарынын, жарандардын ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзамчыгарууда белгиленгендей аткаруулары милдеттүү.
8. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу.
1. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары жаңы кеңештин крамынын түзүлүшүнө себептүү жана шашылыш кеңештин таркатылышы менен токтотулат.
2. Жергиликтүү кеңеш шашылыш түрдө төмөнкү учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес добуштар тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында президент тарабынан каралган негиздерге карата;
3) Каракол шаарынын админстративдик-аймактык бирдиктеринин чегин өзгөртүүгө алып келген кайра куруп өзгөртүү учурларында.
3. Жергиликтүү кеңештин өз алдынча таркатылышы жөнүндөгү чечими кеңештин төрагасы тарабынан указ чыгаруу үчүн Президентке жиберилет.
9. Каракол шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депуттарынын катарынан же фракциялардын коалицияларынан жабык добуш берүүнүн натыйжасында депутаттардын жалпы санынан көбүрөөк добуш алган учурларда, кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Талапкерлерди сунуштоо тартиби жана кеңештин төрагасын шайлоо Каракол шаардык кеңешинин Регламенти тарабынан аныкталат.
10. Кеңештин төрагасы:
- кеңештин сессиясын чакырат;
- сессияларда төрагалык кылат;
- кеңештин чечимине кол коёт;
- кеңеш тарабынан көтөрүлгөн башка милдеттерди аткарат.
Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу бийлигин мэрдин жетекчилиги астында мэрия ишке ашырат.
1. Каракол шаарынын мэри-шаардын тандалган кызмат адамы, шаардын жүзү жана аткаруучу орган-мэриянын жетекчиси болуп саналат.
2. Каракол шаарынын мэриясы-аткаруучу орган катары Каракол шаарында мэрдин ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органынын функцияларын жөнгө салуу иштерин алып барат. Мэриянын курамына шаардын аймактык жана түзүмдүк бөлүмчөлөрү кирет.
3. Шаар мэри Каракол шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан, анын чакырылыш мөөнөтүнө, жабык добуш берүү жолу менен шайланат. Мэр кызматынын талапкерлигине коюу укугуна шаардык кеңештин фракциялары жана Премьер- министр ээ. Шаар мэрин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаар мэринин ыйгарым укуктарынын бүтүшүнө 25 календарлык күндөн кечикпей, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте дайындалат.
4. Мэр бир убакытта шаардык кеңештин депутаты боло албайт жана ишкерлик менен алектенүүгө, башка кызматтарда иштөөгө болбойт.
5. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин жана Өкмөттүн, шаар Уставынын, өз ыйгарым укутарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт жана уюштурат.
2) Мэриянын ишмердүүлүгүн, шаардын тиричилик ишмердүүлүгүн да камсыздоочу муниципалдык мекеме-уюмдарды жетектейт, бул ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына да жооп берет;
2.1 мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдары, мамлекеттик улуутук коопсуздук органдарынын жетекчилерин, прокурор, соттордон тышкары, аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан бошотуу маселесин коюуга толук укугу бар.
3) Каракол шаарынын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэриянын аппаратынын кызматкерлерин да кызматка дайындайт жана бошотот;
4) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууну, мындан тышкары, кеңештин ыйгарым укуктарынан сырткары, мыйзамдаштырылган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
5) Мамлекеттик мыйзамдаштырылган ыйгарым укуктарды аткарууну уюштуруудагы жоопкерчиликти өз мойнуна алат;
6) Чет мамлекеттерде, Кыргыз Республикасынын коомдук жана башка уюмдарында, бейөкмөттүк жана мамлекеттик бийлик органдарына шаарды сунуштайт.
7) Өз кызматына кирген убакыттан 3 ай кечикпей иштелмесин даярдап, ишке киргизет жана шаардык кеңешке шаардын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнүн долбоорун бекитүү үчүн сунуштайт.
8) Шаардын бюджетинин долбоорун шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт, жылына эки жолудан кем эмес шаардык кеңешке шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин колдонулушу жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттары тууралуу жана шаардын коомдук-экономикалык өнүгүү жана калктын коомдук жактан коргонуу программасынын маалыматтарын берет.
9) Мыйзамга ылайык жыйымдарды жана жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизүү;
10) Шаардык кеңештин сессиясынын чакырылышы тууралуу сунуштарды киргизүү, алардын ишине катышуу;
11) Президенттин алдында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоодо расмий өтүнөт;
12) Кыргыз Республикасынын укуктук-нормативдүү актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.
6. Шаар мэри өз иш билгилигинин чегинде шаардын аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар, ишканалар, кызматкерлер жана жарандар аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду, тескемелерди чыгарат.
7. Мэрдин ыйгарым укугу шайлоо мөөнөтү бүткөндө токтойт.
8. Мындан тышкары, шаар мэри ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүнүн мурда бошотулушу мүмкүн.
1. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдары-бул жарандардын ыктыярдуу бирикмеси. Алар шаардын белгилүү бир аймагында жашашат, ишмердүүлүктөрү жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүгө багытталган.
2. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарына: муниципалдык коомдук аймактык өз алдынча башкаруулар, берилген аймактын тургундары тарабынан түзүлгөн кварталдык, көчө, үй комитеттери кирет.
3. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына , ушул Уставга, Каракол шаардык депутаттар кеңеши тарабынан бекитилген «Муниципалдык аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө» Жобосуна ылайык ишке ашырылат.
4. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, жаштар союздары: аялдар комитеттери жана башка коомдук ишмердүүлүктөрү өз алдынча башкаруунун принциптерине умтулган органдар менен алакалаш мамиледе иш алып барышат.
5. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн чеги жарандардын сунуштарынын эсебин алуунун натыйжасында шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.
6. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын статусу шаардык кеңешке катталган учурунан тарта кабыл алынат. Алардын белгиленген тартипте юридикалык жактын статусун алууга укуктары бар.
7. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүктөрүндө мэриянын, шаардык кеңештин жана жарандардын жыйындарынын эсеп алдында болушат.
8. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги маселелери, иш- аракеттери, ыйгарым укуктары болуп, «Каракол шаарынын муниципалдык аймактык- коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө» Жобосунда белгиленген маселелер жана ыйгарым укуктар саналат.
9. Муниципалдык аймактык-коомдук өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп, Каракол шаарынын мэри тарабынан конкурсттук негизде дайындалган жана кызматтан бошотулуучу Башчы эсептелет.
10. Аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органы, юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусунда каралган башка бардык укуктарды да колдоно алат.
11. Шаардык кеңеш жана мэр аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өз менчиктеринин, алардын өз алдынча экономикалык жана чарбалык-финансылык ишмердүүлүктөрүн калыптандырууга бардык зарыл шарттарды түзүп беришет.
12. Шаардык кеңеш жана мэр келишимдин негизинде аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын аймактын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнүнө багытталган иш-аракеттеринде алардын менчигине чарбалык объекттерди, турак жана турак эмес фонддорду, мындан тышкары өзүлөрүнүн финансылык, материалдык, жана башка каражаттарынын бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүлөрүнө болот.
13. Шаардык кеңештин депутаттары, мэр, ишкана, уюм, мекемелер, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын жана чечимдеринин ишке ашышына көмөктөшүшөт, белгиленген мөөнөттө алардын сунуштарына негиздүү жоопторду таап, сунуш кылышат.
1. Шаардык маанидеги жергиликтүү жамааттын талкуусун талап кылган маанилүү маселелердин коллективдүү чечимдерин кабыл алууда, жергиликтүү жамааттардын курултайларды, жыйналыштарды жана башка түз ой жүгүртүүлөрдү билдирүүнүн формаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өткөрүшсө болот.
2. Жергиликтүү жамааттын курултайы эки жылда бир жолу чакырылат. Курултайдын чакырылышынын демилгечилери болуп, шаардык кеңештин депутаттары, шаар мэри, калктын демилгелүү топтору эсептелет. ( 15 пайыздан кем эмес жергиликтүү биримдиктин мүчөлөрүнөн)
3. Делегаттарды тандоо, чакырылышты уюштуруу жана курултайдын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүлөт.
4. Курултай жергиликтүү жамааттын бардын турмуштук маанилүү маселелерин кароого укуктуу, анын ичинде:
- шаар Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- жергиликтүү бюджетти жана жергиликтүү жамааттын бюджеттен сырткаркы каражаттарын калыптандыруу, аткаруу жана колдонуу;
- шаардын коомдук-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларынын долбоору жана калкты коомдук жактан коргоо;
- элдик курултайдын чечимдерин турмушта ишке ашыруудагы шаар мэринин отчетун угуу;
- мындан башка да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген жергиликтүү жамааттын жашоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди кароо;
6. Курултайдын чечими жергиликтүү кеңешке сунуштоочу мүнөздө болот жана жергиликтүү кеңеш жана мэр тарабынан каралат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген курултайдын чечими, Каракол шаарынын бардык аймагында милдеттүү түрдө аткарылышы зарыл.
1. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун экономикалык негизин шаар аймагынын чегиндеги жаратылыш жана эмгек ресурстары, муниципалдык менчик, башка жергиликтүү жамааттын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна ылайык, Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөн мамлекеттик менчик да түзөт.
2. Каракол шаарынын муниципалдык менчигин жер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, жергиликтүү жамааттын казынасы, муниципалдык баалуу кагаздар, киреше алуу булактарынын жумушчулары жана тейлөө-тиричилик, коомдук-тарыхый жана башка шаар калкынын зарылчылыктарын канагаттандыруучулар түзүшөт.
3. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленгендей өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барышат, тескешет жана колдонушат.
4. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык негизин: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жергиликтүү жамаатка бекитилген кирешенин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти колдонуудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык ресурстары төмөнкүлөрдүн эсебинен калыптанат:
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан;
- аймактык жогорку баскычтагы бюджеттеги категориялык, теңдөөчү, стимулдаштыруучу гранттардан;
- бюджеттен сырткаркы фонддордон;
- чет өлкөлүк инвестициялардан, менчик банктардан, фирмалардан;
- кредиттик ресурстардан, трансферттерден жана гранттардан;
- ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана мекемелердин, уюмдардын, жарандардын садагаларынан;
- муниципалдык менчикти колдонуудан түшкөн кирешелерден, муниципалдык баалуу кагаз жергиликтүү зайымдардан;
- Каракол шаарынын аймагындагы мамлекеттик менчикти приватташтырган каражат бөлүгүнөн;
- Каракол шаарынын жер тилкелерин сатуудан жана ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардан;
- жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүдөн;
- админстративдик жазапулду төлөөдөгү келип чыккан жыйынтыктагы толук сумманын көлөмүнөн;
- жергиликтүү өз алдын башкаруу органдары тарабынан уюшулган ишканалардын кошумча кирешелеринен, мындан тышкары, шаардын зарылчылыгынан улам жаралган мекемелер, уюмдар, банкттар, инвестициялык фонддор жана башка финансылык- экономикалык институттардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик органдары менен алакасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, конституциялык принциптин негизинде, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-аракеттеринин чегинде курулат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары материалдык, финансылык, жана башка керек болгон каражаттарды өткөрүүдө башка мамлекеттик ыйгарым укуктары менен айырмалана алышат. Өткөрүлгөн ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга эсеп отчетун беришет.
3. Шаар жерлерин жана муниципалдык менчиктин мамлекеттик органдар тарабынан пайдалануусуна байланыштуу мамлекет менен мүлктүк мамилелер жана тескерисинче, мамлекеттик менчиктин Каракол шаардык өз алдынча башкаруу органдары менен-келишимдин негизинде чечилет.
4. Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттин талаш-тартыштарын макулдашуулардын натыйжасында же болбосо сот органдары тарабынан чечүүгө болот.
1. Каракол шаарынын жергиликтүү жамааты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу укугуна ээ. Бул укук эл аралык келишимдерди, контракттарды жана башка иш-аракеттерди түзүп, аткаруу жолу менен жамааттын жалпы пайдасын көздөө максатында жүзөгө ашырылат.
2. Каракол шаарын чет мамлекеттерде көрсөтүү укугу шаар мэрине жана шаардык депутаттар кеңешинин төрагасына тиешелүү.
1. Каракол шаардык депутаттар кеңеши мэр менен макулдашуунун натыйжасында жергиликтүү жамааттын атайын наамдарын жана сыйлыктарын белгилей алат.
2. Жергиликтүү жамааттын жогорку наамы болуп «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамы эсептелет.
3. Жергиликтүү жамааттын наамдарын жана сыйлыктарын ыйгаруу тартиби Каракол шаардык депутаттар кеңеши тарабынан белгиленет.
4. Шаардык депутаттар кеңеши жергиликтүү жамаат тарабынан наамдар же сыйлыктар менен сыйланган адамдарга ылайыктуу жеңилдиктерди белгилеп, шаардык бюджеттин эсебинен камсыз кылып берүү укугуна ээ.
1. Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
2. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин чогулуштарынын (жыйындарынын), жарандардын топторунун, курултайларынын же депутаттарынын тобунун сунушу боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат.
3. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталууга жатат.
4. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга, моралдык, административдик, материалдык таасирдеги чаралар көрүлөт.
2. Ал чаралар шаардык кеңеш, шаардын мэри, «Пристань-Пржевальск» аймактык айылдык башкаруусу, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдары, аксакалдар соту тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде колдонулат.
3. Ушул Уставды бузган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата жоопкерчиликтүү чаралар, ал органдардын ушул Уставга дал келип иштелип чыккан жоболоруна же атайын жоболорго ылайык колдонулат.
Каракол шаарынын мэри | Калыгулов Р.У. |