Редакцияот 15.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Таш айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын X сессиясы

 

2013-жылдын 15-августу № 4

Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренөсинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында " Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" талкуулап Чоң-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:

-Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдатангандыгы үчүн жер салыгы :

-айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жана чарба жанындагы жана бак-огород жер- леринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ;

-1,2,3 топогу мулк салыгы.

2. Калктуу пункттардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициент төмөндөгүдей болуп бекитилсин:

-Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар үчүн Кз-1,0 коэффициент;

-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандар үчүн ишкерлик менен алектенген ишканалар үчүн (дүкөн, пилорама, ЖАК «Сут-Булак» Кз -1.2 коэффициент:

Кашар, складтарга Кз -1,0

3. Жер салыгынын, мүлк салыгынын 1.2.3-топторунун эсептелиниши жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Респубпикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын жана коэфициенти Кз-1,0 деп кабыл алынсын.

4. Акыр-чикир чыгаруу жыйыны :

-Ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин;

5. Нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жыддын 1-январынан баштан күчүне кирип айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштан колдонулууга киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Чоң-Таш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Н. Джапаев