ТоктомКүчүндө

Чоң-Таш айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 15-августундагы № 4 «Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө» токтому

Редакция15.08.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Таш айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын X сессиясы

 

2013-жылдын 15-августу № 4

Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренөсинин 4-бөлүмүнүн талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында " Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү жөнүндө" талкуулап Чоң-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Таш айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштан төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:

-Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдатангандыгы үчүн жер салыгы :

-айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жана чарба жанындагы жана бак-огород жер- леринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы ;

-1,2,3 топогу мулк салыгы.

2. Калктуу пункттардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зоналдык коэффициент төмөндөгүдей болуп бекитилсин:

-Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана бак-огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар үчүн Кз-1,0 коэффициент;

-Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди пайдалангандар үчүн ишкерлик менен алектенген ишканалар үчүн (дүкөн, пилорама, ЖАК «Сут-Булак» Кз -1.2 коэффициент:

Кашар, складтарга Кз -1,0

3. Жер салыгынын, мүлк салыгынын 1.2.3-топторунун эсептелиниши жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Респубпикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын жана коэфициенти Кз-1,0 деп кабыл алынсын.

4. Акыр-чикир чыгаруу жыйыны :

-Ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканалардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин;

5. Нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши үчүн каттоого токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жыддын 1-январынан баштан күчүне кирип айыл аймагынын аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштан колдонулууга киргизилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Чоң-Таш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Н. Джапаев