Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 8
Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3 статьясынан 3 пунктунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык төлөмдөрүн төлөөнү жогорулатуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Санташ айыл аймагында төмөнкү түрдөгү салык түрлөрү өндүрүлсүн
-Айыл чарба багытындагы жерлерге, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, үй чарбасынын жүргүзүүгө арналган жерлерге;
-1.2.3 топтордогу мүлктүн түрлөрүнө карата салык;
-Аймактык Кз коэфиценти жеке ишмердик алып барууга Кз = 1,2, башкалары 1,0 барабар болсун.
-Жер салыгынын үй чарбасын жүргүзүүгө арналган жерлер Кз = 1,0.
2. Салык көлөмү төмөнкүчө бекитилсин
-1.2.3. топтордогу мүлккө болгон салык көлөмүн жана жер салыгынын көлөмүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде.
3. Токтом укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик ресстирине кошуу үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармачылыгынан каттоо өтүүгө тийиш.
4. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Токтомудун аткарлышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысы Тыналиев И. Ж. жүктөлсүн.
Санташ айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н.У. Чынтурова |