ТоктомКүчүндө

Санташ айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 28-сентябрындагы № 8 «Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция28.09.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-сентябры № 8

Санташ айыл аймагында жер салыгынын мүлктүн 1. 2. 3. топторуна жана аймактык коэфицент Кз бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3 статьясынан 3 пунктунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык төлөмдөрүн төлөөнү жогорулатуу максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Санташ айыл аймагында төмөнкү түрдөгү салык түрлөрү өндүрүлсүн

-Айыл чарба багытындагы жерлерге, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, үй чарбасынын жүргүзүүгө арналган жерлерге;

-1.2.3 топтордогу мүлктүн түрлөрүнө карата салык;

-Аймактык Кз коэфиценти жеке ишмердик алып барууга Кз = 1,2, башкалары 1,0 барабар болсун.

-Жер салыгынын үй чарбасын жүргүзүүгө арналган жерлер Кз = 1,0.

2. Салык көлөмү төмөнкүчө бекитилсин

-1.2.3. топтордогу мүлккө болгон салык көлөмүн жана жер салыгынын көлөмүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде.

3. Токтом укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик ресстирине кошуу үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармачылыгынан каттоо өтүүгө тийиш.

4. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Токтомудун аткарлышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысы Тыналиев И. Ж. жүктөлсүн.

 

Санташ айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Н.У. Чынтурова