Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры № 42
Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» деген наамы жөнүндө
Эл депуттарынын айылдык кенешинин сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атуулдардын Кызыл-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жеке салымдарын, калк арасындагы биримдикти, ынтымактуулукту чындоодо, айыл аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык кызматтардагы, билим беруу, маданият, саламаттыкты сактоо, дене-тарбия жана спорт тармактарындагы кайрымдуулук иштериндеги өзгөчө синирген эмгектерин баалоо максатында, Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» деген наам ыйгаруу киргизилсин жана айыл аймагындагы жогорку наам экендиги белгиленсин.
2. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобо бекитилсин. (тиркелет)
3.Эл депуттарынын айылдык кенештеринин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн башчысына,айыл башчыларына бекитилген жобону жашоочуларга тааныштыруу жана Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулуна» татыктуу адамдарды жобонун негизинде сунуш кылуу тапшырылсын.
4. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын алган жарандарга бир жолку 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө сыйлык ыйгарылсын.
4.Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысыны (К.Казыбековго) «Ардактуу атуул» наамынын атрибуттарын даярдоо учун жана бир жолку 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө сыйлыкка айыл аймагынын бюджеттинин эсебинен нак акча каражатын болуп берүү жагы милдеттендирилсин.
Айылдык кенештин төрагасы: | А.Байтоков |
| Айылдык кенешиинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 42 токтомуна тиркеме №1 |
1. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жобосу Айыл аймагынын өсүп өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон адамдардын өзгөчө эмгегин баалоо максатында Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын ыйгаруу тартибин аныктайт.
2. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы айыл аймагынын тургундарын сыйлоонун жогорку формасы жана алардын айыл аймагынын экономикасын демократиялык коомдун , элдердин биримдигин коргоого жана чындоого интелектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга кошкон зор салымын, ошондой эле айыл аймагындагы,элге коомдук, гуманитардык кайрымдуулук жана башка иштердеги синирген эмгегин таануу болуп саналат.
3. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык иштерде, илим, билим беруу , маданият ,саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында өзгөчө синирген эмгеги, эл арасында ынтымактуулукту чындоого активтуу катышкандыгы учун айыл аймагында 25-жыл жашаган, кохоз убагында мамлекеттик сыйлыктары бар, айылдык райондук кенештерге депутат болгон айыл тургундарына, персоналдык пенсионерлерге ыйгарылат. Ошондой эле бул наамга айыл аймагында жасаган өзгөчө эмгеги үчүн чет өлкөлөрдүн жарандары, айыл аймагында жашабаган Кыргыз Республикасынын атуулдары татыктуу боло алышат.
4. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, ишканалардын, мекеме-уюмдардын жалпы чогулуштарында каралып, комиссияга берилет. /згөчө синирген эмгек учун Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» деген наамы депутаттардын үчтөн биринин же сунушу менен комиссияда каралат.
Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн протоколдорго төмөндөгүлөр кошо тиркелүүгө тийиш.
-өмүр баяны;
-Справка–көрсөткүч: (обьективка);
-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан берилген протоколго ылайык атайын комиссиянын чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн токтому менен ыйгарылат.
6. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын айыл өкмөтүнүн башчысы , Эл депутаттарынын айылдык кенешинин төрагасы тапшырат.
7. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы салтанаттуу кырдаалда наам ыйгарылган адамдын өзүнө тапшырылат. Наам менен бирге сыйланган адамга Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүк , төш белги берилет, атуулдун ысымы айыл аймагынын «Ардак китебине» жазылат.
8. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы бир гана жолу ыйгарылат жана кайталап берүү жүргүзүлбөйт.
9. Аттулдардын юбилейлерине байланыштуу аларга «Ардактуу атуул» наамы берилбейт.
10. Айыл аймагында бир жылда 7 атуулга гана «Ардактуу атуул» наамы берилет.
11. «Ардактуу атуул» наамынын ээси айыл аймагында төмөндөгүлөргө укуктуу:
айыл аймагынын тургундарынын жашоо денгеелин жогорулатуу боюнча айылдык кенешке жана айыл өкмөтүнө сунуш менен кайрылууга:
-айыл аймагындагы ишканалардын, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусунда эч тоскоолдуксуз кабыл алынууга жана тиешелуу маселелер боюнча алардан жооп алууга.
12. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына негизсиз көрсөтүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республкасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
13. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын бузган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандардан Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын алып салуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия айылдык Кенештин сессиясында бекитип берүү боюнча сунуш берет.
14. Кызыл-Суу айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын күбөлөндүргөн Күбөлүктү мыйзамсыз жасап алуу, сатуу, алмашуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.