Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 20 ноябры № 2
Балыкчы шаарындагы «Убактылуу объекттерди пайдалануу жана
уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо жана кабыл алуу тууралуу»
жобосун бекитүү жөнүндө.
Балыкчы шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы М.Токоевдин убактылуу объектилерди пайдалануу жана уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо жана кабыл алуу тууралуу маалымат угуп сунушталган иш кагаздарын карап талкуулап жана коммуналдык чарба маселелери боюнча депутаттык комиссиясынын сунушуна ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы “Убактылуу объектилерди пайдалануу жана уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо жана кабыл алуу тууралуу” жобосу №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр толуктоолор менен бекитилсин.
2. Балыкчы шаарындагы “Убактылуу объектилерди пайдалануу жана уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо жана кабыл алуу тууралуу” жобосу Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтом «Балыкчы» шаардык газетасына жарыялансын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана шаардык Кеңештин алдындагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кенешинин төрагасы |
А.Смадияров |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XV сессиясынын № 2 токтому менен 20.11.13ж бекитилди |
· Убактылуу түйүндөр– буларга күркөөлөрдүн бардык түрлөрү, чатырлар, аянты 30 чарчы метрден ашпаган пайдубалсыз павильондор, жарнак такталары кирет.
· Убактылуу курулма – жер менен өзүнүн турган салмагы менен же куймасыз кургак бекитме менен байланышкан жана жер астындагы курулмаларысыз курама-ажырама өз-өзүнчө жыйын элементтерден түзүлгөн ыкчам курулуш системасы.
· Капиталдык курулуш – бул баардык курулуш объектилерине тиешелүү инженердик коммуникацияларды, тереңдетилген пайдубалдарды, негизги кармап туруучу дубалдарды, тосмо конструкцияларды жер курулуш иштерин талап кылган бардык курулуштар.
· Шаар куруу иш кагаздары- долбоор, архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) (түзмөгү менен талап кылынган тексти бар атайын бланк, зарыл учурда объектинин эскизи берилет).
· Башкармалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агентигинин Балыкчы шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы
1.1 Бул Жобо Жер жана Жарандык Кодекстердин, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү» Мыйзамдын жана Кыргыз Респуликасынын ченемдик-укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрьдын №571-токтомун менен бекитилген типтүү Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майдагы №252-токтомун, «Кыймылсыз мүлктөрдү долбоорлоого уруксаат иш кагаздарын берүү, курулуп бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, архитектуралык- шаар куруу, куруучулук-ишмердүүлүк тармагын илимий-техникалык жетишкендиктерин турмушка ашыруу максатында иштелип чыкты.
1.2 Кыргыз Республикасынын 30-01-2001-Курулуш ченеми жана эрежелеринин 7-тиркемесинде «Мекеме жана тейлөө ишканалардын жер тилкесинин өлчөмдөрү» пунктунда көрсөтүлгөн.
1.3 Башкармалык менен бекитилген «Убактылуу түйүндөрдүн жайгаштыруусуна уруксаат иш кагазы» убактылуу обьектини жайгаштырууга уруксааты болуп саналат.
1.4 Убактылуу объектилерди орнотууга уруксат берүү мөөнөтү, 1 (бир) жылга берилет жана жер тилкенин берилген мөөнөтүнө каралбайт.
1.5 Уруксаат иш кагазында коюлган талаптарын бузуу менен орнотулган, о.э. жарандардан түшкөн негиздүү даттануулардын негизинде, Башкармалыктын биринчи талабы боюнча убактылуу объект колдонуу мөөнөтүнө карабастан убактылуу түйүн орнотулган жерден жер тилкени бошотуусу абзел.
1.6 Убактылуу түйүн орнотууга негиз болуп төмөндөгү иш кагаздар эсептелет.
Жер тилкеси Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде болсо:
- эскиз (толук түстүү) жана түйүндүн долбоору болсо;
- ижара келишиминин негизинде (берилген мөөнөтү көрсөтүлүшү керек) же болсо Балыкчы шаарынын Мэриясынын токтомунун негизинде (берилген мөөнөтү көрсөтүлүшү керек).
Жер тилкеси менчик болсо.
- эскиз (толук түстүү) жана түйүндүн долбоору болсо;
- жер ээсине катталган тастыктоочу иш кагаздар (токтом, чечим жана башка), жер тилкенин күбөлөндүрүүчү иш кагаздар (мамлекеттик акт).
1.7 Уруксаат кагазы менен долбоорлор иштелип чыккандан кийин бардык тийиштүү маалыматтар менен тиешелүү укуктуу органдардын макулдугу толук келип түшкөндөн кийин 15 күндүн ичинде кардарга берилет.
1.8 Кардар түйүндүн архитектуралык-техникалык талаптарга жооп берүүсүнө анын пайдаланышына, укуктук тартибине жана аймагынын көрктөндүрүлүшүнө жоопкер.
1.9 Уруксаат 2 (эки) нускада түзүлөт, анын бири арыз ээсине берилет, экинчиси аймактык архитектура курулуш органында калат.
1.10 Бул жобо капиталдык курулма объектилерине таркатылбайт.
2.1.Атайын иштетилип чыгылган, тийиштүү тарап менен бекитилген арызды Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдын №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобонун, тиешелүү эреженин талаптарын толук сактоо менен Балыкчы шаарынын Жер комиссиясы аркылуу өтүп, келишим же токтом менен же болбосо менчиктигин тастыктоочу күбөлөндүрүүчү иш кагаз менен, юридикалык мекеме болсо, юридикалык жактын мөөрү жана башчысынын колу менен же жеке ишкер же жаран болсо, жеке тараптын колу менен Башкармалыка тапшырылат.
Арызда:
- аты-жөнү, уюмдун аталышы;
- жашаган жери, телефону, объектинин дареги;
- күтүлгөн объектинин формасы, күтүү абалы, иш түзүмү, инженердик камсыздоо көлөмү;
- суралуучу аянт,
көрсөтүлөт.
2.2. Бекитилген тартипте даярдалбаган арыздар жана сунуштарды даярдоо кардар менен Башкармалыгынын ортосундагы келишимисиз каралбайт жана жүргүзүлбөйт.
2.3. Кардар сунушун даярдоого катышуудан баш тартканда же 30 күндүн ичинде келбесе - арыз кагазы жокко чыгарылып, кагаз жүзүндө эскертүүсүз өндүрүштөн алынат.
Эгерде себеби бар болуп, себебин тастыктаса, арыздын кароо мөөнөтү кошумча дагы 30 күнгө узартылат.
2.4 Арыз каттын көчүрмөсү ээсине кайтарылбайт, Башкармалыгынын архивинде сакталат.
2.5. Менчик жер тикесинин ээси арыз менен кайрылса, Башкармалык ченемдик актылардын мыйзамдуулугу, архитектуралык пландоо, техникалык ченемдик жана укуктук эрежелери сакталышын аныктап туруп 5 иш күндүн чегинде, жооп берет.
Эгерде кардардын кайрылуусу, Башкармалык тарабынан ченемдик актылардын мыйзамдуулугу, архитектуралык пландоо, техникалык ченемдик жана укуктук эрежелерин сакталышына толугу менен жооп берсе, Балыкчы шаардык кызматтары менен кызыктар субъектилердин тийиштүү макулдашууга иш кагаздары даярдалып, иш жүргүзүлө башталат.
2.6 Эгерде кардардын кайрылуусу, Башкармалык тарабынан ченемдик актылардын мыйзамдуулугу, архитектуралык пландоо, техникалык ченемдик жана укуктук эрежелерин сакталышына толугу менен жооп бербесе, Башкармалык кыска мөөнөттүн ичинде кардарга жооп иретинде тиешелүү иш кагазы берилет жана арыз иш иретинен алып салынат.
2.7 Шаардык кызматтары менен кызыктар субъектилердин тийиштүү макулдашуулары Балыкчы шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын тапшырмасы боюнча кардар тарабынан иштин жүрүшүндө аныкталат.
2.8 Инженердик коммуникацияларга убактылуу кошууга уруксаат алууну, кардар иштетүүчү уюмдар менен өз алдынча жүргүзөт.
3.1 Объектинин катуу төшөлгөн аянтчасы (асфальт, бетон, плитка, брусчатка) жана бет маңдайында жөөлөр - унаалар үчүн кирмеси болушу керек.
3.2 Макулдашылган белгиленген эскиз боюнча тенттерди, жеңил бастырмаларды, калканычтарды, ушул сыяктуу күндөн калкоолоочу тосмолорду орнотууга жол берилет.
3.3 Иш убактысы, үн камсыздоо тескемелөө тартиби 8.00 дөн 23.00- гө чейинки чекитке үн басандатуучу системаны пайдаланууда ээлеген аянтчанын жекече шарттарына жараша кызыктар субъектилер менен макулдашылат жана шаардын санитардык кызматы менен уруксаат берүү бланкасында көрсөтүлөт.
3.4 Түнкүсүн жанаша субъектилердин макулдугу менен үн изоляциялык жана добуш басуучу кубаттуулугу 60 дБ чейинки системаларды кылдат пайдалануу шартында, БГЦСЭН дин макулдугу менен уруксат берилет.
3.5 Убактылуу объектилердин жарыктандыруусун түнкү убакытта да жүргүзүлүшү керек.
3.6 Жер тилкесин белгиленген максатка ылайык жана аны берүү шарттарына ылайык пайдаланууну камсыз кылуу.
3.7 Тийешелүү аймакты жашылдандырууну камсыз кылуу. Жердин сырткы түшүм берүүчү кыртышын сактап калуу жана кийин калыбына келтирүү, көп жылдык чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин өстүрүү.
3.8 Убактылуу объектини орнотууда курулуш ортосунда 1 (бир) метр аралыгын сактоо керек.
3.9 Жер тилкелеринде убактылуу объектилерди орнотууда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугунда көрсөтүлгөн архитектуралык-техникалык, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрт коопсуздугу жана башка атайын талаптарды (нормаларды, эрежелерди, нормативдерди) сактоо.
3.10 Өз алдынча архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын тийиштүү уруксаатысыз аракеттерге, айлана-чөйрөгө терс таасирин, маданий, тарыхый-архитектуралык жана башка курумдарга материалдык, архитектуралык-көркөм зыян тийгизүүгө жол бербөө.
3.11 Республикадагы шаар куруучулук, архитектуралык аракеттеги нормаларды, эрежелерди жана стандарттарды бузууга жол бербөө.
3.12 Соода кылуучу убактылуу түйүндөрдү орнотууда Балыкчы шаарынын «БиСО» муниципалдык ишканасы менен таштандыларды чыгарууга, жер тилкени ижарага берилген мөөнөткө келишим түзүүсү милдетүү жана ошондой эле коомдук тамактануу пунктун жайгаштыруу учурунда, идиштерди жууганга пайдаланган сууларды чогултуучу септиктерден БГЦСЭН берген корутундунун негизинде, Балыкчы шаарынын «БиСО» муниципалдык ишканасы менен акыр-чикир ташуучу атайын унаа менен ташып чыгарууну камсыз кылуу үчүн жана таштандыларды чыгарууга келишим түзүү керек.
3.13 Убактылуу объектилердин ээлери тескөөчү жана көзөмөлдөөчү органдардын аракеттеги мыйзамдын негизинде, алардын өз милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3.14 Атайын уруксаат берилбеген жерде жайма жана автоунаадан соода жүргүзүү болбойт жана тыйуу салынат.
Балыкчы шаарынын шааркурулушу жана Архитектура боюнча башкармалыктын тарабынан жумуш аткарууга коюлган баалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агентигинин директору менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат боюнча агенттигинин директору менен бекитилген баалардын жыйнагынын негизинде аныкталат.
Ижарага берилүүчү жер тилкенин акча өлчөмдөрү, Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча Башкармалыгы тарабынан аныкталат.
Түйүндө кайсы бир маалымат же уруксаат иш кагазынын түп нускасы жок болгон учурда, Балыкчы шаарынын мэриясы, Балыкчы шаарынын шааркурулушу жана Архитектура боюнча башкармалыгы түйүндү жабууга, кызматтык нускама менен мыйзамдуулук актылардын негизинде анын ээсинин каражатынын эсебинен 3 күндүк мөөнөттө, түйүндү орнотууга кеткен чыгымдын ордун толтурбастан түйүндүн ордун бошотуп, алып кетиши керек.
Түйүндүн уруксаат иш кагаздарын жокко чыгарууга негиз болгон кесепеттер:
· Бекитилген эскизге жана долбоорго дал келбестик;
· Жер тилкесинде геометриялык формасынын өзгөрүүсү, күркөнүн бетондолушу;
· Түйүндүн элементтеринин же анын долбоордо бекитилген архитектуралык образынын өзгөрүшү;
· Иш тескеминин же тейлөөнүн түрлөрүн өз алдынча өзгөртүү;
· Кайсы бир башка курулмаларды же элементтерди жайгаштыруу «Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин жана Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде айыптоого алып келет, жана 3 күндүн ичинде, кеткен чыгымдын ордун толтурбастан, ээсинин эсебинен түйүн бузулат.
5.1 Объектилер ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө бузулбаса (алынып салынбаса), Башкармалыктын берген корутундусунун негизинде Балыкчы шаардын мэриясы жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар үчүн түйүндү бузуп (алып салып), Балыкчы шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесине КР мыйзамдарынын негизинде, алынып кетилет.
Бул учурда бузулган объекттилердин тургандыгы, ал сакталганы үчүн, ээлеринен күнүгө бир эсептүү көрсөткүч өлчөмүндө акы алынат.
5.2 Убактылуу объекттерди жайгаштырууга, алардын максаттуу пайдаланышына, иштетишине көзөмөлдү мэрия, архитектура шаар куруу башкармасы жана башка көзөмөлдө органдары өз багыты боюнча, бекитилген тартипти жүргүзүшөт.
5.3 Уруксат берүчүү документердин туура таризделишине көзөмөлдү Балыкчы шаарынын шааркурулушу жана Архитектура боюнча башкармалыгы жүргүзөт.
5.4 Тескөөчү жана көзөмөлдөөчү уюмдардын өкүлдөрү мыйзамдын чегинде убактылуу объектилерде, сырткы жана ички кароодон тоскоолдуксуз өткөрүүгө, ээлеринен керектүү маалыматтарды алууга, убактылуу объектилердин пайдаланышына жана өзгөрүшүнө байланыштуу тиешелүү иш кагаздары менен таанышууга укуктуу.
Балыкчы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы |
Рахманов О.А. |