Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-майы №26
Айыл мыйзамын бекитүү жөнүндө.
«Айыл мыйзамы» долбоору Түп аймактык айыл өкмөтүнүн тургундарынын жыйындарында, Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Айыл мыйзамынын долбоорун бекитүү жана айыл мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөгө комиссия курамын түзүү Түп айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVI- чакырылышынын V- сессиясында толугу менен талкууланып
1. Аза күткөн үйгө кийим илбөө, бир баштан ашык мал сойбоо, туура эмес диний иштерди көзөмөлгө алуу боюнча айылдын молдолору, имамдар, айыл башчылар, кварталдык комитеттер, депутаттар, айыл өкмөтү менен бирдикте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлгө коюлсун жана комиссия курамы түзүлсүн.
2. Аза күткөн үйгө бир баштан ашык мал сойбоого чек коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу административдик комиссияга милдеттендирилсин.
Түп айылдык Кеңешинин төрагасы: | Иманбеков Б.Ж. |
Кыргыз Республикасы Ысык-Көл областы Түп району, Түп айылдык Кенешинин өз алдынча башкаруусунун Айыл мыйзамы.
Биз, айылдык Кенештин аймагында жашаган атуулдар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугун айыл жааматын түзүү менен анын коомдук жашоосун камсыздоону ыйык эрежелерин аныктаган ушул Уставды айыл турмушунун негизги Мыйзамы катары каьыл алабыз.
Алдыга ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында, биз эн оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук талаптарын, аймагыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарынын асыл нарктарын өзүнө камтыган айкөл Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол
чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр , билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болу;
7. Кыргыз мамлекетин чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо;
Оз алдынча башкаруунун коомдоштугунун (мындан ары жааматтын) негизги Мыйзамы болгон айыл мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
- өз алдынча башкарууга өтүүнүн негизги максаттарын;
- өз алдынча башкаруунун негизги принциптери;
- жааматтын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун негизги тартибин;
- жааматтын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин;
- жааматтын өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу;
- өз алдынча башкаруу жамааатынын экономикалык жана финансылык негиздерин, коммуналдык (мындан ары ортолук) менчикке ээлик кылып, анны пайдалануунун жана башкаруунун тартибин;
- жамааттын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумунун жана коомдук тартиптин эрежелерин, жалпыга тиешелүу ыймандуулуктун, моралдын, этиканын, улуттук каада-салтттарын, асыл-адеп нормаларын:
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жамаатын мүчөлөрүнө колдонулуучу сыйлык чараларын;
- айыл Мыйзамын бузган жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына жаза көрүү чаралары;
- айыл Мыйзымын кабыл алуунун жана ага түзөтүүлөрдү киргизүүнүн тартибин;
- жамааттын турмушундагы мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерин.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты
– бул жамааттын жалпы мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги бардык коомдук пайдалуу маселелерин өз жоопкерчилигине алып, аларды мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаган маанидеги бардык маселелерди шартка жараша өз алдынча турмушка ашыруу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана чечип туруу максатында, айылдык Кенештин аймагындагы өндүрүш каражаттарын, социалдык объектилердин жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алуунун, ошондой эле башка мүлк ээлерининыктыярдуу түрдө берген мүлк өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчигин финансылык-экономиеалыек базасын түзүүнү;
- айылдык Кенештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана аны калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, алардын ан-сезимин жана активдүүлүгүн жогорулатууну;
- жамаатын ар бир мүчөсүнүн материалдык байлыгын арттыруу, жашоо жогорулатуу боюнча иштерди аткарууну;
Жааматтын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маселелерди чечүүдө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү каржылоосу, өзүн-өзү камсыз кылуусу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлгө алынышы жана алардын эл алдындагыжоопкерчилиги;
- жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктагы маселелерди айкалыштырып чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик кээ бир ыйгарым укуктарды колдонуу;
- жамааттын өз алдынча ьбашкаруусунун өкүлдүк органы болгон айылдык Кенештин депутаттарынын мамааттын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, жабык жана тике шайлануусу, ал эми анын аткаруучу - тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өкүлдүк, аткаруучу – тескөөчү жана аймактын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым менен милдеттеринин чектелиши;
- жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктры менен кызыкчылыктарынын корголушу;
- социалдык акыйкаттулуктун сакталышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулугу, аычктыгы, коомдук бирикмелер, уюмдаржана калктын катмарлары менен тыгыз байланышы;
- жамаатын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда, айылдык Кенеш менен өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги жана пикир айтуу эркиндиги;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги өздөрүнө ыйгарылган укуктардын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алынган чечимдерин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдында жоопкерчилиги.
Жамааттын өз алдынча башкаруусу, анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөөгө ашырылат:
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы айылдык Кенеш;
- айылдык кенештин аткаруучу-тескөөчү органы - айыл өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдарын өз башкаруу коомдук кенештери, турак-жайлык жана көчө кварталдык комитеттер ж.б.
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
- жамааттын материалдык финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча көзөмөл тобу;
- жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат;
- жергиликтүү айылдык референдумдар;
- жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары;
- айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б.
Эскертүү: Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз аймагында ардагрлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн, уюмдардын ж.б. түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
2. 16 жаш курагына жеткен, кенештин аймагында туруктуу жашаган ушул айыл мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден келген Кыргыз Республикасынын жарандары, паспорттук режимдин негизинде №- күндүк мөөнөттө айылдык кенештин каттосунани өтүп, 3 ай туруктуу жашагандан кийин жамааттын мүчөсү деп эсептелсин.
4. Кенештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүн жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул айыл мыйзамын кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген кыргыз Республикасынын граждандары жергиликтүү жамааттын мүчөсү боло алат.
5. Жамааттыни алдында өзгөчө эмгек синиргендиги үчүн жергиликтүү кенештин чечими менен «айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган Кыргыз Республикасынын граждандары жамаатттын мүчөсү болуп эсептелет.
6. Жамааттын мүчөлөрү өз каалоолору менен туруктуу жашоо үчүн башка жакка кетип жатса, паспорттук режимдин негизинде айылдык Кенештин аймагында жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлккө ээлик болуучу мамлекеттик документи жана өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул айыл Мыйзамын кабылдаган жана айыцл талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары жамааттын мүчөсү катары эсептелинет.
7. Жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарылган граждандар эгерде кайрадан жамааттын мүчөлүгүнөкирүүнү кааласа, алардын мүчөлүккө кирүү жөнүндөгү арызын берген күндөн тартып 1(бир) жалдык мөөнөткө сынак убактысы белгиленет жана ага көзөмөл болуучу адам бекитилет. Сынак убактысында алар айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды толук аткаргн убакта гана кайрадан жамааттын мүчөлүгүнө кабыол алынат.
Жамааттын ар бир мүчөсү ушул айыл Мыйзамына ылайык төмөндөгү укутарга ээ болот:
1. Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө-мүлктү жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
- жамааттын ишине башкарууга байланыштуу маселелерди жана турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга;
- иш-тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн бекитилген женилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз пикирин айтууга жана ба берүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн жана каражаттардан, ошондой эле жаматаштыктын менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынын белгиленген тартиптин чегинде пайдаланууга;
- жергиликтүү референдумдарга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык кенештер менен айыл өмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- айыл мыйзымында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- айыл мыйзамынын эрежелеринин жамааттын башка мүчөлөрү жана башка адамдар бузган учурда өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул айыл мыйзамында көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алуу учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк , тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга жана алардын кызматынан пайдаланууга;
- адал мээнет, ак эмгеги менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаатытын, ощондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишеимдүу корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана айыл мыйзамында каралган башка укуктардан пайдаланууга;
- аталган укуктардан жана айыл мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана женилдиктерден жамааташтыктын мүчөлөрү гана пайдалана алат.
1.Жамаатын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүу:
- айыл мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого ;
- жамааттын оз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык
кечиктирбей өз убагындат төлөөго;
- жамааттын турмуш тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы объектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү ондоого, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган ашарларга катышууга, аларды ишке ашыруу ишке ашыруу үчүн милдеттүу түрдө аткарууга);
- элдик курулуштарда, жолдорду, көпүрөлөрдү, арыктарды, каналдарды салууда жана ремонттоодо жамааттын ар бир мүчөсү бир жылда беш күн бекер иштеп берүүгө;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ущул мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдерди аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын ды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн , короо жайын таза кармоого жана өз убагында ондоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- өзүнүн үйүнүн (короосунун) чегине чейинки көчөнүн бөлүгүнүн тазалыгын сактоого, өзү жана башка адамдар тарабынан булганбашына, акыр-чикир таштабоосуна көз салууга жана жол бербөөгө;
- кашалардын, (штакетниктердин) тосмолордун эстетикалык көрүнүшүнө, аларды өз убагында актап, сырдап турууга, үйүнүн жанындагы көчө жарыгынын болушуна кам көрүүгө;
- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүн, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көнүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоо;
- уурулук кылуу фактыларын байкап же көрүп, угуп калган учурда калган чурда сөзсүз анны кварталдык комитеттерге, айыл башчысына дароо билдирүү;
- курчап турган табиятка (айлана чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан жаныбарларга кыянатчылык менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- көчөдө өскөн бак-дарактарды, талдарды уруксатсызкыйууга жол бербөөгө;
- турак-жай имараттын куру эрежелерин сактоого, турак үйлөрдү, ага
жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсудугун, санитардык
жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына
көмөктөшүүгө;
- жамааттын ар бир мүчөсү коомдук жана малдын арасындагы
жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында
менчик малын тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой
эчкилерди күпкөдөн өткөрүүгө жана өз убагында ветеринардык
текшерүүдөн, кароодон өткөрүп турууга;
- адамдар арасында жугуштуу оорулардын тарашына жол бербөө үйдөгү жаныбарларды (ит, мышык) өз убагында каттоодон өткөрүп, тиешелүү эмдөөлөрдү жүргүзүп турууга;
- жамаатын мүчөлөрүнүн баиргелешкен пайдалануусундагы жердин, суунун жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрдү сарамжалдуу пайдаланууга;
- коомдоштуктун аймагында жайгашкан ар бир ишкана, чарбалар, соода түйүндөрү , ассоциациялар, бирикмелер, коомдор мектепте.б. мекеме-уюмдар төмөндөгүлөргө милдеттүү;
- ушул алынган айыл мыйзамын так сактоого, сыйлоого жана анын сөзсүз аткарууга;
- материалдык жактан жетишпеген, жалгыз бой адамдарга, көп көп балалуу үй-бүлөлөргө, багар-көрөрү жок адамдарга, жетимдерге, майыптарга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине өз ыктыярлары менен жардам көрсөтүп турууга;
- ар бир дыйкан, багар көрөрү жок, кары картандарга, майыптарга жараша айылдык кенештин алдындагы «жардам» фондусу менен бирдикте жакырчылык картасына каттоодо тургани жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө;
- өзүнүн жана айланасындагы территорияны, көчүнүн бөлүгүн таза кармоого, кашааларды , тосмолорду ондоп жана сырдап турууга, көчөдөгү жарык берүүчү түйүндүн иштөөсүн камсыз кылууга;
- өрт коопсуздугун, санитардык жана ветеринардык эрежелердин так сакталышына жана ушул багыттардагы бардык иш чараларга милдетүү түрдөкатышууга;
- айылдык курулуштарга, ишембиликтерге, ашарларга, жолдорду жана каналдарды куру, ондоо ж.б. коомдук иштерге катышууга;
- айылдык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегиде жана ушул мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдерин;
- мектептер жана жаштар уюмдары тарабына кары-картандарга, жалгыз бой адамдарга жардам көрсөтүү отряддарын мурдагыТимурчулар командасы сыктуу) түзүү жана даректүү көрсөтүүнү уюштуруу.
- балага кам көрүу, анны туура тарбиялоо ар бир ата-эненин милдети;
- ата-энелерине камкордук көрүү, эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, ошондой эле багар көрөөрү жок кары-картандар, майыптар, эмгекке жараксыздарды камкордуука алуу жалпы жамааттын ыйык парзы;
- альтернативалык кызмат өтөп жаткан ар бир улан коомдук тартипти чындоо иштерине милдетүү түрдө катышууга;
- улууга урмат, кичүүгө ызаат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукучулукка, бекерпоздукка, жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктрын жана эркиндигин ызаттоо;
- өз үй бүлөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна-колондор менен тынчтыктам жашоо, үй-бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды ата-мекенин, өз жерин сүйүүгө, интернационализмге, достукка тарбиялоо ар бир бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чындоо айылдык кенешинин аймагындажашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети.
Азыркы мезгилде аймагыбызда маркумду узатуу аземдерине 3күн кармоо, бир нече бодо малдарды сойуу, арак берип көнүл айтуу, чон таштардан эстелие тургузуу, күмбөз салуу, темирден коргон куруу сыяктуу ашыкча чыгымдарга дуушар кылып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кошумча кыйын абалда калтырып жаткандыгын баарыбыз көрүп билип жүрөбүз.
Мындай көрүнүштөр динибиз да жок. Ошондуктан:
1.Сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдө кошуналар ошол үйдөгүлөргө көнүл айтып, жакын туугандары тамак алып келип туруулары зарыл. Булл кошуналардын жана туугандардын милдеттери. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган адамдардын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп отуруу туура эмес. Демек кара ашына мал сойууга тыйуу салынат
2.Аза күткөн үйгөбир баштан ашык мал бойбоогочек коюлсун.
3.Шариятка атайын маркумга атап үчүлүгү, пайшамбилиги, жетилиги, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги же ылдыгы деген ырым-жырымдар жок, бул талапты да атуулдар толугу менен аткаруулары керек.
4.Кандайдыр бир кездемени кичинеден бөлүп айрып, «жыртыш» таратып берүү шариятта жок, андыктан булл адатка да тыйуу салынат.
5.Чон таштардан кымбат баалуу материалдардан күмбөз салууга тыйуу салынат.
1.1, 5, 10, 15, 20, 25, 30, 40 жылдык деген юбилейлерди өткөрүүгө тыйуу салынат.
2.Тойлордо, ЗАГСыга чыкканда эки женил машина менен чыгууга уруксат, ашыкча 5-10 автомашиналар менен чыгууга тыйуу салынат.
3.Тойлор түнкү саат 23:00дон кийин улантылбайт.
4.Коомдук жайларда масс жүрүүгө тыйуу салынат.
5.Спир ичимдиктерди сатуу түнкү саат 20:00дон кийин тыйуу салынат.
6.Спирт ичимдиктерин, тамекини сатуу жаш өспүрүмдөргө сатууга тыйуу салынат.
Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелери төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү маанидеги менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык жана экономикалык жактан ар тараптуу өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай, коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү уюштуруу иштери;
- соода жана турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарды сактоо жана өнүктүрүү;
- жамааттын мүчөлөрүнүн арасында интернационалдуулукту өнүктүрүү максатында айылда жашаган улуттардын каада-салттарын жайылтууга карата майрамдарды, кечелерди өткөрүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спрортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргонууну уюштуруу;
- мыйзамдарга жана ушул айыл мыйзамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү;
1.Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана
финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме –уюм, ишкана, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө-мүлктөр, социалдык маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги объектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол чарба объектилеринин ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана;
- ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- өз каалосу менен берилген ктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор;
- тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн, гранттардан финансылык ресурстар;
Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кенеш тарабынан аныкталат.
Жаматтын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланышына коомдук көзөмөлдөө айылдык Кенеш тарабынан түзүүчү 9 кишиден турган элдик көзөмөл тобутарабынан жүргүзүлөт.
Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жан коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Булл топтун текшерүүчүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кенештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
1.Айыл мыйзамынын талаптырын үлгүлүү аткараган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккөө такай көмөктөшкөн , жамааташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эн жогорк үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринек жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана
акчалай сыйлыктар менен ыйлоо;
- мактоо баракчаларын тапшыруу;
- «ыймандуу үй-бүлөө», «үлгүлүү үй», көчө, квартал, «алдынкы чарба», «алдынкы жамаат», «элдик уул», «алдынкы дыйкан», деген наамдарды ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү.
2.Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
- жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдык, кварталдык жашоочулардын жалпы жыйындарда, аксакал сотуна, коомдук уюмдарга, айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык кенештин депутаттарына таандык;
- алкыш жарыялоо , баалуу белек, башка материалдыек жанав акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, «ыймандуу үй-бүлөө», «үлгүлүү үй», «көчө», «квартал», «алдынкы чарба», «алдынкы жамаат», «элдик уул», «алдынкы дыйкан» деген наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
- жамааттын Ардак тактасына жана Ардак китебине жазуу, «айылдын ардактуу атуулу» деген ардак наамдарды ыйгаруу, эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык Кенеш кабыл алынат.
1.Айыл мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамааттын төмөндөгү жаза чаралары колдонулат:
- ооз эки жана жазуу түрүндөгү экертүү;
- жашаган жерлерине өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген ардак наамдан ажыратуу;
- белгиленген тартипте айыл жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын, айыл башчыларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кенеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдетин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик колдонулат:
3. Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдетин аткара алабган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
А) Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө, айыл жана жооптуу кызматкерлерине:
- жазуу түрүндө эскертүү;
- төмөнкү кызматка көтөрүү;
- кызматтан алып салуу;
- айыл өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
Б) Айылдык Кенештин депутатарынын үчтөн экисинин чечими менен:
- айыл башчысына эскертүү берүү;
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы жана анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.
В) Айылдык Кенештин курамына же жеке депутаткамыйзамга жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
- айыл башчысына , айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кенештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү чечимдер райондук Кенештин төрагасы жана райондук мамлекеттик башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу, той-тамаша, шаан-шөкөттөрдү өткөрүүнүн тартиптерин бузган жарандарга 50 000 сомдон 150 000 сомго чейинки айыптар салынат. Айып жергиликтүү бюджетке өндүрүлөт, айыпты түзүлгөн актынын негизинде айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы тарабынан салынат.
1.Жаматка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам чегинде белгиленген тартипте ар кандай денгээлд түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте жамаат чет өлкөлүк , эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымдуулук каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтү радио түйүндөр ж.б. ) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
1.Президент бекиткен айыл Мыйзамынын үлгүсүнүн негизинде
иштеп чыгат. Комиссия тарабынан даярдалган айылдык Кенештин
жыйналышында бекитилип жамааттын мүчөлөрүнүн талкуусуна
коюлат.
Талкууга түшкөн сунуштардын негизинде комиссия айыл
мыйзамынын долбооруна тиешелүү кошумчаларды киргизип,
айылдык кенештин кароосуна коюлат.
Айылдык кенеш тарабынан бекитилген долбоор юридикалык
экспертизадан өткөрүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына
жөнөтүлөт.
Юридикалык экспертизидан өткөрүлгөндөн кийин Айыл Мыйзамы
күчүнө кирет.
2.Айылдык курултайда кабыл алынган айылдык Мыйзам (Устав) областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөндөн кийин ал айыл өкмөтү тарабынан жамааттын мүчөлөрүнө жетиштүү нускада жарыяланат. (жамааттын гезити, атайын чыгарылган китепчелер аркылуу).
3.Айыл Мыйзамы ал айылдык Кенештин аймагындагы жамааттын баардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга жатат.
4.Жамааттын аыл мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөтү, аксакалдар соттору жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрү жүзөөгө ашырышат.
5.Айыл мыйзамына түзөтүүлөрдү, алымча-кошумчаларды киргизүү ушул айыл мыйзамына кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
1. Кабаев Базарбек - айылдык Кенештин депутаты,
2. Жунушалиев Майрамбек - Шаты айылынын айыл башчысы,
3. Мамбеталиев Узак - айылдык Кенештин депутаты,
4. Өмүралиев Ишен - Бирлик айылынын айыл башчысы,
5. Кыштообаев Жолоочу - аксакалдар сотунун төрагасы,
6. Курманова Турсунбюбю - аялдар Советинин төрайымы,
7. Маданбеков Өмүрбек - Түп айылынын имамы,
8. Абдылдабеков Бекбосун - айылдык Кенештин депутаты,
9. Дикомбаев Айдар. - айылдык Кенештин депутаты,
10. Намазбеков Айдарбек - Шаты айылынын имамы,
11. Матаев Огомбай - Бирлик айылынын имамы.
«Ырыс алды ынтымак» деп ушул өзүбүз кабыл алган айыл мыйзамын бир добуштан колдоп жан кыйшаюсуз аткаралы, «Сабырдын түбү сары алтын» деп кемчилик иштерге барбай ынсап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө тадбай ниеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укукту толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы!
Ошондо гана бөксөбүз толуп, кембагалыбыз байып, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман, ынсап кетпей, жерибиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул койгон ыйык милдеттерди аткарганга күч кубат берсин!
Түп айылдык Кенешинин төрагасы: | Иманбеков Б.К. |
Жооптуу катчы: | Молдосанова А.А. |