Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Түп айылдык Кеңешинин ХХYI - чакырылышынын III – сессиясынын
ТОКТОМУ
2013-жылы 4-марты № 6
Күн тартибиндеги Түп айыл аймагынын «УСТАВЫН» бекитүү маселе Түп Айылдык Кеңештин ХХVI-чакырылышынын III-сессиясында толугу менен талкууланып токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын «Уставы» бекитилсин.
2. Түп айыл аймагынын «Уставы» Ысык-Көл областтык Юстиция башкармачылыгынан каттоодон
өткөрүлсүн.
Түп айылдык Кеңештин төрагасы: | Иманбеков Б.Ж. |
| Түп айылдык Кеңештин XXVI-чакырылышынын III-сессиясында бекитилген «04» март 2013-жыл. |
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
УСТАВЫ
Биз, Түп айыл аймагынын (мындан ары айыл аймак) территориясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарын колдонмо катары алып, ошондой эле:
- Биздин айылдын жана биздин аймактын гүлдөшүнө, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн гармониялуу руханий жана физикалык өнүгүүсүнө жетүү максатында:
- Биздин айылдагы жарандардын эмгек эс алуу жана жашоосу үчүн татыктуу шарттарды түзүү максатында:
- Айылдык аймактын чегинде бирдикти, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын гармониясын, жарандык баш ийүүчүлүктү жана коомдук тартипти камсыздоого умтулуп:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана суверенитетин бекемдөө ниетин билдирүү менен, анын Конституциясын жана Мыйзамдарын сактап:
- өз жоопкерчилигибиздин алдында өз конституциялык укугубузду ишке ашыруу менен, Түп айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын ушул Уставын кабыл алабыз.
1.1. Түп айылдык аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставы (мындан ары – Устав) мындан ары Түп айылдык кенеши кабыл алган айылдык аймактын негизги ченемдик укуктук актысы болуп эсептелет.
1.2. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү жамааттын тиричилик аракетин уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин,жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен жөнгө салынбаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүнүн башка маселелерин регламенттештирет.
1.3. Ушул Устав айылдык аймактын территориясында күчкө ээ жана аны айылдык аймактын территориясында иш алып барган, уюштуруучулук – укуктук формасына карабастан баардык юридикалык жактар, ошондой эле физикалык жактар жана алардын бирикмелери аткарууга милдеттүү.
Ушул Уставда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат.
айылдык кенеш- айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы;
айыл өкмөтү - айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы;
жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген айрым ммлекеттик ыйгарым укуктар;
элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча демилгелүү топ - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы максаттар менен бириккен жана бир айылдык аймакта жашаган үч жана андан ашуун ыктыярдуу бирикмеси.
жергиликтүү жамааттардын курултайы – жалпы кызыкчылыктагы маанилүү маселелерди талкуулоо максатында айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн чогулушу;
жергиликтүү жамаат - айылдык аймактын территориясында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктарыменен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципиалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалнусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги;
жергиликтүү салыктар жана жыйымдар - Кыргыз Республикасынын мыйзымдарында белгиленген тартипте айылдык кенеш тарабынан киргизилген салыктар жана жыйымдар;
жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (үчтөн биринен кем эмес) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укугу;
аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары - айылдык аймактын территориясында туруктуу жашаган, ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде өз алдынча чечүүгө жана ишке ашырууга багытталган, жергиликтүү жамааттын ыктыярдуу бирикмелери;
жарандардын жыйыны (чогулушу) – калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы;
коомдук угуулар – бул жамаатын жашоосундагы маанилүү маселелерине карата калктын пикирин изилдөө, кенеш алуу жана маселени , көйгөйдү чечүүдө оптималдуу, тен салмактуу чечим кабыл алуу үчүн ачык талкуу формасында уюшкан иш-чара;
элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо – бул калктын пикирин жана кызыкчылыктарын эсепке алуу менен маалыматты биргелешип чогултуу, аны анализдөө жана ишти пландаштыруунун планы
3.1. Айылдык аймактын территориясы өзүнө айылдык аймактын административдик – территориялдык чек аранын чегиндеги жерлерди камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы өзүнө төмөнкү айылдарды камтыйт:
4.1. Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын ______________ айылдык аймагынын территоиясында туруктуу жашаган, жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү 18 жаштан жогору, жынысына, рассасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга тиешелүүлүгүнө карабастан, түздөн-түз жана алар түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга бирдей укуктарга ээ.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык биримдиктерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциациясияларына кирүүгө укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык, тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду орнотууга укуктуу.
Символдордун сүрөттөлүшү жана аларды колдонуунун тартиби айылдык кенештин ченемдик укуктук акттары менен орнотулат.
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте айылдык аймактын территориясында жашаган жери боюнча катталган фактысы негиз болуп берет.
5.2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүдө ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жүйөлөрдөн тышкары кандайдыр бир башка шарттарды орнотууга жол берилбейт.
5.3. Жергиликтүү жамааттын аймагында туруктуу жашаган жери бар чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого катышуу жана шайлануу укугунан башка Кыргыз Республикасынын жарандары ээ болгон укуктарга жана милдеттемелерге ээ.
5.4. Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн төмөнкү учурда чыгат:
- Кыргыз Республдикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- соттун аны өлдү, дайынсыз жок болду деп тапканы тууралуу чечими мыйзамдык күчкө ээ болгондон кийин;
- өлгөн учурда;
- айылдык аймактын чегинен чыгып, башка жерде туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткенде.
5.5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Конституцияны, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарын жана ушул уставды бекем сактоого;
- жамааттын башка мүчөрүнүн укуктарын жана эркиндигин урматтого;
- муниципиалдык менчикте турган жерлерди, сууларды жана башка жаратылыш ресустарын, жылуулук жана энергиянын башка түрлөрүн, мүлктү рационалдуу пайдаланууга.
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамаатардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
6.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзо ашырылат.
6.3. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кенештер жана айыл өкмөтү аркылуу ишке ашырылат.
6.4. Жергиликтүу жамааттын жергиликтүу өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;
- жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо,
- ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатынын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
- мыйзамдуулук жана социлдык адилеттүүлүк;
- өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
- жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
- коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
- тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
- өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кенештердин көз карандысыздыгы.
8.1. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген жергиликтүү маанидеги негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет:
- Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү , анын аткарылышына көзөмөл;
- айылдык аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыздоо, айылын өнүктүрүү, инвестициялрды жана гранттарды тартуу;
- жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
- муниципалдык менчикке ээ болуу, колдонуу жана башкаруу, турак жай коммуналдык чарбачылыктын ишин жана өнүгүүсүн уюштуруу жана айылды көрктөндүрүү;
- ишкерчиликти колдоо жана өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн ынгайлуу шарт түзүү;
- турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн шарт түзүү;
- бирдиктүү шаар куруу саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, муниципалдык жерлерди рационалдуу пайдалануу, шаар куруунун жана архитектуранын нормалары менен эрежелеринин сакталышын камсыздоо;
- калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу, (ошондой эле калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутуму бар болсо, анын ишин камсыз кылуу);
- жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
- көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
- сейил бактардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
- турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
- муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана айылдык аймактын калктуу конуштарынын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
- жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
- жергиликтүү манидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- коомдук тартипти сактоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды ишке ашыруу;
- элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
- дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук
-практикалык чараларды ишке ашыруу;
- айыл тургундарын активдүү эмгекке тартуу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- жергиликтүү жамаатын аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан программалар, айылдык кенеш кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматка ээ болуусун камсыздоо;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн (демилгелүү топторун)айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча долбоорлорду, жергиликтүү жана башка программаларды иштеп чыгуу процессине, айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомдук пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга тартуу;
- тышкы экономикалык мамилелерди орнотуу жана макулдашууларды түзүү.
8.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
9.1. Айыл өкмөт башчысы кенештин макулдугу менен жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну юридикалык жана жеке жактарга, бир эле учурда жергиликтүү маанидеги өткөрүлүп берилип жаткан маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же каржылоо булактарын аныктоо жана берүү менен өткөрүп берүүгө укуктуу.
9.2. Айыл өкмөт башчысы тарабынан бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну өткөрүп берүү, максатка ылайыктуу болгон учурда жүргүзүлөт.
10.1. айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүн калктын атынан Конституциянын, Кыргыз
Республикасынын мыйзымдарынын, ушул Уставдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жоболорунун негизинде ишке ашырат.
10.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жооптуу кызматкерлери иштерин ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чектеринин негизинде аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары керектүү материалдык жана каржылык ресустарыны менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат.
10.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим чыгарат жана алар үчүн жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчиликти алат.
10.4. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу адамдары жана кызматкерлери өз иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелип, окутуучулук, илимий, чыгармачылык иштен тышкары бөлөк акы төлөнүүчү жумуштарда иштөөгө укуксуз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
10.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Контитуцияга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук акттарына, ушул Уставга шайкеш келбеген акттарды чыгарууга, ошондой эле контитуциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түз коркунуч жараткан аракеттерди жасоого, мындан тышщкары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттерди жасоого, улуттар аралык жана диний араздашууга үгүттөөгө жана аны тутандырууга укугу жок.
11.1. Айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштей.
11.2. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелет жан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына кирген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын уютуруу тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы, жергиликтүү жамааттын Уставы жана айылдык кенеш бекиткен айыл өкмөтү тууралуу Жобо менен аныкталат.
11.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде – айыл кенешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлкеттик органдарга отчет берип турат.
11.4. Айыл өкмөтү айыл кенешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
12.1. Өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидег маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кенешинин чеими боюнча айыл башчысынын (айылдын страростасынын) кызмат оруну киргизилсе болот.
12.2. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн чечим менен ага өткөрүлүп берилген иш - милдеттерди калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанып калган үрп-адаттары менен салттарына жараша аткарат
12.3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
12.4. Эгерде калктуу конуштан айылдык кенешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кенештин жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
13.1. Ченмдик укуктук акттын долбоорун айылдык кенешке киргизүү сунушу менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы 5 кишиден кем эмес демилгелүү топту түзөт. ______________ айылдык аймактын территориясында жашаган, 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат.
13.2. Демилгелүү топ ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенешке киргизүүсунушу үчүн кол чогултуу, анны айылдык кенеш карап жатканда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоо, ошондой эле ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенештен чакыртып алуу үчүн түзүлөт.
13.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- айылдык кенешке ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү демилгесин колдоого кол чогултууга;
- элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу жайылтууга;
- ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенещке киргизүү сунушуна байланыштуу үгүттү чогулуштарда, массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле жарандардын колун топтоо учурунда жүргүзүүгө.
13.4. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өз ичинен ачык добуш берүү аркылуу
алардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен демилгелүү топтун координаторун тандоого укуктуу. Координатордушайлоо тууралуу демилгелүү топтун жыйынын чечими протокол менен түзүлөт, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коет.
13.5. Демилгелүү топтун координатору төмөнкүлөргө укуктуу:
- демилгелүү топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоого;
- демилгелүү топтун ишин координациялоого.
13.6. Демилгелүү топтун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13.7. Кол топтоо түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоорун жүйөлөрү менен даярдаган сон чогултула баштайт.
13.8. Ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелүү топ элеттик жыйндарда (чогулуштарда), жеткиликтүү болгон коомдук жерлерде же жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялоо аркылуу ачыктай алат.
13.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө таандык. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларга дардык көрүүгө жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар демилгелүү топтун каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоп жүргөн демилгелүү топтун мүчөлөрүайылдык кенешке киргизүүгө сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстин таанышып чыгуусу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
13.10.Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жеринде, ошондой эле башка жерлерде ишке ашырылса болот.
13.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү ченемдик укуктук актынын долбоорун колдоп, бир гана жол коюуга, ошондой эле айылдык кенешке кол коюлган барактар берилгенге чейин демилгелүү топко арыз жазуу аркылуу колун кайтарып алууга укуктуу.
13.12. Демилгелүү топ ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенешке жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү кол коюп бергенинин тастыктаган кол топтоо аяктагандан кийин киргизет.
13.13. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизгенге чейин демилгелүү топ айылдык кенештин төрөгасына ченемдик укуктукактынын долбоорун айылдык кенештин кезектеги (же кезексиз)сессиясында демилгелүү топтун катышуусу менен карап чыгуу тууралуу арыз менен кайрылат.
13.14. Ченемдик укуктук актынын долбоорун карап чыгуу тууралуу арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- айылдык кенешке ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун чогулушунун протоколу;
- төмөнкү маалыматтарды камтыган демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси: аты жөнү, атасынын аты, туулган күнү, жашаган жери (туруктуу же убактылуу), паспорттун сериясы жана номуру;
- ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- жүйө келтирилген маалымдама;
- салыштырмалуу таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүжанатолктоо киргизген учурда) же жаны редакциясы.
- төмөнкү маалыматтарды камтыган коюлган барак: аты жөнү, атасынын аты, туулган күнү, жашаган жери (туруктуу же), паспорттун сериясы жана номуру, айылдык кенешке киргизүү үчүн демилгелүү топ тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актынын долбоору үчүн коюлган колу.
13.15. Элдик демилге тартибинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенеш милдетүү түрдө карайт. Бул долбоор демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат. Жергиликтүү жамааттын каалаган мүчөсү айылдык кенештин сессиясына катышууга укуктуу.
13.16. Айылдык кенеш ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда да жергиликтүү жаматтын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоору күчүндөкала берет жана жаны чакырылыштагы айылдык кенеш милдетүү түрдө карайт.
13.17. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоору айылдык кенеште каралганга чейин чакыртып алынса болот. Чакыртып алуу тууралуу чечим демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
13.18. Ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алуу тууралуу долбоорго кол койгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн айылдык жыйындарда (чогулуштарда), же массалык маалымат каражаттары аркылуу ченемдик укуктук актынан долбоорун чакыртып алуунун себептерин жүйөлөрү менен түшүндүрүп берип маалымдайт.
13.19. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга, ченемдик укуктук актынын долбоорун айылдык кенешке киргизүүгө үгүттөгө зомбулук, коркутуу, алдоо, пара берип сатып алуу жолдору менен тоскоолдук жасагандар, ошондой эле документтерди жасалма жасаган, кол коюлган барактарда жарандардын колун бурмалап өзгөрткөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтагы адамдары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында орнотулган жоопкерчиликке тартылат.
14.1.Чогулуштар (жыйындар), коомдук угуулар айыл өкмөтү тарабынан зарыл болгон учурда, бирок жылына эки жолудан кем эмес, ошондой эле чогулушту (жыйынды), коомдук угууну өткөрүү тууралу демилге көтөргөндүн талабы менен уютурулат.Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон маселелерди чечүү үчүн чогулуштарды(жыйындарды), коомдук угууларды айыл өкмөт башчысы кызыкдар тараптарга алдын ала маалымат бербестен уюштура алат.
14.2. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан субьекттердин кайрылуусун айыл өкмөт башчысы алардын өкүлдөрүнүн катышуусунда караш керек.
14.3. Айыл өкмөт башчысы чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
- ушул Уставдын 15-пункттундагы 15.1 пункт алдында көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
- чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүү тууралуу кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди башка мыйзамдуу жолдор менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар болгонуна байланыштуу аларды талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы нормаларга жана ушул Уставга каршы келсе.
Айыл өкмөтүнүнүн чогулуштарды (жыйындарды), коомдук угууларды өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу чечимин кызыкдар тарапта сотко берсе болот.
15.1. Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун натыйжасында аныкталган, элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кенештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте, демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу максатында жумушчу жолугушуулар уюштурулат. Анда төмөнкү маселелер каралат:
- артыкчылыктуу маселелерди көрсөтүү жана аларды чечүү жолдору;
- биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
- артыкчылыктуу маселелер боюнча демилгелүү топтун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- жалпынын талкуусу үчүн элеттик чогулуштарда (жыйындарда) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
- биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо.
15.2. Элеттик чогулушка (жыйынга) айыл өкмөтү элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун жыйынтыктарын, аныкталган артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын алып чыгып, ошондой эле тандалып алынган багыт боюнча демилгелүү топтун санын жана жергиликтүү жамаат менен макулдашуу үчүн (өзгөртүү, толуктоо) демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн тизмесин берет.
15.3. Элеттик чогулушта демилгелүү топтун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат. Андан сон айыл кенешинин чечими же айыл өкмөт башчысынын буйругу менен бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалымат тактасында жайгаштырылат.
15.4. Маалымат тактасына төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- биргелешкен аракеттердин планын бекитүү боюнча айылдык кенештин токтому;
- багыттар боюнча демилгелүү топтор жана алардын мүчөлөрүнүн тизмеси.
15.5. Айылдык кенеш бекиткен элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы айыл өкмөттүн кароосуна берилет. Ал биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен кийинки жылдын жергилитүү бюджетинин баштапкы долбоорун түзөт.
15.6. Айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен кийинки жылдын жергиликтүү бюджетинин баштапкы долбоорун айылдык кенеш менен макулдашат жана Каржы министирлигинин тиешелүү структуралык бөлүмүнө берет.Каржы министирлиги айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды берген сон айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин баштапкы долбоорун тактайт жана айылдык кенешке аларды бекитүү үчүн жиберет.
15.7. Айылдык кенеш жергиликтүү бюджетти бюджеттик угууларда жана айылдык кенештин сесияларында ачык жана коом алдында карайт. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эсепке алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын талкуулоодон кийин айылдык кенеш бекитет. Тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу айылдык кенештин токтому жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланыш керек.
15.8. Элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыккан жана бекиткен учурда, айылдык кенеш жергиликтүү бюджетти бекиткенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизүүгө укуктуу.
15.9. Бюджет боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясы өз жыйынында элеттин артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү туууралуу сунушту алып чыгат.
15.10. Эгерде айылдык кенеш жыйынында элеттин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын айыл өкмөт башчысынын, демилгелүү топтун жана жергиликтүааттын кызыкдар болгон мүчөлөрүнүн катышуусу менен карап чыгып, жергиликтүү бюджете мүмкүнчүлүктөр болгон учурда бюджеттик комиссиянын сунушун жактырса, биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиещелүү өзгтүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
16.1. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик менен мамилелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талабына ылайык, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажырымдоонун конституциялык принциптеринин негизинде түзүлөт.
16.2. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө аралашууга укугу жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик органынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укугу жок.
16.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен орнотулган тартипте айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп ала алат. Мында аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каржаттар кошо өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет берет.
16.4. Мамлекеттик органдардын муниципалдык менчикти колдонуусуна байланышкан мамлекет менен мүлктүк мамилелер жана тескерисинче жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик менчикти колдонуусу келишимдин негизинде чечилет.
16.5. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү оз алдынча башкарууну түптөө жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзүп берет жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга укукту ишке ашырууда калкка көмөктөшөт.
16.6. Жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарына түздөн-түз тийген маселелер боюнча чечимди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү жамааттын бийликтери менен мыйзам тарабынан орнотулган тартипте кеңешмелерди жүргүзөт жана талкуулайт.
16.7. Мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары менен орнотулган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзөт.
17.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарын ишке ашырууга укугу бар. Бул укук төмөнкүчө ишке ашырылат:
- Жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу жолу менен жана башка иш аракеттеин иш жүзүнө ашыруу;
- Шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, анын ичинде эл аралык дэңгээлде кызматташу жөнүндө келишимдерди бекитүү;
- Эл аралык ассоциацияларга, биримдиктерге жана ассамблеяларга кирүүгө.
17.2. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин колдонууга байланышкан тышкы экономикалык келишимдерди айылдык кеңеш бекитет.
17.3. Айылдык аймактын атынан сүйлөө, протоколдорго, келишимдерге жана башка ченемдик укуктук документтерге кол коюу укугу айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөт башчысына берилген.
18.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткарганы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышканы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук иштери, демөөрчүлүк, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө реалдуу көмөктөшкөнү, жергиликтүү жамааттын башка пайдалуу кызматтары үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, башка жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга төмөнкүдөй моралдык жана материалдык шыктандыруу чаралары колдонулса болот:
- Ыраазычылык билдирүү;
- Баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- Грамоталар менен сыйлоо;
- «Мыкты үй-бүлө», «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө», «Үлгүлүү айыл» ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- Жаматтын Ардак тактасына киргизүү;
- Жаматтын Ардак китебине киргизүү;
- «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу;
- «Айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республиткасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү;
18.2. Моралдык жана материалдык шыктандыруу чаралары төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
- Жамааттын мүчөлөрүн шыктандыруу демилгесин айылдын жашоочуларынын чогулушунда, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, айыл башчысы, айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин төрагасы көтөрө алат;
- Ыраазычылык билдирүү, баалуу белектер, башка материалдык жана жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамота тапшыруу. «Мыкты үй-бүлө», Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө», «Үлгулүү айыл» ардактуу наамдарын ыйгаруу чечимин айыл өкмөт башчысы кабыл алат;
- Жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине киргизүү, «Айылдын ардактуу атуулу», «Айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамдарын ыйгаруу; ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү тууралуу чечимди айыл өкмөт башчысынын сунушу менен айылдык кеңеш кабыл алат.
18.3. Жергиликтүү жамааттын жогорку ардактуу наамы болуп «Айылдык аймактын ардактуу атуулу» эсептелет. Ал айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн айылдык кеңештин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш «Айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамын алган адамдарга атайын жеңилдиктерди бере алат, ошондой эле стипендия жана башка материалдык шыктандырууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджетте болгон каражаттын чегинде орното алат.
19.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган физикалык жана юридикалык жактарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жооптуу адамдарына моралдык, материалдык жана административдик таасир көрсөтүү чаралары колдонулат.
19.2. Таасир көрсөтүү чараларын айылдык кеңеш, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары, айыл өкмөт башчысы, айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссиялар, райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, аксакалдар соту өз ыйгарым укуктарынын чегинде колдонот.
19.3. Таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартибин айылдык кеңеш, айыл өкмөт башчысы кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык аныктайт.
19.4. Ушул Уставды бузган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу адамдарына жоопкерчилик чарасы ушул органдар тууралуу жоболорго, же болбосо ушул Уставга ылайык иштелип чыккан атайын жоболорго ылайык колдонулат.
20.1. Уставдын долбоорун жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставынын негизинде айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгат.
20.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
-Айылдык кеңештердин депутаттары (экиден ашык эмес);
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери (ээкиден ашык эмес);
- Жергиликтүү жамааттын активдүү мүчөлөрү (экиден ашык эмес);
- Бей өкмөт уюмдардын, бизнес жамаатынын өкүлдөрү (экиден ашык эмес);
20.3.Жумушчу топ иштеп чыккан Уставдын долбоору адегенде айылдык кеңештин жыйынында каралат, жергиликтүү массалык маалымат каражатында жарыяланат жана жергиликтүү жамааттын чогулуштарына (жыйындарына), же курултайына талкууга чыгарылат, анны ушул Уставда орнотулган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары уюштурат.
20.4.Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун)
катышуучулары Уставдын долбоорун кароодо ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карам-каршы келбеген эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
20.5.Чогулуштун(жыйындын) же курултайдын катышуучуларынан түшкөн
сунуштардын негизинде жумушчу топ тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет жана Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлигинин аймактык (облусттук) бөлүмдөрүнө (мындан ары-облусттук юстиция) бүтүм үчүн жиберет.
20.6.Облусттук Юстициянын бүтүмү менен Уставдын долбоору айылдык кеңештин кароосуна берилет. Бүтүмдө эскертүүлөр жана сунуштар болгон учурда жумушчу топ Уставдын долбоорун облусттук юстициянын эскертүүлөрүн жана эсепке алуу менен кайрадан иштеп чыгып, Уставдын екайрадан иштелип чыккан долбоорунун бүтүмү менен айылдык кеңештин кароосуна киргизет.
20.7.Уставды бекитүү тууралуу айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпүлүк добуш менен кабыл алынат.
20.8.Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштардын (жыйындардын), жарандардын тобунун, курултайдын же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн биринен кем эмес сандагы айылдык кеңештин депутаттар тобунун сунушу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.
20.9.Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн бүтүмүнөн кийин кабыл алат.
20.10.Жергиликтүү жамааттын Уставы аны тиешелүү басылмаларда расмий
жарыялагандан тарта күчүнө кирет. Буллбасылмаларды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары айылдык аймактын территориясында өзгөчө көп таратылган басмалардын ичинен тандайт, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайтында жарыялайт.
Расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү жаматтын Уставы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө анны Ченемдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилет.
20.11.Эгерде ушул Устав менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан Устав жөнгө салчу чөйрөгө киргизилбей калган маселелер бар болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.