Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты № 17/1
Айылдык Кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Конур-Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин Типтүү регламенти бекитилсин.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Бегматов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун 2013-жылдын 23.01. №24 буйругу менен бекитилген |
Айылдык кеңештин типтүү регламенти
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө калыптануучу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл аймактарындагы өкүлчүлүктүү орган.
1.2. Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы,жергиликтүү жамааттардын Уставы жана ушул Регламент менен киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипке ишке ашырылат.
1.4. Айылдык кеңеш өзүнүн функцияларын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өткөгөн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын күнүнөн тартып өз ишин токтотот.
2.1. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкү маселелер чечилет:
· Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белиглөө;
· Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
· Аймакты социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
· Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жңилдиктерди киригизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
· Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана еге ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьетилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
· Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
· Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
· Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
· Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык- аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
· Кеңешитн төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
· Кеңештин оегламентин кабыл алуу;
· Өз чечимдерин аткарылышына контролдук кылуу;
· Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аткаруу органдарынын штаттык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү;
· Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
· Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун,ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салынганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;
· Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
· Жергиликтүү жамааттын уставына жана Кырыгз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында делгиленген тартипте айыл өкөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
- тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.3. Айылдык кеңеш башка маселелерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укутар берилиши мүмкүн.
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашырын добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн бириин демилгеси боюнча, айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээленген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
5.1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын функцияларын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:
- айылдык кеңештин сессиясынын протоколун түзөт;
- келип түшкөн документтерди эсепке алууну уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өкөрүү жөнүндө билдирет жана алардын катышуусун эсепке алат;
- сессиянын токтомдорун жол жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнүү уюштурат;
- айылдык кеңештин сессияларынын токтом долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт;
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын, аларды аткаруусун контролдоо үчүн түзүлөт. Айылдык кеңеш ошондой эле убактылуу комиссияларды да түзөт.
6.2. Комиссиялардын тизмесин, сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт. Айылдык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө, зарыл учурларда жаңы туруктуу комиссияларды түзүү, мурун түзгөндөрдү башкаруу жана кайра түзүү, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ.
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.
7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук – укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Айылдык кеңештин сессиялары кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
7.2. Айылдык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгү катышса, ал укутуу болот. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүрөөк добушу менен чечим кабыл алат, эгер Кырыгз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.
7.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы айылдык кеңештин төрагасы тарбынан чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.
7.4. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибинде айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басарын шайлоо, айылдык кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иш тартибин кабыл алат. Кандайдыр бир себептерден улам бул сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мүмкүн.
7.7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчысы протокол жүргүзөт. Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтүү менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык кеңештин депутаттарынын, сессияга чакырылгандардын аты-жөнү, угуулар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер камтылышы керек. Протокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.
7.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
8.1. Сессияда каралган маселелер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашырын добуш берүү менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорунда:
- аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү, финансылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек;
- кызыкдар уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү, ошондой эле зарыл учурда, мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек;
- бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты жазуу же оозеки түрдө өзүнүн өзгөчө оюн берүүгө укуктуу, ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8.5. Сунушталган токтом долбооруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе, негиз катары кабыл алынат. Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынбаса, пункт боюнча каралышы мүмкүн.
8.6. Бардык оңдоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтүү , кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укутарынын чегинде кабыл алынат, тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызматтык жактар аны сөзсүз аткарууга тийиш.
9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негизде Президент тарабынан;
3) администрациялык –аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
9.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү жогорку инстанцияларга жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык –аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңештин таратууга алып келбейт.
9.5. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылды деп эсептелет.
9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат.
10.1. Айылдык кеңештин Регламенти регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сессиясына бекитүү берилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кеңеш шайлоочу беш депутаттан кем болбошу керек. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат. Сунуштар Регламент маселелери боюнча жумушчу топко кароого берилет.
10.4. Айылдык кеңештин Регламенти жана анын оңдоолору айылдык кеңештин шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» , Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин иш тартибин аныктайт.