Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты №96
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы кезектеги V сессиясынын №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы Ш.Шакировдун маалыматы жөнүндө
декабрындагы кезектеги V сессиясынын №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы Ш.Шакировдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 15-мартындагы отурумунун №3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча аталган бөлүмдүн башчысы Ш.Шакировдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18- декабрындагы кезектеги V сессиясынын №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 2-абзацына ылайык автотоктомолорду жоюу, токтомдо көрсөтүлгөн жерлерде автоунаалардын токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюу салуу боюнча тиешелүү иш аракеттер аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмүнө (Ш.Шакиров) Ош шаардык мэриясы (М.Мырзакматов) менен макулдашып, оор жүк ташуучу автоунаалар шаар ичин аралабай, четки жолдор менен жүрүүсүн камсыздоо тапшырылсын.
4. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешине 2013-жылдын 1-июлуна чейин кат жүзүндө маалымат берилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңеш инин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |