Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 113
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин мыйзамдуулук,: укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дан маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 24-майындагы отурумунун №6-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 2-абзацына ылайык автотоктомолорду жоюу, токтомдо көрсөтүлгөн жерлерде автоунаалардын токтоосуна жана токтоп туруусуна тыюу салуу боюнча тиешелүү иш аракеттер аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №49 «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча маалыматы жөнүндө» токтомунун 3-пунктунун 2-абзацы жокко чыгарылсын.
4. Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясына (Ж.Маматов) Г.Айтиев жана Амир-Темир көчөлөрүндөгү «Алга-Бас» автоунаа тетиктерин сатуучу базарда жайгашкан атотоктомосунан башка, Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан фонтандын, А.Масалиев көчөсүндөгү «Келечек» базарынын, «Этас» кафесинин, Ош шаардык сотунун, А.Мамыров көчөсүндөгү курулуш материалдарын сатуучу базардын жана автоунаа сатуучу базарынын, Б.Осмонов көчөсүндөгү «Ала-Арча» соода базарынын, А.Новаи көчөсүндөгү «Келечек» базарынын жана «Кристалл» мейманканасынын жанындагы, И.Монуев көчөсүндөгү Ош областык оорукананын жанында жайгашкан автотоктомолордун иштөөсүн мурдагы калыбына келтирүү жана аларды көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын Ош областык атайын монтаждоо-эксплуатациялоо (СМЭУ ГАИ МВД КР) башкармалыгына (Б.Эргешов) Ош шаардык ички иштер башкармалынынын жол кайгуул кызмат бөлүмү (Ш.Шакиров) менен биргеликте автотоктомолор жайгашкан жайларды атайын жоон сызык менен белгилеп чыгуу милдеттендирил син.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин төрагасы |
Т. Сабиров |