Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 111
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №80/08-6-Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосун бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №20-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. 0ш шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 9-ноябрындагы кезектеги XXI сесеиясында кабыл алынган № 188 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосу жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров) Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде юридикалык жакты кайра каттоо жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы кезектеги VIII сессиясынын № 111-токтомуна № 1-тиркеме |
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө
ЖОБО
1.1. "Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мындан ары "Башкармалык" деп аталуучу, Ош шаарында муниципалдык менчиктеги обьекттилерди жана жер ресурстарын башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Ош шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерин экономикалык-укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган Ош шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
1.2. Башкармалык «Ош шаардык муниципалдык менчик департамента» мекемесинин укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруучу мураскер (укук улантуучу) катары катталган, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жобосу Ош шаарынын мэриясынын 2005-жылдын 7-октябрдагы №1322-токтому жана Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 15-январдагы №3-токтому менен бекитилген.
Башкармалыктын каттоо номуру: 78192-3310-М-е, ОКПО коду: 23063807, идентификациалдык номери 02304200210109.
юридикалык дареги: Ош шаары, Заднепровский көчөсү, 4.
2010-жылдын 5-февралында юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жүргүзүлгөн.
1.3. Башкармалык - "Мекеме" деген уюшту'руу-укуктук формадагы, банктык мекемелерде ез алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик эсеби (Ош шаары боюнча КРБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн тегерек мөөрү, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алган юридикалык жак болуп саналат.
1.4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктук чегинде муниципалдык менчиктеги мүлк кызыкчылыктарын коргойт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Депуттатардын Ош шаардык Кеңешинин чечимдерине, Ош шаарынын мэриясынын токтомдоруна, буйруктарына жана бул жобого ылайык иш жүргүзөт.
1.5. Башкармалыктын жобосу Депуттатардын Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
1.6. Башкармалык Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
1.7. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкарууну, бийликтин жана башка органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу шике ашырат.
1.8. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын ез ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон келишимдик негизде түзүлөт.
1.9. Башкармалык чектелбеген мөөнөткө түзүлөт.
1.10. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
1.11. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык катыша алат.
1.12. Башкармалыктын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы".
- орус тилинде: "Управление муниципальной собственности мэрии города Ош".
1.13. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 714000, Ош шаары, Заднепровский көчөсү, 4.
1.14. Башкармалыктын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери жайылтылат.
1.15. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Ош шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
1.16. Башкармалык иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөт ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде иш алып барат.
1.17. Башкармалык өзүнүн иш-аракети боюнча Ош шаарынын мэриясына жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жылына бир жолу отчет берет.
1.18.0ш шаарынын мэриясы башкармалыктын иш-аракетин козөмөлдөөнү-жүргүзөт.
1.19. Депуттатардын Ош шаардык Кеңеши муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
2.1. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
2.1.1. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
2.1.2. Менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
2.1.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде муниципалдык менчиктеги мүлктөрүн жана башка обьектилерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
2.1.4. Шаардын жер саясатын, анын ичинде, шаардын жерлерин, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин ыкмаларын жана критерийлерин, шаардын жерлерин жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууга жана камсыз кылууга катышуу;
2.1.5. Ош шаарында жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо 1т жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, Ош шаарында жер тилкелерин пайдалануу укуктарын берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жургузуу боюнча материалдарды даярдоо;
2.1.6. Ош шаарынын жер реформасы жана архитектуралык - шаар курулушу чөйрөсүндө, шаардык социалдык- экономикалык программаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруу.
2.2. Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча бащкаруу органдарьшын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:
2.2.1. Электрондук маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, муниципалдык менчик обьектилерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
2.2.2Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Ош шаарынын муниципалдык менчигине мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
2.2.3. Ош шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү болгон кыймылсыз обьекттилердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, тиешелүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо менчик ээси катары башкармалыкты көрсөтөт;
2.2.4. Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн чарбалык башкарууда, оперативдүү башкаруу, мөөнөттүү (убактылуу), кайтарымсыз пайдалануунун тиешелүү тартибин аныктайт;
2.2.5. Муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарбалык жана оперативдүү башкаруусунда турган мүлктү, жер тилкелерин, Ош шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
2.2.6. Ош шаарынын муниципалдык менчиктеги мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер тилкелер боюнча, юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын максаттуу пайдаланышын жана сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
2.2.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Депуттаттардын Ош шаардык кеңешинин укуктук ченемдик актыларына жана Ош шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда тийиштүү чараларды көрөт;
2.2.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Депуттаттардын Ош шаардык кеңешинин укуктук ченемдик актыларына жана Ош шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана учетко алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катыша алат;
2.2.9. Муниципалдык менчиктеги мүлкүн, жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берет;
2.2.10. Мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
2.2.11. Чет өлкөлүк өкүлдөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте Ош шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
2.2.12. Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте, мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттилерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде, чет өлкөлүк инвесторлорду да тандоодо катышат;
2.2.13. Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, |//;км/ эле Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Щрдпктс Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, искемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;
2.2.14. Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болгон уюмдарды, "мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;
2.2.15. Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чарбалык коомдордо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларды (үлүштөр) кармоочу катары, Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бекиткен муниципалдык менчиктин кызыкчылыгын көздөйт;
2.2.16. Депуттатардын Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча, Ош шаарынын ишканаларын, уюмдарын жана башка муниципалдык мүлкттөрдүн менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
2.2.17. Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн обьекттилерине жана жер тилкелерине чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн түшүүчү каражаттарды шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
2.2.18. Ош шаарынын турак-жай эмес фондунун обьектилерин сатуу боюнча ишти жүзөГө ашырат, Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жайларды, турак-жай эмес имараттарды ошондой эле жер тилкелерин сатуу жөнүндөгү сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана тескейт;
2.2.19. Муниципалдык менчиктеги мүлктүн жана жердин наркын, көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
2.2.20. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган обьекттилерди, жер тилкелерди, башкаруу жана тескөө боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде чечим (буйрук) кабыл алат, инвестицияларды тартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгат жана жергиликтүү бюджетке кирешелерди түшүрүү үчүн убактылуу чечимдерди (буйруктарды ) кабыл алат;
2.2.21. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алат;
2.2.22. Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Ош шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
2.2.23. Жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп.саналат;
2.2.24. Муниципалдык менчиктеги мүлккө 'жана жер тилкелерге пайдалануу укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
2.2.25. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктү, обьектилерди, жер тилкелерди белгиленген тартипте ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берүү үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт жана келишимдерге кол коет;
2.2.26. Юридикалык жана жеке жактардын, аларга жер тилкелерин берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнетүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
2.2.27. Бошогон квартираларга учет жүргүзөт, бул квартираларды бөлүштүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясына сунуштарды киргизет, токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;
2.2.28. Ош шаарынын мэриясы тарабынан турак-жай боюнча түзүлгөн комиссиянын кабыл алган чечимдеринин негизинде турак-жайга ордер берүүнү белгиленген тартипте жүргүзөт.
3.1. Башкармалык томөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Өзүнун компетенциясынын чегинде Ош шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, муниципалдык жер тилкелерине жана мүлктөрүне карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;
3.1.2. Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Ош шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
3.1.3. Башкармалыктын жоопкерчилигинде турган мүлктү коргоону ишке ашырууга багытталган иш - чараларды жүргүзүүгө;
3.1.4. Ош шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу - укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
3.1.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Ош шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;
3.1.6. Муниципалдык менчикте турган, ижарага берилген турак-жай эмес жайларды, жер тилкелерди юридикалык жана жеке жактарга сатуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
3.1.7. Ош шаарынын мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүгө, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттарды өз убагында кириштөө үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга, тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
3.1.8. Өзүнүн компетенциясынын чегинде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө пайда болгон мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат. Аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз, жана күнеөлүү жактарды жоопкерчиликке , тартуу жөнүндө, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
3.1.9. Өзүнүн компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин түрүнө карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын бузууларды, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан орду, берүү шарттары, мөөнөттөрү, функционалдык багыты жана берилген жер тилкенин бөлүгү боюнча мыйзам бузууларды четтетүүчү чараларды көрүүгө;
3.1.10. Кыргыз Республикасынын бардык сот органдарында башкармалыктын кызыкчылыктарын көздөөгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доо коюууга.
3.1.11. Ош шаарынын мэриясына, жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу, жер тилкесин сарамжалдуу пайдаланбоо, жер тилкесин жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Ош шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер тилкелерине укуктук келишимдерде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
3.1.12. Ыйгарым укуктуу органдарга, мекеме-уюмдарга жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, обьекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуш гарды токтото туруу жөнүндө өтүнүч жөнөтүүгө.
3.1.13. Укук коргоо органдарына жер мыйзамдарын бузуучулар аныкталган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга.
3.1.14.. Жер тилкелерин пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга ө берүүго жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн Шйштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
3.1.15. Жер тилкелерин изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн тиешелүү адистерди Втгиленген тартипте тартууга.
3.2. Башкармалык бул жободо көрсөтүлбөгөн, бирок ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган укуктарга ээ.
3.3. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен-башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
3.4. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалыматресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген, кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
4.1. Башкармалык Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
4.2. Ош шаарынын мэри Башкармалыктын жетекчисин жана анын орун басарларын кызматка дайындоону, кызматынан бошотууну, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алууну, башкармалыктын штаттык бирдиктерин бекитүүнү жүзөгө ашырат.
4.3. Жетекчи башкармалыктын башчысы болуп саналат. Башкармалыктын жетекчисинин орун басарларын, башкармалыктын жетекчисинин сунушу боюнча Ош шаарынын мэри кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.
4.4. Жетекчи башкармалыктын иш-аракети үчүн жоопкерчилик алат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
4.4.1. Башкармалыктын атынан ишеним катсыз Кыргыз Республикасынын сотторунда, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарында иш алып барат, керектүү учурларда башкармалыктын кызыкчылыгын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте башка адамдарга ишеним кат берет;
4.4.2. Өндүрүштүн жана чарба жүргүзүүнүн кызыкчылыгына ылайык башкармалыктын компетенциясынын чегинде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге жана башка уюмдарга аткарууга милдеттүү болгон башка буйруктарды, башкармалыктын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон башкармалыктын иш - аракетин жөнгө салуу маселелери боюнча бөлүштүрүүчү документтерди, буйруктарды чыгарат;
4.4.3. Өзүнүн орун басарларынын ыйгарым укуктарын, компетенцияларын аныктайт;
4.4.4. Башкармалыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
4.4.5. Башкармалыкта муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди мыйзамдарга ылайык, анын ичинде: кадрдык резервди түзүүнү, башкармалыктын кадрларын тандап алууну, туура жайгаштырууну, кайтадан даярдоону жана алардын квалификацияларын жогорулатууну, белгиленген учурларда сынактарды, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызмат акысына кошумча акча каражаттын эсебинен акы белгилөөнү чечет;
4.4.6. Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону, алардын функционалдык миледеттерин бекитет;
4.4.7. Башкармалыктын кызматтык нускамаларын бекитет жана бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иш - аракеттерин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
4.4.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын |5маткерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот жана аларды жазалайт;
4.4.9. Башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын укуктук жана Яциаддык коргоо маселелерин өзүнүн компетенциясынын чектеринде чечет;
4.4.10. Башкармалыктын кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин чечет;
4.4.11. Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;
4.4.12. Банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансы документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
4.4.13. Соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.
4.5. Башкармалыктын жетекчисинин орун басарлары функционалдык милдеттеринде жана башкармалыктын жетекчисинин буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктун чектеринде иш жүргүзөт, алар төмөнкү укуктарга ээ:
4.5.1. Башкармалыктын кызыкчылыктарына тийиштүү иш – аракеттерди жүргүзөт, келишимдерди түзөт, ижара акыларды эсептөөнү бекитет;
4.5.2. Ишеним каттын негизинде соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде ишеним кат боюнча тынчтык макулдашуусун түзүү укугун колдонот;
4.5.3. Тараптар менен чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, мөөнөтүү акысыз пайдаланууга берүүгө байланыштуу жана ижара шартындагы келишимдери түзөт, кол коет.
5.1. Башкармалыктын мүлкүн- ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча-балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин обьекттери кошо) түзөт.
5.2. Башкармалыктын иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана муниципалдык мүлктү сатууда алынган үстөк баадан, ижарага берүүдөн алынган кирешенин комиссиондук жыйымынан, келишимдин шарттарын бузууда эсептелген акчалай туумдан, үстөк суммадан, кайтарылбаган кепилдик салымдан топтолгон атайын каражаттан жүзөгө ашырылат.
5.3. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн жана мүлктү, жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшкөн каражат Ош шаарынын бюджетинин менчиги болуп саналып, башкармалыктын атайын эсебинде топтолуп, Ош шаарынын бюджетине которулуп берилет.
5.4. Башкармалык, бухгалтериялык жана статистикалык отчет иштерин белгиленген тартипте жана мыйзамда каралган мөөнөттө тапшырат.
5.5. Башкармалыктын иш - аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
6.1. Башкармалык кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
6.2. Башкармалык зарыл көлөмдүү жумуштарды аткаруу үчүн эмгек кодексине ылайык мөөнөтүү келишимдердин жана башка жарандык - укуктук келишимдеринин негизинде жарандарды жумушка тартуу укугуна ээ.
6.3. Башкармалыктын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргызкасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
7.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ош шаарынын мэриясынын макулдугу менен башкармалыктын сунушу боюнча Депуттатардын Ош шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
7.2. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7.3. Башкармалыктын иш - аракетин токтотуу Ош шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
7.4. Башкармалыкты жоюу тартиби жана мөөнөтү Ош шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7.5. Жоюучу комиссия дайындалган учурдан тартып, башкармалыктын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары, жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
7.6. Юридикалык жакты мамлекеттик реестрге, бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктады деп эсептелинет.
7.7. Башкармалык жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
7.8. Башкармалыкты жоюу процессинде пайда болгон жана ага чейинки тиешелүү документтер, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |