Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 110
Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун талкуулап, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
| Тиркеме Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жьшдын 4-июнундагы № 110-токтому менен бекитилген |
Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелүү жарандарын жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында берилүүчү бир жолку материалдык жардамдарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндэ», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү» Мыйзамдарыа ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо Ош шаарынын аймагында жашаган, каттоодо турган пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт.
1.3. Пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү^ чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык жардамдарды көрсөтүү Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу, Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жарандарга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен «социалдык гарантиялар» бөлүгү боюнча ишке ашырылат.
1.4. Социалдык жардамды көрсөтүү накталай эсептешүү жолдору менен жүргүзүлөт.
2.1. Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жаран муктаждыгына жараша жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына бир жолу гана материалдык жардам ала алат.
2.2. Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жаран Ош шаарынын мэриясына ез арызы менен кайрылат.
2.3. Ош шаарынын мэриясына, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына же аймактык кеңештин бөлүмүнө өз арызы менен кайрылган жаранга аймактык кеңештин төрагасынын, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын (макулдашуу менен) катышуусу менен, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан турак-жай тиричилик шарттарына изилдөө актысын толтурат. Толтурулган изилдөө актысынын негизинде Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мэриясына сунуш кат берилет.
3.1. Пенсиясынын өлчөмү 3000 (үч мин) сомдон ашпаган жалгыз бой, кароосу жок пенсионерлер;
3.2. Бир үй-бүлөдө эки же андан ашык 1-2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар болсо (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары);
3.3. Жардамга өтө муктаж болгон кеп балалуу аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, эгерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаган болсо;
3.4. Баккан адамынан ажыраган өспүрүм балдар, жарым жана томолой жетимдер пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон кезде;
3.5. Пенсия жашындагы кары жарандар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо жана үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаган болсо;
3.6. ВИЧ-СПИД илдетине кабылган жарандар;
3.7. Күтүлбөгөн кырсыкка кабылган жарандар (автокырсыктан улам жабыркаган, турак-жайы өрт кырсыгына кабылган жарандар жана башка ушул сыяктуу);
3.8. Үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 15 (он беш мин) сом өлчөмүндө, эгерде мындай үй-бүлөлөр балдар төрөлгөндөн кийин алты айлык мөөнөттөн кечикпей кайрылган болсо.
4.1. 3.1.-3.5. пункттарына ылайык:
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- тийиштүү мекемеден пенсиясынын өлчөмүн көрсөткөн маалымкат;
- үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама;
- арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына аймактык кеңештин төрагасынын, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн жана Ош шаардык Кеңешинин детутаттарынын (макулдашуу менен) катышуусу менен изилдөө жүргүзүлүп, аны тастыктаган аймактык кеңештин мөөрү басылган социалдык кызматкерлердин изилдөө актысы;
- операция болгондугун, дарылангандыгын, кымбат баалуу дары-дармеккке такай көз каранды болгондугун тастыктаган медициналык мекеменин, же дарыгердин аныктамасы;
- коммуналдык кызматтарды - газ, электр, жылуулук менен камсыздоолор боюнча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок (кирешесин көрсөтүүчү аныктаманын негизинде), карыздар экендигин тастыктаган документ;
4.2. 3.2.-3.6. пункттарына ылайык:
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- майыптыгын көрсөткөн МСЭКтин аныктамасы;
- үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама;
- арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына аймактык кеңештер, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын (макулдашуу менен) катышуусу менен изилдөө жүргүзүлүп, аны тастыктаган аймактык кеңештин мөөрү басылган социалдык кызматкерлердин изилдөө актысы;
- операция болгондугун, дарылангандыгын, кымбат баалуу дары-дармекке такай көз каранды болгондугу боюнча аныктама;
- коммуналдык кызматтарды - газ, электр, жылуулук менен камсыздоолор боюнча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок (кирешесин көрсөтүүчү аныктаманын негизинде), карыздар экендигин тастыктаган документ;
4.3. 3.3.-3.7. пункттарына ылайык:
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- үй бүлөнүн жыйынды кирешелери жөнүндө маалымкат;
- калкты ишке орноштуруу органдарынан маалымкат;
- үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама;
- арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына аймактык кеңештер, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын (макулдашуу менен) катышуусу менен изилдөө жүргүзүлүп, аны тастыктаган аймактык кеңештин мөөрү басылган социалдык кызматкерлердин изилдөө актысы;
- операция болгондугун, дарылангандыгын, кымбат баалуу дары-дармеккке такай коз каранды болгондугу боюнча аныктама;
- коммуналдык кызматтарды - газ, электр, жылуулук менен камсыздоолор боюнча төлөөгө карыздар экендигин тастыктаган документ;
4.4. 3.4. пунктуна ылайык:
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- үй бүлөнүн жыйынды кирешелери жөнүндө маалымкат;
- үй-бүлөлүк курамы боюнча аныктама;
- көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим;
- окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткандыгы жөнүндө маалымкат;
- ата-энесинин каза болгондугун тастыктоочу күбөлүк;
- арыздануучунун турак жай тиричилик шарттарына аймактык кеңештер, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн катышуусу астында изилдөө жүргүзүлүп, аны тастыктаган аймактык кеңештин мөөрү басылган социалдык кызматкерлердин изилдөө актысы;
- операция болгондугун, дарылангандыгын, кымбат баалуу дары-дармекке такай коз каранды болгондугу боюнча аныктама;
- коммуналдык кызматтарды - газ, электр, жылуулук менен камсыздоолор боюнча төлөөгө карыздар экендигин тастыктаган документ;
4.5. 3.8. пунктуна ылайык:
- жеке инсандыгын ырастоочу документ (Ош шаарында туруктуу каттоосу бар гана жарандар);
- балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүгү.
5.1. Ош шаарында туруктуу каттоосу жок жарандар;
5.2. Турмуш шарты жакшы, канааттандыраарлык деп эсептелген (турак-жай тиричилик шарттарын аймактык кеңештин төрагасынын, кварталдык комитеттердин мүчөлөрүнүн жана Ош шаардык Кеңешинин детутаттарынын (макулдашуу менен) катышуусу астында жүргүзүлгөн Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин изилдөө актысынын негизинде) жарандар;
5.3. Аталган Жобонун 4 - пунктуна ылайык муктаж экендигин тастыктоочу документтери жок жарандар.
6.1. Бир жолку материалдык жардам Ош шаарынын мэринин буйругунун негизинде элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейин, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу берилет.
6.2. Өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсык ж.б.) бир жолку материалдык жардамдын кошумча түрлөрү жана өлчөмү Ош шаарынын мэри тарабынан белгиленет.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |