Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21 февралы № I-1
Төлөйкөн айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык жергиликүү кеңештердин типтү регламентин талкуулап, Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин типтүү Регламентинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.
1.1. Айылдык кеңештин төрагасын шалоо жыйынтыгын чыгарууда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
2. 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.
2.1. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештин депутаттарынын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 3/2 добушу менен бошотулат.
3. Төлөкөн айылдык кеңешинин регламенти көрсөтүлгөн толуктоолор менен бекитилсин.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |
Катчысы | З. Мазаев |
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин Регламенти
1.1. Айылдык кеңеш өзүнүнү иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Прөзидентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна. Ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кеңештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдыпча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кеңеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.
1.4. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүтө укукгуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин-райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө ммйзамына ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
1.5. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарына катышат жана мыйзам чегинде компетенциясына кирген маселелерди чечет.
1.6. Айылдык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
1. Айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Айылдык кенеңштин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү. Ошондой эле бюджетти аткаруунун, бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймактардын социалдык-экономикалык жакган өнүктүрүү жана калкты социалдык жактап коргоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышын контроллоо;
4) жергиликтүү салыктарлы, жыйымдарлы жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыла каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо. аларды кызмат орунларынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы кейүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органытнлн штаптык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны. жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылганлык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;
16) ирригапиялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкалардын күтүү тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
18) Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
3. Айылдык кеңештердии сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкметүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
2) Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу мечен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
3) айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүп тартибин аныктоо;
4) Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу;
3.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиден кем эмеси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3.3. Эгерде
- катталган бир талапкер деиутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана аларды бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын көбүрөөк саны налган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депуптардын добуштарынын тең санын алып калса. кайра шайлоо өткөрүлөт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да деиутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын көбүрөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштарын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
- Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт;'
- Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катгалбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт:
3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүнү башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
3.5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
3.6. Айылдык депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса. Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Прөзиденти айылдык кеңешти таркатууну жүзөгө ашырат жана айылдык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысын шайлаганга чейин райондун акими өзүнүн тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруүчүну дайындайт.
3.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Прөзиденттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугуну менен, а мыйзамдар. Прөзиденттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун өлду, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгу жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
3.8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
3.9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот;
3.10. Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаны айыл өкмөтүн көрсөткөнгө чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруүчүну дайындай алат.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңешинин ыйгарым укуктуу мөөнөтүнө шайланат.
4.2. Айылдык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүп тартиби жана шайлоо дагы башка жол жоболук маселелери айылдык кеңештин регламентинде аныкталат;
4.4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагылай эмес аткарган учурда айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештин депутаттарынын 1-3 демилгесп боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мумкун.
4.5. Айылдык кеңештердин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мөзгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
4.6. Айылдык кеңештин төрагасы:
- Айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
- Сессияларга төрагалык кылат;
- Айылдык кеңештин чечимдерипе кол коет;
- Айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерли аткарат.
4.7. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анан ордуна иштейт.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Айылдык кеңештин депутаттарынын 1ҮЗнин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6.1. Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат.
6.2. Айылдык кеңешинин катчысы:
- Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт:
- Айылдык кеңешинин катчысы келип тушкен иш кагаздармнын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана айылдык кеңешинин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярлоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
7.1. Айылдык кеңешинин кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн бул чечимдерди ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын контролдук кылуу үчүн түзүлөт.
7.2. Айылдык кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша жаңы туруктуу комиссияларды тузөт, мурда түзүлгөндөрдү таратат жана кайра уюштурат, алардын ку рамы на өзгөртүүлөрду киргизе алат.
7.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кецеаггин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишнпин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө ала г.
7.5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укукгары, милдеггери, алардын уюштуру) тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзаммнынын. ушул регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленет.
7.6. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы өзүнүнү ишине окмуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды Тартууга укуктуу.
7.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7.9. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүтү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
Айылдык кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби
8.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук- укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
8.2. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1-3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
8.3. Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менеп кабыл алынат.
8.4. Айылдык кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
8.5. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
8.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
8.5. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иштөв тартибин кабыл алат.
8.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
8.7. Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүрүзөт, протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышппай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрөгалык кылуучунун колу коюлат.
8.8. Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
9.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
9.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруу чулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик оргапдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтрмдорду жокко чыгаруу боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду бөлүүсү керек.
93. Айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
94. Айылдык кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кеңешинин протоколуна киргизууго укуктуу.
95. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук бол\г\ добуш берсе. долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
96. Токтом долбоору бардык оңдоолор кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
9.7. Айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңештин Катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
9.8. Айыдык кеңешинин кабыл алган токтомун анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
10.1. Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаны курамы түзулүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышыпа байланыштуу токтотулат.
10.2. Айылдык кеңештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/З кем эмес көпчүлүгү тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Прөзидент тарабынын;
- тиешелүү айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алый келген кайра уюштуруу учурларында;
10.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Прөзидентине жиберилет.
10.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрапиялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Прөзидентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүнө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
10.5. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Прөзиденттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
10.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти айылдык округунун башчысы өз мойнуна алат.
Айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
11.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин. Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
11.2. Регламент маселелери боюнча топ айылдык кеңешинин беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
1 1.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
11.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттагтардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.