Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №134 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 116
Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскурантын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 18-июнундагы №199/08-6-Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын ишин уюштуруу жана тиешелүү шарттарды түзүү максатында бир жолку жыйымдардын убактылуу прейскурантын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскуранты бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-январындагы №6-буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы акы алып кызмат кылган базарлардын аймактык Реестрине» киргизүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 кезексиз IХ сессиясынын-токтомуна тиркеме |
«Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскуранты
(сом менен)
№ | Автоунаанын маркасы | Дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин | Ишемби, жекшемби күндөрү |
1. | Жүк көтөрүмдүүс 10 тоннадан ашкан | 50 | 100
|
2. | жүк көтөрүмдүүсү 10 тоннага чейин | 40 | 80
|
3. | Жүк көтөрүмдүүсү 5 тоннага чейин | 30 | 60
|
4. | Кичи автобустар | 30 | 60
|
5. | «Лабо» жана жеңил автоунаалар | 20 | 50
|
6. | Автотоктомодо автоунаалардын токтоп туруусу |
Күн сайын 20 сомдон
| |
7. | Коомдук тамактануу ишканалары 1 чарчы метр | 50 сомдон ар ай сайын | |
8. | Сооданын башка түрлөрү\ | 30 сомдон ар соода кылган күн үчүн | |
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин башкы адиси |
С. Маматалиева |