Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-февралы № 24/2
««Даткайым» Байбичелер клубу жамааттык тобунун Уставын бекитуу жөнүндө»
Жаныдан тузулгон «Даткайым» Байбичелер клубу» жамааттык тобунун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныдан тузулгон «Даткайым» Байбичелер клубу» жамааттык тобунун Уставы жактырылсын.
2. «Даткайым» Байбичелер клубу» жамааттык тобунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областтык болумунон суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзомолдоо жагы Исфана шаардык Кеңешинин социалдык, жаштар, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Депутаттардын Исфана Шаардык Кеңешинин торагасы |
А.Рахманкулов |
| Депутаттардын Исфана шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 04-февралындагы № 24/2-токтомуна тиркеме |
1. Уставдын мазмуну:
2. Жалпы жоболор.
3. Даткайым» Байбичелер клубу»- жамааттык тобунун ишмердуулугу, максаты, милдеттери
4. мүчөлөр, мүчөлүккө кабыл алуу
5. «Даткайым» Байбичелер клубунун башкаруу жана көзомолдоо органдары.
6. Мулктук жана укуктук маселелери.
7. «Даткайым» тобунун ишмердуулугун токтотуу шарттары.
1.1 ««Даткайым» байбичелер клубу» жамааттык тобу, мындан ары «Даткайым» тобу коммерциялык эмес, окмоттук эмес курамындагы мүчөлөрдун өз ыктыяры менен ортого салган каражаттын негизинде туптолгон жамааттык топ болуп эсептелет.
1.2 «Даткайым» тобу КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, ОЭУ уюмдар тууралуу мыйзамдарына, аракеттеги жергиликтүү жамааттык топтор тууралуу башка мыйзамдарга, жергиликтүү нормативдик актыларына, ошондой эле уставка таянып өз ишмердуулугун алып барат.
1.3 «Даткайым» тобу жамааттык уюм болуп, юридикалык жак эмес катары жергиликтүү Кеңеште катталып, өз алдынча башкаруу системасынын курамында жергиликтүү денгээлде КР мыйзамдарынын, щаардык нормативдик актылардын негизинде өз алдынча башкаруу принциптеринде, ыктыярдуу турдо, өзун-каржылоосунун негизинде иш аракеттерин жургузот.
1.4 ««Даткайым» байбичелер клубу» жамааттык тобунун уюштуруучулук-укуктук формасы- жамааттык уюм болуп эсептелет, расмий аталышы болсо ««Даткайым» байбичелер клубу» жамааттык тобу деп аталат. Дареги: Исфана шаары, Кошмуратов кочосу, №35, Балдар чыгармачылык борборунун комплексинин имаратында.
1.5 «Даткайым» тобу мамлекеттик жана муниципиалдык милдеттенмелер боюнча жооптуу эмес, ошондой эле топтун курамындагы мүчөлөрунун милдеттенмелери боюнча да жоопкерчиликти албайт.
1.6 «Даткайым» тобунун уюштуруучулары- Исфана шаарынын, шаар башкармасына караштуу айылдардын тургундары
Абдиева Рабия- Исфана шаарынын тургуну, Раззаков музейинин кызматкери;
Бекмурзаева Тоту- Тайлан айылынын тургуну;
Бердиярова Кымызай- Кара Таш айылынын аялдар кеңешинин торайымы;
Джалилова Назым-«Лейлек Аялзаты» коомдук бирикмесинин торайымы, Исфана шаары;
Исманалиева Анипа- Чимген айылынын тургуну;
Кудайбердиева Алтынай- Самат айылынын тургуну;
Мамашарипова Турдугул- Исфана-1 аялдар кеңешинин торайымы;
Ташматова Гулдар- аялдардын «Асылзат» өз ара жардамдашуу тобунун башчысы, Исфана шары;
Эрботоева Уруниса- Исфана шаарынын ДСУ участогунун тургуну;
««Даткайым» байбичелер клубу» - жамааттык ;
тобунун ишмердуулугу, максаты, милдеттери.
2.1 «Даткайым» тобунун негизги максаты- коомдун, жамааттардын онугуусуно байбичелердин турмуштук, кесиптик тажрыйбаларын пайдалануу, угут-насаат иштерин уюштуруу аркылуу салымдарын кошуу болуп эсептелет.
2.2 Бул максат төмөнкү милдеттерди аткаруу жана ишмердуулуктун төмөнкү формаларын орчутуу аркылуу жузого ашырылат:
Исфана шаарында жашаган улуттардын фольклору, маданиятын уйронууго комоктошуу, эл ичинде, жамаат арасында элдик маданиятты даназалоо.
Улуттук кол онорчулукту онуктуруу, жаштарга уйротуу, өз тажрыйбаларын жайылтуу.
Өзбек-кыргыз жана башка улуттардын ынтымак-ырашкерчиликке багытталган демилгелерин колдоп, каада-салттардын жакшы жактарын бекемдеп, калк арасында жайылтууга, жаман жактарын кыскартууга комоктошуу аркылуу улуттар аралык ынтымакты бекемдоо өз салымын кошуу.
Жаштар арасында идеологиялык-тарбиялык багытта угут-насаат иштерин жургузуу.
Кайрымдуулук маданиятын калыптандырууга жамаат ичинде иш алып баруу, жетим-жесир, бей-бечарага жардам корсотууго комоктошуу.
Өз ишмердуулугундо кесиптик жана турмуштук тажрыйбаларын жаштарга, кийинки муундарга откоруп беруу боюнча иш алып баруу, аны натыйжалуу пайдаланууну уйротуу.
КР мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердуулукту жургузуу.
3.1 «Даткайым» тобуна мүчөлүккө кируу ачык принципте жургузулот, мүчөлүккө 40 жаштан жогору курактагы ушул Уставды кабыл алган жана аны аткарууга макул болгон КР жарандары кабыл алынат.
3.2 мүчөлүккө кируу жана чыгуу ыктыярдуу турдо болот. мүчөлүккө кабыл алуу «Даткайым» тобунун жалпы чогулушунун чечиминин негизинде жургузулот. Ал эми мучолуктон чыгып кетуу арыздын негизинде жургузулот . Мучолуктон чыккан жарандын
мулктук дооматы кабыл алынбайт.
3.3 мүчөлөрду кабыл алууда жалпы чогулуштун чечими мүчөлөрдун 50% +1, б.а жарымынан ашык добуш бергенде легитимдуу деп эсептелет.
4.1 «Даткайым» тобунун жогорку башкаруу органы болуп мүчөлөрдун жалпы чогулушу эсептелет.
4.2 Жалпы чогулуш бир жылда бир жолудан кем эмес откорулот, ал эми зарыл болгон учурда топтун негиздоочулорунун 50% ашууну (жарымынан кобу) макулдугун бергенде чакырылат.
4.3 Жалпы чогулуштун чечими мүчөлөрдун 70% ашууну катышканда, алардын 50% плюс бир киши добуш бергенде легитимдуу деп эсептелет.
4.4 Жалпы чогулуштар арасында топту башкаруу аткаруучу органга – тен торайымдарга жуктолот. Ал учун эки тен торайымдар жалпы чогулушта шайланат. Шайлоо мүчөлөрдун 70% кем эмес чогулушунда, катышкандардын жонокой копчулук добуштары менен шайлангандыгы аныкталат.
4.5 Торайымдардын милдеттери эки башка болот. Биринчи тенторайым - уюштуруу иштерине, тышкы байланыштарды тузууго, топтун стратегиялык пландарын ишке ашыруу боюнча аракеттерди жургузот, ошондой эле каржы маселелерине жооп берет жана окулчулук милдетин аткарат. Экинчи тенторайым - топтун чыгармачылык программаларын иштоого, аларды жузого ашырууга, ишмердуулугун даназалоого, оркундотууго, чыгармачыл байланыштарды тузууго жооп берет.
4.6 Башкарууга тийиштуу маселелерди эки тенторайым биргеликте чечишет. Келишпоочулук чыккан кезде жалпы чогулуш чечет.
4.7 Топтун ишмердуулугун көзомолдоо органы болуп 3 кишиден турган Байкоочулук кеңеши, анын курамында 1-2 кишиден турган текшеруу комиссиясы эсептелет. Бул органдардын курамында топко мучо болбогон, бирок ишмердуулугу «Даткайым» тобунун миссиясына дал келген жарандар болушу мумкун.
4.8 Көзомолдоо органы- Байкоочулук Кеңеши жана ревкомиссия жалпы чогулушка баш ийет жана жалпы чогулушка бир жылда бир жолу өз ишмердуулугу боюнча отчет берет.
5.1 «Даткайым» тобунун мулкун ага караштуу материалдык баалуулуктар жана финансы каражаттары тузот.
5.2 «Даткайым» тобу Уставда корсотулгон максаттар учун жогоруда корсотулгон мулкту пайдаланат.
5.3 Уставдагы ишмердуулукту жузого ашырууда топ, спонсорлор, донорлор тарабынан ыктыярдуу турдо ыйгарылган материалдык жана материалдык эмес (м.: интеллектуалдык) каражаттарды пайдалана алат.
5.4 «Даткайым» тобунун мулку төмөнкү булактардын эсебинен туптолот:
- Уюштуруучулардын жана мүчөлөрдун, ошондой эле жеке инсандардын, турдуу
менчиктеги мекеме уюмдардын, фонддордун ыктыярдуу салымдарынан;
- Өздук ишмердуулугунон (Уставка жараша жургузулгон чарбалык, ишкердик
аракетинен) келип чыккан кирешелерден;
- Бул кирешелер коммерциялык эмес уюмдарга таандык болгон принципке ылайык
мүчөлөр арасында болунбойт, «Даткайым» тобунун уставда корсотулгон миссиясын
аткаруу учун сарпталат.
- «Даткайым» тобунун мулктук менчигинен тушкон кирешелер;
- Кайрымдуулук акциялардан, оноктук чаралардан, выставкалардан, ярмаркалардан жана
башка иш чаралардан тушкон каражаттар жана материалдык баалуулуктар;
- Эл аралык жана жергиликтүү уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан, ОЭУлардан,
гуманитардык жардамдардан тушкон каражаттар;
- КР мыйзамдарына жана Уставка каршы келбеген башка булактардан тушкон
каражаттар.
5.5 Жогоруда аталган булактардан тушкон кирешелер «Даткайым» тобунун менчиги болуп эсептелет жана ушул уставка ылайык жумшалат.
5.6 «Даткайым» тобу уюштуруучулардын, мүчөлөрдун милдеттенмелери боюнча жооптуу эмес, ошондой эле уюштуруучулар жана мүчөлөр бул топтун милдеттенмелери боюнча жоопко тартылбайт.
5.7 Мучолуктон чыккандар «Даткайым» тобунун мулкуно атаандаша албайт, жана доо кое албайт.
6.1 «Даткайым» тобунун ишмердуулугу уюм кайрадан уюшулганда, жалпы чогулуштун же КР мыйзамдарынын талаптарына ылыйык соттун чечиминин негизинде жоюлганда токтойт.
6.2 «Даткайым» тобунун мулку уюм жоюлган учурда уюштуруучулардын арасында болунбостон, Уставда корсотулгон максаттарга жумшалат.
6.3 Уставка өзгортуулор киргизилгенде кайрадан катталат.
Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы |
З.Туяков |