Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 128
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 17-сентябрындагы № 332-08-6 Ош шаарындагы жүрүгүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысынын тарифин кароо жөнүндөгү катын жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №68 корутундусун карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 27-сентябрындагы отурумунун № 7-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы XXVIII сессиясында кабыл алынган № 239-«Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-кичи автобустарда - 10 сом;
-автобустарда - 8 сом;
-троллейбустарда - 6 сом;
-мектеп окуучуларына автобустардын бардык түрлөрүндө -1 сом;
2.Ош шаардык муниципалдык менчик мекемесинин автоунааларында (автобустарда, троллейбустарда) төмөндөгү категориядагы жүргүнчүлөр акысыз жүрүүгө укуктуу:
-Жашы боюнча пенсионерлер;
-Ош шаарынын Ардактуу атуулдары;
-Ош шаарынын аймактык Кеңештеринин жана Жапалак айылдык аймактык
башкармалыгынын аксакалдар соттору;
-Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери;
-«Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү;
-«Ош шамы» гезитинин журналисттери;
-Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун медициналык кызматкерлери.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т.Сабиров |